С.Муканбетов: "25 жылдан бери спрутка окшоп, мамлекеттин канын соруп көнүп алган система ким болбосун оп тартып, ороп алып, өз тегирменинин ыргагына салууга тартат.  Ага туруштук берүү өтө кыйын..." 

 

- Бизде азыр жаңы президентке болгон ишеним жогорку деңгээлде болуп, коомчулук жапырт колдоого алып жатпайбызбы. Мына азыр, эски, булганыч, кыңыр иштерге себепкер делген кадрлар кызматтан айдалып, четинен сурак бере баштады. Камакка алынганы, качып кеткендери тууралуу айтылууда. Менин айтайын дегеним, эми мындан аркысы кандай болот (?), деген суроо. Эски кадрлардын ордуна жаңы дайындагандар келип, алар деле, баягы көнүмүш болгон адаттар менен, “даңгыр жол” менен кете берсе кандай болот? Сооронбай Жээнбековдун “адилет болом, эл үчүн иштейм” дегендери кандай аткарылат, анда? Кандай болот ошондо? Ушу тууралуу сүйлөшөлү деп сунуштап жатам, Сабыр байке.

 

- Сен абдан оор суроо салып жатасың. Көзү ачыктарга бериле турган собол да... Бул чынында өтө орчундуу маселе. ЖМКларда, соцтармактарда ушу маселени талкуулап жаткандар бар. Чындыгында эле биз азыр Сооронбай Жээнбековду сүрөп да, колдоп да дуулдап кубанып турган чагыбыз. Анткени анын алгачкы кадамдары коомчулук күткөндөй бара жатат. А биз болсо, көптөн бери тилеген өзгөрүүлөр башталганына кубанычыбыз койнубузга батпай кудуңдап, чын-чынына келгенде эртеңкини ойлогонго жете элекпиз. Эми адам ошондой экен да. Өлсө кайгырасың, төрөлсө кубанасың дегендей... Болгон окуяга, келген маалыматка реакция кылып отура беребиз...

 

Сен айткандай, а чындыгында эле, азыркы башталган өзгөрүүлөр канчалык деңгээлге чейин жүргүзүлөт? Сен айткандай, эскинин кадрлары өз адамдарга алмашуусу менен токтоп, андан ары алардын бакубат жашоосу уланып, элдин көйгөйлөрү экинчи планда кала береби (?), деген суроо ачык турат. Андай болушу да толук мүмкүн. Жаңы президент деле, жаңы дайындалып жаткандар деле адам. Ошо система чоңойтуп-чочойткон. Анан, түзүлүп калган система, ошо системада жашап, өнүп өскөн кадрлар таасир этпей койбойт да. 25 жылдан бери спрутка окшоп, мамлекеттин канын соруп көнүп алган система ким болбосун оп тартып, ороп алып, өз тегирменинин ыргагына салууга тартат.  Ага туруштук берүү өтө кыйын.

 

Мына Сооронбай Жээнбеков ушундай чоң сыноодон өтүшү керек болуп турат. Эрки, күчү, тажрыйбасы жетсе бул сыноодон жүзү жарык өтүп, элдин алкоосуна арзып, мамлекетин өнүктүрүп, тарыхкка алтын тамгалар менен жазылат. Система оп тартып кетсе, баш-учун таба албай, коомду иритип, сазга тыгып, жек көрүндүгө айланат. Анын баары эми алдыда, аны убакыт өзү көргөзөт.

 

- Жаңы президенттин ишине экс-президенттин ичи чыкпай сындап, нааразычылыктарды уюштуруу аракеттерин көрүп жатканы айтылууда. Премьер-министр да ачыктан ачык каршы аракеттерге өтүп, кечээ эле президент тарабынан кызматтан алынган УКМКнын мурдагы орун басары Болот Сүйүнбаевди Финполицияга жетекчи кылып дайындап отурат. Коомчулук, өкмөт менен президенттик институттун тиреши жакшылыкка алып барбасын түшүнүп, туруктуулук бузулуп, ызы-чуу башталаарынан чочулай баштаганы байкалууда. Ушу кырдаал тууралуу кандай ойдосуз?

 

- Алмазбек Атамбаев өзүнүн таасирин калыбына келтирүү үчүн колунан келген аракеттерин кылып жатат. Бирок канча аракет кылбасын баары бир баштагыдай болбойт. Анткени астында такты, башында таажы, колунда мөөр жок. Бакыт кушу учуп кеткенден кийин курулай делдектебей, аброюн сактап, шүк отурса болмок. Бирок ага, антип тынч отурган жыргалчылыкты Кудай буюрбаптыр. Кудай чекесине ушундай күйпөлөктөөнү жазса арга жок да.

 

Серепчилердин көбү Алмазбек Атамбаевдин бийликти кайра көксөп жатышынын эң негизги себептери жөнүндө кеп болгондо эле, биринчи иретте өз кара жанынын азабынан жулунууга мажбур экендигин айтышууда. Себеби, акыркы жылдардагы чуулгандуу коррупциялык иштерди чубаганда жиптин учу экс-президентке барып такалаары байкалып калды.

 

“Элим үчүн, жерим үчүн” деп айкайлап, коррупция менен күрөшүмүш болуп, куугунтуктоолорду жасап, Кудайды оозунан түшүрбөй карганып  ШОУ жасап жатканда тышкы карызыбыз эки эседен арта көбөйүп, коррупция болуп көрбөгөндөй гүлдөп, аттиштин баасы 600 долларга жетип, Атамбаев мультимиллионерге айланганы ал кызматтан кеткенден кийин кеңири белгилүү болуп, жетекчилик кызматтагы куйруктары менен жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги ачыктала баштады.

 

Ошондон улам, будамайлатып, ызы-чуу кылып болсо да бийлик структурасындагы ууру-кески шакиртерин сактап калуу аркылуу жоопкерчиликтен кутулуу аракетин көрүп жатат. Чүй боорунан активдүү колдоочуларды издештирип, Сооронбай Жээнбековго каршы тукуруп, өлкөнү түндүк-түштүк кылып, бөлүп кайраштыруудан да кайра тартпай тургандыгы 7-апрелге карата жөө жүрүш кылуу демилгесинде ачык байкалды.

 

Сапар Исаков деле Болот Сүйүнбаевди экс-президенттин көрсөтмөсү менен дайындап отурат. Анткени өкмөт башчы өзү да кызыкдар. Коррупциялык иштердин баарына аралашкандыгы ачыкталды. Шефи менен кошо жоопкерчиликке тартылаары турган иш. Ошондуктан алар биргелешип коргонууга мажбур. Бирок, кечээ эле “коррупциялык иштерди крышевать этет” деген айып менен Абдил Сегизбаев менен кошо кызматтан алынган Болот Сүйүмбаевди кайрадан мамлекеттин экономикалык кылмыштар менен күрөшүүчү эң негизги кызматка дайындоосу өтө осол болуп калды. Коомчулуктун эски бийликтин куйруктарына болгон жийиркенүүсү ого бетер күчөп, Сооронбай Жээнбековго болгон колдоо өсүп, элибиз президенттен чечкиндүү кадамдарды күтүп, эскинин саркындыларынан тезинен кутулуусун тилеп турат. Атамбаев менен Сапар Исаковдун бул кадамы тетири эффект берип, өкмөттүн өмүрүн кескин кыскарышына алып келип, отставкасын тездетет дегендер да толтура.

 

- КСДП фракциясынын депутаттары менен жолугушуусу да өкмөттүн жылдык отчетун колдоп, отставкасын болтурбай сактап калуу аракеттери катары бааланууда. Бирок жолугушууга фракциянын жарымы араң барганы деле, анын партиясы аркылуу депутат болгондордун көбүнүн көнүлдөрү айнып калганын билдиреби? Канчалык деңгээлде фракция аркылуу Жогорку Кеңештеги таасирин сактап калуу мүмкүнчүлүктөрү бар?

 

- Жарымы барса эле жарымы колдойт деп түшүнбөө керек. Сыйпайгерчилик кылып баргандар бар. “Агониясы кандай өтүп атат экен” деп табалап, көргөнү баргандар да бар. Башка фракцияларды кой, КСДП фракциясын көзөмөлдөп, ал аркылуу Жогорку Кеңешке таасир эте албай калды десек болот. Алты жыл АШАны көргөндө гипноздогондой дудук болуп калмайы бар Момбеков бадылдап, айтышып аткандан кийин түшүнүктүү да жагдайы... Балтыр бит башка чыкканда ... дечү беле мындайды.

 

- Эми КСДП фракциясынын жетекчилиги деле кырдаалды байкагандан кийин бир чечимге келип, экс-президентти тыйып, же тыя алышпаса кол үзүп кетишпейби? Жогорку Кенеш деген мамлекеттик бийликтин чокусунда турушкандан кийин буларда элди, жерди, мамлекеттик кызыкчылыкты ойлоо деген жоопкерчилик болуш керек да. Кандай дейсиз?

 

- Кыргызда бакыт кушу кимдин башына консо ошону сагаалап, кечээки көз карашын унутуп, 180 градуска бурулуп кетме саясатчылар толтура. КСДПнын башында тажрыйбалуу саясатчы Иса Өмүркулов турбайбы. Анан ал дагы жеңил-желпи ой жүгүртүп, АШАны “послать” этип кетсе аброй табабы? Мосту өрттөп салыш оңой. Анан эмне болот? Абал курчуса кантебиз? Ким токтотот? Ансыз да АША тигинтип жулунуп, коогалаң уюштурам дегенсип жатканда кой-ай деп, эки тарапты тең сабырдуулукка чакырып турган киши да керек да.

 

- Сабыр байке, анан эми, ушу демократия анан тартип маселесине көңүл буралы дегим келип жатат. Сөз эркиндиги, адам укугу деп келебиз. Эркиндик көп болуп, митиңгдер токтобой, иштеп өнүгүүгө убакыт, мумкүнчүлүк калбай эле айлап-жылдап митиңдер токтобогон учурларды деле баштан өткөрдүк. Куугунтуктар, камоолор өкүм сүрүп, митинг кылгандан чочулап жашаганды да баштан өткөрдүк. Эми мына бийлик алмашып, жаңы доор башталып жатпайбы, ушундан улам мыйзам ченемдүү суроо бергендер болуп жатат. Эми кандай болот? Репрессиялар токтосо, эркиндикти сезип кайрадан тынымсыз ызы-чууга, бүтпөгөн митингдерге кирип кетпейбизби?  

 

- “Таяктын эки учу бар” дегендей эле талап катуу болсо тартип болуп, демократия деп эле, ар ким өз билгенин сүйлөп, эч нерсени көзгө илбей кетсе бардак болуп кетээрин көрүп эле келатабыз. Эч жыйынтык чыгара албадык. Ооба, адам укугу басмырланбашы керек, ар ким өз оюн ачык айтып, коомдогу көйгөйлөрдү оңдоого аракет кылууга акылуу. Бирок, “менин укугум бар” деп эле эч нерсени көзгө илбей, тополоң чыкмайынча дугдуңдай бериш туурабы? Андай жоругубуз менен башкалардын, коомдун калган башка мүчөлөрүнүн тынчын алып укугун бузуп жатпайбызбы. Ар кимибизде ички цензура болушу керек да. Ошо жок. Коркутса, камаса гана токтоп атпайбызбы.

Ошондуктан, баары өз өлчөмү менен болуу керек, укугуңду бил, укугуң сакталсын, ошол эле учурда мыйзам бузсак жоопкерчиликке тартылаарыбызды сезип, бийликтен сестенип да турбасак “секире” берет экенбиз. Бул эми жеке тараптардын жоопкерчилиги.

 

Ал эми, коомдогу туруктулук сакталып, өнүгүүгө шарт түзүү милдети, мындайча айтканда негизги милдет, ал мамлекеттик бийликке жүктөлөт. Мамлекеттик бийлик таза иштеп, адилет башкарса коомдо нааразы болгондор азайып, туруктуулук өкүм сүрөт. А эгерде, алкы бузук, маданияты төмөн, жеке кызыкчылын коомчулуктун кызыкчылыгынан жогору койгон наадандар бийликке келсе анда 24- март, 7-апрелдегидей окуялар кайталана берет.

Мыйзамды көзгө илбей, коррупцияга белчесинен батып алышып, анан сын айткандарды, кайра эле ошо, элге эмес, бийликке гана кызмат кылууга өтүп алган мамлекеттик укук коргоо органдарынын колу менен куугунтукка алуу нааразычылыктарды пайда кылып, өлкөдө чыңалууну жаратып, арты кейиштүү окуяларга алып келээрин нечен ирет көрдүк го? Кырдаал курчуп, зомбулук чегине жеткенде камаганың да, атканың да жардам бербей бийликтен куулуп кетериңди бийлик башындагылар билип деле бүттү. Эсибизге келээр мезгил жетти деп ойлойм.

 

Бизде туруктуулукту камсыздай турган эң негизги фактор бул бийликтин тазалыгы, адилеттиги, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп эмгектенүүсү. Ошондо бийликке ишеним болот, өнүгүү башталат. Ошондо да,  тартип үчүн бийликтен сестенип, ийменип, мыйзам бузсаң камалып, жоопко тартылаарыңды сезип, керек болсо коркуп тургандай болуш керек экен деп калдым . Ошондо, камасаң да эл колдойт. Анткени бийлик оппоненттеринен өч алуу үчүн куугунтуктап жатпаганын, элдин ырыскысына кол салгандарды жазалап жатканын көрүп, билип турат. Эми, биз сыяктуу, жаман-жакшыга, уят-сыйытка көз жумуп салмай адатыбыз кала элек, жетиле элек коомго, кичинекей балдарга “бычакты алба, ширеңкени алба” деп тыйгандай мамилени алып салуу эрте, керек учурда колго чаап турбаса болбойт дегенди айтканым да.

 

Ошондуктан, демократия деп эле ар кимди жайына коюп, өзү менен өзү алек болгон бийлик керек эмес. Кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алып, чектен чыгып бараткандарды колго чаап турган адилет, керек учурда каардуу бийлик керек. Кыскача айтканда одоно мыйзам бузгандарды, ууру-коррупционерлерди, “акулаларын” зынданга салыш керек. Эл да ошону талап кылып жатпайбы. Ошондо бийликтен коркуп, ошондо бийликти сыйлайт. Андай болбосо, “жыгачтын жумшагын курт жейт, ...” дегендей бат эле башыңа чыгып алышат. Бардак улана берет. Митингдер боло берет. Анан, кайдагы, өнүгүү, кайдагы бакубат жашоо?

 

- Коомчулукта “камоолор менен коррупцияны токтото албайбыз, коррупцияга жол берген шарттарды, схемаларды жоюш керек” деген пикир айтылууда. Буга кандай дейсиз?

 

- Туура айтып жатышат. Андай, коррупцияга жол ачкан шарттарды жок кылуу керек. Ага каршы эмесмин. Мен белчесинен коррупцияга малынып, өлкөгө эбегейсиз зыян келтирип, калтасын кампайтып алганы ачыкталганына карабай, жоопко тартылгандын ордуна сый-ургалга бөлөнүп жүргөндөрдүү айтып жатам. Аларды көргөн элдин кыжырдануусу токтобой, бийликке болгон ишенимине доо кетээрин, нааразычылыктардын себеби экенин эскертип атам. Анан эмне, андайларды башынан сылап, “дагы улант, уланта бер, үлгү бол” дешибиз керекпи? Кытайлар атып салып атышат го, ит аткандай эле. Биз эми ата албасак да коомдон ажыратып, жабык жакка тыгып салбасак болбойт да. Же эмне, жаштарыбыз “и-ии коррупционер болгон жакшы экен” дешип, 90-жылдардагы “рэкет болом” деген кайталансынбы? Элдин ырыскысына кол салдыңбы, кармалдыңбы, бүттү, эч аёосуз түрмөгө тыгыш керек. Көрүшсүн башкалар. Коркушсун. А то, “акчаң болсо кутулуп кете бересиң” деп калдык.

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити