С.Муканбетов: "КСДПдагы тазалануу демилгеси - Атамбаевди камакка алуу чакырыгынын желаргысыбы?" 

 

Акыркы кездерде өлкөдө болуп жаткан резонанстуу окуялар тууралуу ар кандай, көбүн эсе бири-бирине кайчылаш пикирлер айтылып жатат. Саясый кырдаалды талкулоо үчүн гезитибиз менен туруктуу кызматташып келе жаткан, саясат талдоочу Сабыр Муканбетовго собол салдык.

 

- Сабыр байке, алды менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга болгон сапары, ага байланыштуу “ кайтып келет, келбейт” деген талаш тууралуу кеп салсаңыз. Келет, келбейт деген эмнеден улам... Эмнеге келбеши керек? Же эмнеге келди?

 

- Алды менен, “келбейт, качат” деген сөздөр кайдан, эмнеден чыгып атканына баам салбайлыбы. Азыр өзүңөр көрүп тургандай коррупцияга каршы күрөш болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыгып, мурунку премьер-министрлер, депутаттар, министрлер, бир топ белгилүү аткаминерлер камакка алынды. Коомчулукта, ошондой эбегейсиз коррупциялык иштердин башында “экс-президент өзү турган”- деген айыптоолор ачык айтылып жатат.

 

Элибиз: “Алмазбек Атамбаев өзү башында турган үчүн ушунчалык талап-тоноолорго жол берилип, өлкөбүз белчесинен карызга малынды, болбосо берки камалган чиновниктер мынчалык деңгээлдеги урдоолорго батынмак эмес”- деп ишенип, бийликтен экс-президентти да камакка алуусун талап кылып жатпайбы. “Эртеби кечпи жоопкерчилик болушу керек, акыры бир күнү же камалат, же качат” деп күтүп, ошон үчүн бул тема күн тартибинен түшпөй жатат да.

 

Мамлекетибиз эбегейсиз карызга батып, мамлекеттүүлүгүбүздүн келечегине шек туулганына кыжырданган элибиз ууруларды жек көрүп, камалышын, кусушун көксөп атпайбы.  Ошого байланыштуу, жанагындай “келбейт, качат” деген сөздөр токтобой чыгып атат.

 

Ушул эле теманы экс-президенттин спичрайтерлери да өз пайдасына оодаруу максатында “келбейт дедиңер эле келдиби(?), жанылыпсыңарбы(?), ал келди, себеби күнөөсү жок, коркпойт, ошон үчүн келди” дешип пиар жасаганга да үлгүрүштү. Бирок, баары бир бул Алмаз Атамбаев акталды дегенге жатпайт. Анткени ага болгон ишеним эбак өлүп калган.  Иликтөөнүн жыйынтыгы менен ага да айып тагылып, камакка алынышы толук мүмкүн.

 

- “Уурунун көчүгү кууш” деген сөз бар го? Акыры баары ачыла турган болгонун сезип туруп анда неге изин жашырбай, кайтып келди? Ушуга токтолсоңуз.

 

- Биринчиден, эгерде ал качып келбей койсо маселе бир жаңсыл боло турган жагына ооду демекпиз. “Күнөөсү болгон үчүн качты!” - деген вердикти эл ошо замат коймок. Анда Алмазбек Атамбаев берки эки качкын президенттин категориясына өтмөк. Кыскасы соодасы бүтмөк.

 

Анын кайра кайтып келүүсүнүн сыры, биринчиден анын кол тийбестик статусу бардыгы, экинчиден ага карата азырынча укук коргоо органдары тарабынан тикелей айыптоолор коюла электиги, камактагы “поддельниктери” тарабынан да экс-президентке каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу, үчүнчүдөн “өзүм колдоп шайлаткан бийлик катаал кадамдарга барбайт го (?), сүйлөшүп ала алам!” деген үмүтү бардыгы деп ойлойм.

 

Бирок, өлкөгө кайтып келүүсү менен ал саясый өмүрүн бир азга гана узартты, арты кандай болоору дагы деле бүдөмүк десек болот. Анткени, акыркы кездердеги ЖМКларга чыгып жаткан маалыматтар боюнча экс-президент тынч жатпай ызырынып, саясый күчтөрдү азыркы президент Сооронбай Жээнбековго каршы тукуруп, туруктуулукту бузуп болсо да өч алуу максатын көздөп жатат. Эгер мындай аракеттер улантылып, мыйзамдуу бийликти кулатуу аракеттери орун ала турган болсо, Сооронбай Жээнбеков аны камакка алууга мажбур болот. Башка айласы калбайт. Анткени саясый туруктуулук, элдин тынчтыгы баарынан жогору турат.

 

- Экс-президентке карата нааразычылык эл ичинде эле эмес, Кыргызстан Социал демократтар партиясынын ичинде да жүрүп, “Атамбаевсиз КСДП” урааны менен жер-жерлерде жыйындар өтүп, колдоого ээ болуп жатканы айтылууда. Партиянын борбордук апаратындагылар болсо “бул жыйындар легитимсиз, Сагынбек Абдрахманов эбак партиядан чыгарылган” деген билдирүүлөр менен чектелүүдө. Айрымдар “КСДПны Атамбаевден тартып алуу туура эмес, ал анын жеке менчиги, керек болсо башка партия түзүп албайсыңарбы,”- дегендей пикирлерин айтышууда. Сиз кандай дейсиз?

 

- Биз жогоруда Атамбаевге эл нааразы болуп атканын айттык. Анан эл нааразы болуп атса КСДПчылар эмнеге нааразы болбош керек? КСДПчылар деле ошо элдин арасынан чыгып, ошо партияга мүчө болгондор да. Партиялаштардын арасындагы нааразычылык керек болсо эл ичиндегиден да катуу. Лидерлери президент болуп, өзүм билемдиги менен зордук-зомбулук кылып, коңшу мамлекеттер менен мамилелерди бузуп, жыйынтыгында коррупцияны гүлдөтүп, Кыргызстанды сазга батырып жатса кантип нааразы болушпайт?

 

Ошондуктан айрым саясат талдоочулардын: “бул Атамбаевдин партиясы, тим эле коюш керек, талашпаш керек” деген сыяктуу сөздөрү суу кечпейт. Атамбаевдин баласын, аялын, үй-бүлөсүн тартып алып атса анда бир жөн, анда мен деле айтмакмын, “бул акмакчылык, койгула, токтоткула”- деп.

 

Ооба Алмазбек Атамбаев бул партиянын башкаруучу деңгээлге жетишине салымы чоң, бирок ошол партиянын бүгүнкү кейиштүү абалына да күнөөкөр өзү да. Партия жетекчилигине ууру-кескинин баарын жыйнады, ал шыбагалаштары коррупция боюнча айыпталып камалып жатышат. Анан ушундай кырдаалга, көптөгөн жылдар бою партияга эмгеги сиңген, партияны бийликке жеткирген, миңдеген, карапайым КСДПчылар кандай реакция кылышы керек? “Ураа молодец!”, деп кол чабышабы? Кыжырлары кайнап жатпайбы...

 

Ошон үчүн Сагынбек Абдырахмановду барган жеринде колдогондор көп болуп жатат. Ал ошо КСДПчылардын жүрөгүндөгүнү айтып жатат. Партиянын борбордук штабы болсо, көнүмүш болгон, “Сагынбек Абдрахманов партиянын мүчөсү эмес, ал эбак партиядан чыгарылган, жыйындар легитимсиз” деген дежурный фразаны кайталагандан башкага жарабай келет. Балким, так ошо, Сагынбекти партиядан мыйзамсыз чыгаруу чечими кандайдыр бир деңгээлде “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймылдын жаралышына себепкер болгондур? Ойлонушпайбы өзүлөрү... Сагынбек Абдырахманов карапайым партиялаштардан эле эмес, таасирдүү КСДПчылардан да колдоо таап жатканын көрүшпөйбү?

 

- Жакында Жогорку Кенештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын активистери менен жолукту. Коомчулук ичинде да “фракция дагы партия лидерин алмаштыруу идеясын көздөгөндөргө кошулган тура” деген кеп тарап, партиянын борбордук штабы Иса Өмүркуловду боктоп баштады. Фракция лидеринин бул кадамын кандай баалайсыз?

 

- КСДП партиясы менен анын ЖКдагы фракциясынын оту бүгүн эле күйүшпөй калган жок. Алардын ортосундагы ажырым Атамбаевдин туулган күнүндө эле ачык байкалып, фракциянын көпчүлүгү партия лидеринин чечимдерин аткарбай, чакырса барбай калганда эле билинген. Азыр жөн гана ачыкка чыга баштагандагы кездери. Мындан ары ажырым күчөй берет.

 

Партия лидери менен фракция депутаттарынын ортосундагы мамиленин солгундашы ТЭЦти модернизациялоо, Тарых музейин реконструкциялоо, “Белизгейт ж.б.у.с. чуулгандуу коррупциялык иштер ачыкталып, ал иштерге кыйыр түрүндө экс-президентке карата шектенүүлөр жаралганда эле башталып, анан Сапар Исаков сыяктуу шакирттери камакка алынгандан кийин депутаттар түңүлүп, мындан ары бирге боло албастарын түшүнө башташкан. Жер-жерлердеги карапайым КСДПчылардын “Атамбаевсиз КСДП” кыймылын колдоого алып жатышы да фракция депутаттарынын партия лидеринен кол үзүүсүнө таасири зор болду десем жаңылышпайм. Ансыз да парламентке болгон ишеним өтө төмөндөп, элден сөгүү гана угуп турган маалда, элге ыктоодон башка аргалары жок болчу.

 

Фракция лидери Иса Өмүркулов деле шашкалактап, дароо эле Сагынбек Абдырахмановду колдоп кеткен жок. Үч-төрт айдан бери күттү, элдин, партиялаштардын, фракциялаштардын пикирин байкап, анан ошондой терең ойлонулган чечимге барды деп ойлойм. Фарид, Кундуз, АШАга кошулса элге жек көрүндү болоорун, партиялаштарынан да, фракциялаштарынан да айрылаарын көрдү. Туура чечим болду, АША менен кошо элге жек көрүндү болгончо Кундуздун боктогонуна кабылганды туура көрдү. Ал эл тарабын тандады.

 

Андыктан, мен айтаар элем - бул Иса Өмүркуловдун жалгыз чечими эмес, бул фракциядагы депутаттардын көпчүлүгүнүн маанайына жараша кабыл алынган чечим десек болот. Андыктан, Атамбаев фракция лидерин эле шыбатып, өзүн өзү алаксыта бербей диагнозду туура коюп, карапайым партиялаштарынан да, фракциясынан да кол жууганын моюндашы керек. Шыбатса Сагынбек Абдырахмановду эле эмес, карапайым партиялаштарын түгөл шыбатып, боктотсо жалгыз Исаны эмес, фракция депутаттарынын баарын боктотушу керек. Анан минтип, талаада калганын билмексен болуп, Иса менен эле Сагынбекти көрүп өзүн сооротуу пайдасыз, “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей эле кеп.

 

- Сөзүбүздүн акырында... демек, сиздин оюнузча Атамбаев партия лидерлигинен четтетилеби?

 

- Партиянын уставына ылайык саясый кеңештин айрым бир бөлүгү сьезд чакырганга укугу бар. Алар сьезд чакырып, күн тартибине партия лидеринин отчетун, уставга өзгөртүү киргизүүнү жана уюштуруу маселелерин койсо эмне болот? Атамбаев бир топ убакыттан бери “бети күйүп”, эл чогулган жыйындарга бара албай жүргөндүктөн, “легитимсиз сьезд” деп келбей койсо, “АША бизди тоготпой атат, өзү мейманканада өң тааныштары менен легитимсиз сьезд өткөзүп региондордон келген делегаттарды киргизбей койгон” деп туруп, жаңы төрага шайлап алышчудай эле болуп калды окшойт.

 

- Кандай шартта Атамбаев КСДПны эч кимге бербей өзүндө сактап кала алат?

 

- Чисто гепопатически ойлонсок... Чейрек кылымдан бери партияга өтүп, күбөлүк алган миңдеген КСДПчылардын баарын Сагынбекке окшотуп партиядан чыгарып, азыр ал ишенген, аны колдоп жаткан Фарид, Кундуз, Рита, Темирлан АША өзү анан түрмөдөгү Сапар, Албек, Икрам гана калса (чынында, азыр булардан башка ким калды?) аны төрагалыктан алуу мүмкүн болбой калат, десек болот. Бирок антип, бүт партиялаштарды партиядан чыгара алабы? Андай болгон күндө деле анда буларды партия деп кантип айтабыз? Ал бир кооператив же шайка дегенге тете болуп калат да.

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити, №040 (377), 31-октябрь 2018-ж.