Б.Талгарбеков: “Башмыйзамды өзгөртпөй эле, Шайлоо кодексин өзгөртөлү” дегендер, образдуу айтсак, “Жигули” автомашинасына “Мерседестин” дөңгөлөгүн салалы дегендер 

 

Апрель сабактары

- Бекболот мырза, бул айда коомчулуктун көңүлүн бурган окуя бул 3-апрелдеги “Атамбаевсиз КСДП” тобунун жана 6-апрелдеги Атамбаевчилердин съезддери болду окшойт. Кандай жыйынтык чыгарсак болот?

 

- Менимче, “Атамбаевсиз КСДП” тобу олуттуу кадам жасады. Съездде керектүү чечимдер кабыл алынды. Жаңы төрага болуп таза саясатчы, мыкты адис, тажрыйбалуу жетекчи Сагынбек Абдырахманов шайланды. Бир гана түйшөлткөн жагдай - бул Асылбек Жээнбековдун КСДПдан чыгып кетиши. Анын чечимин мен түшүнгөн жокмун. Тарапташтарын оор мезгилде таштап кетти. Эми Асылбектин келечектеги кадамдары кандай болот? Эгер ал кийинки жылы өтө турган парламенттик шайлоого жаңы партия түзүп бара турган болсо, анда туура эмес жолго түшөт. “Каражат кайдан?”- деген суроолор жаралат. А эгер Асылбек “аргамжыны алыс таштап”, 2025-жылдагы парламенттик шайлоону көздөсө, анда утат.

 

Ал эми Атамбаевдин тобунун съездине так диагнозду белгилүү саясатчы Равшан Жээнбеков койду. Ал бир топ убакыттан бери экс-президенттин жанында. Атамбаев көнгөн адатына салып Равшанга тоодой убада берип жатса керек. Бирок Равшан такшалган, кыраакы саясатчы. “Атамбаев - коррупциянын туу чокусу” деген таамай аныктаманын автору. Атамбаевдин, анын командасынын дараметин ичинен талдап, баамдап, алардын келечеги туюк экенине көзү жеткени үчүн ал съездде төраганын орун басары же саясий кеңештин мүчөсү болуудан оолак болду. Бул – “Атамбаев саясий өлүк” деген диагноз.

 

- Бул айда Өмүрбек Бабанов да саясатты кайнатты го...

 

- Ооба, анын бир кадамы туура эмес, бирөөсү туура болду. Туура эмеси - өзүнүн келишин саясатташтырып жибергени. Туурасы - акыл калчап, азырынча келүүдөн баш тартканы.

 

- Ал келиши керекпи?

 

- Албетте. Бирок бир чоң иш жасап, анан келсе жакшы болмок. Ал күчтүү бизнесмен. Кыргызстанга 100 млн. долларлык инвестиция тартып, аймактарда өндүрүш  ишканаларын курса, анда мен да аны аэропорттон тосуп чыкмакмын.

 

Мамлекеттик башкаруунун натыйжасы кандай?

- Өлкөнүн жалпы ал-акыбалына өтөлү. Айрым белгилүү саясий ишмерлер “мамлекет туңгуюк жолдо баратат”- деп коңгуроо кагышууда. Себеби эмнеде? Сиз бул жаатта көп жылдар бою талдоо жүргүзүп келе жатасыз. Учурдагы бааңызды уксак?

 

- Өлкөдө мыйзам үстөмдүгү орногондо гана демократия жемишин берет. Ал эми Башмыйзам ошол демократиянын фундаменти да. Кезектеги, 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзам бекем фундамент болуп бере албаганы - учурда айныксыз факт. Кээде мен ал Башмыйзамды Өмүрбек Текебаев “өзүм президент болом” деген ишенимде жазса керек деген ойго келем. Ооба, эгерде табыятынан мекенчил, мыйзамды баалап-барктаган Өмүрбек мырза президент болуп калса, анда ал укук талаасынан чыкпай, ал эми парламенттик башкаруу күчүнө кириши мүмкүн эле. Бирок, Башмыйзам жеке адамдын сапаттарына карата жазылышы туура эмес да. Ал Башмыйзам 2011-жылы жаратылышынан өзүмчүл, айлакер, ач көз президент Алмазбек Атамбаевдин “туткунуна” түшпөдүбү. Ал алгачкы убактан баштап эле чакчалекей, башаламан мамлекеттик башкарууга өткөн. Анан түшүнөн чочугансып, 2012-жылы 28-февралда КТРге маек куруп, “өлкөдөгү башкаруу парламенттик эмес” деп жар салган. “Президент түшүнүктүү адам тура!”- деп коомчулук таң калган. “Эми же толук кандуу президенттик, же толук кандуу парламенттик өлкөгө айлантат го”- деп үмүттөнгөн. Бирок, Фарид Ниязов же башка акылмандары айтса керек: “ызы-чуудан башы чыкпаган парламент, өз алдынча маселе чечпеген өкмөт сизге абдан ылайыктуу”- деп. Ал “жүйөөгө” муюган Атамбаев чакчелекей, башаламан мамлекеттик башкаруу системасын эч өзгөртпөй, күчтөнтүп, аны чеберчилик менен пайдаланып, учурдагы ЖК депутаттары белгилегендей, “коррупциялык, кылмыштуу мамлекеттик башкаруу системасын” бекем орнотуп, гүлдөтүп, аны мураскери Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди. Ал система алигиче өзгөрө элек. Анын келечеги жоктугун, өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болоорун, ошондуктан конституциялык реформаны алга чыгарып, жаңы Башмыйзамды тезинен кабыл алуу зарылдыгын зор тажрыйбалуу мамлекеттик ишмерлер, мыйзам чыгаруу бутагынын корифейлери Медеткан Шеримкулов, Мукар Чолпонбаев, Алманбет Матубраимов, Жумагул Сааданбеков, Абдыганы Эркебаев, Кубатбек Байболов, Адахан Мадумаровдор бир жылдан бери тынымсыз айтып, коңгуроо кагып келишүүдө. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдик мамлекеттик башкаруу системасын сактап, аны менен эле ийгиликке жетишүүнү бекем чечкени да коомчулукка белгилүү. Бул бир жагы саясий эрктин белгиси, экинчи жагы - зор тобокелчилик. Бул – “Кыргызстандын 2024-жылга чейинки тагдыры бир адамдын, тактап айтсак президент Сооронбай Жээнбековдун саясатына, иш-аракетине гана көз каранды, ал эми бийликтин башка бутактары көмөкчү функцияларды гана аткарышат”- деген кашкайган факт, чындык. Демек, учурдагы парламентке же өкмөткө сын айтуу (таратуу, кетирүү боюнча) – бул курулай сөздөр, популисттик кадамдар. Биз де-юре парламенттик, де-факто президенттик өлкөдө дагы эле жашап жатабыз. Болгон айырма - жаңы президенттин тазалыгы жана жакшы ниети бардыгы. Ал эми “Башмыйзамды өзгөртпөй эле, Шайлоо кодексин өзгөртөлү” дегендер, образдуу айтсак, “Жигули” автомашинасына “Мерседестин” дөңгөлөгүн салалы дегендер.

 

Сооронбай Жээнбековдун оор маселелери

- Мамлекеттик бийликтин, же сиз тактагандай, анын ээси президент Сооронбай Жээнбековдун иш-аракеттерин кандай бааласак болот?

 

- Албетте, айрым жакшы жылыштар бар. Өнөктөш өлкөлөр менен мамилелер жакшырды. Экс-президенттин коррупциялык-мафиялык бандасына сокку урулуп, ири уурдоолор ачыкталды. Аймактарды өнүктүрүүгө багыт алынды. Бирок, тилекке каршы, өлкөнүн өнүгүү темпи жакшы эмес, талылуу маселелер чечилбей турат. Мен абактан чыккан бир айдан бери саясатчылар, катардагы жарандар менен пикир алышып келатам. Ага ылайык, эгерде Сооронбай Жээнбековго элдин ишеним рейтинги өткөн жылы апрелде 90-95 пайыз болсо, азыр ал 60-65 пайызга түштү. Бул терең ойлонто турган маселе.

 

- Президентке кандай кеңеш айтат элеңиз? Кандай маселелер чечилбей турат?

 

- Мен коомчулуктун көптөн бери күтүп келаткан талылуу үч маселесин эле айтаар элем.

 

Биринчиси. Инвестиция  тартуу маселеси. Тышкы ири инвестиция келбесе, анда С.Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү программасы чала-бучкак аткарылат да. Мисалы, Өзбекстанга акыркы эки жылда 72 млрд. доллар инвестиция кириптир. Ал эми бизде өткөн жылы инвестициянын көлөмү 30 пайызга төмөндөп, абал начар. Жакында гана, орус президенти Владимир Путин келип, андан соң Россиядан келчү инвестициянын көлөмү  6 млрд доллар деген маалымат таркатылды. Ал реалдуу инвестициябы? Сабак үчүн өткөндү эске сала кетпесек болбойт. Президент Атамбаев 2013-жылы КТРдан сүйлөп, “өлкөгө 5 млрд доллар инвестиция келээрин” жарыя кылган. Эл, “Баракелде, азамат турбайбы!”- деп кубанган. Арзыматтары чуру-чууга түшүшкөн. Ал эмне “инвестиция” эле? Көрсө, Атамбаев, Кытай өзүнө чейин Түркмөнстандан газопровод куруп, аны Баткен жактан алып өтчү чыгымын (1,5 млрд доллар), Россиянын биздин армияга гумжардамын (1 млрд доллар), “Кыргызгазды” бир сомго сатып алган “Газпромдун” божомол чыгымын (0,7 млрд доллар) жана Кытайдан алчу карызды (1,7 млрд доллар), экономикалык жаңы ачылыш жасап, “инвестиция” деп атап алыптыр. Муну эске салганым, азыркы Россиянын 6 млрд доллар инвестициясын калың элге так, таамай көрсөтүш керек. Бул инвестиция  да жетишсиз. Демек, Сооронбай Жээнбековго башка өлкөлөрдөн да ири инвестиция тартуу оор маселеси күн тартибинде турат.

 

Экинчиси. Өлкөдө соттук-укуктук реформа акыркы бир жыл беш айда ордунан жылбады. Өткөндө “Азия Ньюс” гезитине берген маегинде белгилүү коомдук ишмер Султан Урманаев: “Атамбаевдин бийлиги “сот системасын реформа кылам” деп, аны таза өлтүрдү. Адилет, таза соттор өлкөдө дээрлик калбай калды”- деп кейиди. Айта кетсем, биз да, “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин беш мүчөсү, Атамбаевдин азыркыга чейин күжүлдөп иштеп жаткан сот системасынын эбегейсиз жүзүкаралыгын, зордукчулугун башыбыздан өткөрдүк. Мени менен УКМК СИЗОсунда Түштүк Кореялык бир бизнесмен чогуу жатты. Ал айтат: “Мен дүйнөнүн 60-70 өлкөсүндө болдум. Бирок Кыргызстандагыдай мыйзамды тебелеп-тепсеген, зулум, жемкор тергөөчү, прокурор, сотторду көргөн-уккан жокмун. Ал эмес Түндүк Кореяда силерге караганда адилеттүүлүк бар”- деп. Мына, мен, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов үчөөбүз КР Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча (“аймак аралык кастыкты козутуу”) беш жылдан соттолуп, анын үч жылын УКМК СИЗОсунда (ал жерде биз жаткан 1,5 жыл үч жыл деп эсептелет) жана бир жыл үч айын абакта өтөп, учурда үй камагында болуудабыз (калган беренелер боюнча акталганбыз). Эң кызыгы, үчөөбүзгө 299-берене боюнча кылмыш иши козголгон эмес! Бирок бизди чексиз көөп турган Атамбаевдин бандасы мыйзамга какырып-түкүрүп, соттоп салган. Биз абактан чыкканда дүйнөлүк сот тарыхын изилдеп чыктык. Кылмыш иши козголбой соттолгон бир да адамды таба албай койдук. Гиннесстин рекорддор китебине катталсак да болот экен. Жада калса, 1937-38 жылдардагы мыкаачы саясий репрессияда да формалдуу түрдө кылмыш иш козгоп коюшчу экен. Анда, каяктагы “сот-укуктук реформа” жөнүндө кеп кылсак болот? Анан кантип бизди “жапайы өлкө” деп аташпасын?! Сооронбай Жээнбеков президенттик ишке киргенден тартып сот-укук тармагында бир гана жакшы иш жасалды. Коомчулук тынбай ызы-чуу болуп жатып, араңдан зорго “соттордун кудайы” Манас Арабаевдин кутулдук. Аны да “таптаза иштеген, момун жигит экен” деп Башкы прокуратура баа берип, бирок Манас негедир “Манас” орденин ала албай кетти. Ал эми Жогорку соттун экс-төрайымы Айнаш Токбаева бир жыл бою Атамбаевдин бузуку сот системасына кол тийгизбей, Жээнбековдун жаңы саясатына тымызын саботаж жасап келди. Чыдамы түгөнгөн президент өткөн жылы 18-октябрда атайын жыйын өткөрүп, “сот-укуктук реформа ишке ашмайынча мамлекет өнүгө албайт. Сот жана укук коргоо органдары терең коррупциялашкан. Биз мындай абалды толугу менен өзгөртүшүбүз керек”- деди. Андан бери сот бийлиги Атамбаевдин “мурасы” -башаламан жаңы кодекстер менен алпурушуп, убара. Качан тармакта коррупция жоюлаары, адилеттүүлүк орноору дайынсыз. Белгилүү устаз, Жогорку соттун экс-судьясы Султангазы Касымов да сот “реформасы” же беш баш-аягы көрүнбөгөн жоопкерсиздикке жаны кашайып, нааразы: “Балык башынан сасыйт дегендей, талапты, тартипти, дегеле жүрөккө тийген реформа деген нерсени тээ 6-7-кабаттан жана Жогорку соттон баштоо зарыл”. Демек, президентибиз чиновниктердин “сот-укуктук реформа ийгиликтүү жүрүүдө” деген отчет-жомокторунан алыс болуп, андан көрө С.Касымов, профессор Назаркул Бопоев сыяктуу тажрыйбалуу адамдардын кеңешин укса болмок.

 

Үчүнчүсү. Коомчулукта бир жылдан бери экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камалып, соттолушун талап кылгандар сан жеткис. Ал эми Элдик Курултайдын аткаруу комитети жакында, 26-мартта өткөргөн жыйынында Атамбаевге карата кылмыш ишти козгоо боюнча Башкы прокурорго он күндүк мөөнөт берген. Бирок ал жактан үн-сөз, кыймыл жок. Кыязы, Өткүрбек Жамшитов президенттин аркасына бекем жашынган көрүнөт. Өзү момун, таза, иштерман жигит экен. “Кайра эле суранып, облпрокуратурага кетип, ордун Феликс Кулов, Өмүрбек Суваналиевге окшогон чечкиндүү, эр жүрөк генерал адистерге бошотуп берсе болмок”- дегендер да бар. Албетте, Атамбаев эртели-кеч сөзсүз камалат, соттолот. Аны создуктура бергенден өлкө да, өзү да утпайт. Мен өткөндө ага катары Алмазбек иниме: “коркпой эле түрмөгө бара бер, сени тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай коргоп алабыз”- деген сунуш айттым эле. Укпады. Түрмөдөн коркуп жатса керек. Коркпой эле, жасаган күнөөлөрүн моюнуна алса, анда Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана башкаларга коюлган коррупция боюнча оор беренелер жеңил, “шалаакылык” деген беренеге өзгөртүлүп, алар болгону шарттуу жаза алышып, сот залынан эле бошоп чыгышмак. Буларды “ондогон, жүздөгөн миллион долларды жеп алышкан”- дегенге учурда эч ким ишенбейт. Бирок, Алмазбек иним күнөөнү аларга оодара берсе, анда сот-прокурорлор Исаков жана анын компаниясын узак мөөнөттөргө соттоого аргасыз болушат. Уурдалып, желип кеткен жұздөгөн миллион долларларга кимдир бирөөлөр жооп бериш керек да! Ушул кашкайган чындыкты Алмазбек иним же түшүнбөй койду, же түшүнгүсү келбейт. Аны өзүмчүлдүгү колу-бутун тушап жатат. Менимче, президент Сооронбай Жээнбеков да Атамбаев камалып, соттолбосо, анда тарыхый акыйкаттык орнобосуна, тынчтык өкүм сүрбөсүнө, өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшпөсүнө көзү жетип калды окшойт. Аракет кылбаса кадыр-баркы төмөндөй берет.

 

- Кийинки, 2020-жылдын апрель айында да президенттин ишеним рейтингине кайрылалы…

 

- Макулмун. Эгерде Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлгөн үч оор маселени ийгиликтүү чечсе, анда кийинки жылдын апрелинде кайрадан элдин 90-95 пайыз ишенимине ээ болот. Чечпесе, анда ишеним 30-35 пайызга түшүп, ар кандай “революционерлерге” жем болушу мүмкүн.

 

Маектешкен

Нургазы Анаркулов

 

Булак: “Майдан.kg” гезити