С.Муканбетов: "Азыркы президенттин деле КСДПдан башка ишенимдүү таянар саясый таянычы жок. Ошондуктан ал, КСДП менен, Алмазбек Атамбаев менен эсептешип, алардын көз карашын эсепке алууга мажбур..." 

 

- Жакында болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан өлкөдөгү коррупция тууралуу сүйлөгөн сөзү жалпы коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынууда. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

 

- Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзү эл тарабынан абдан жакшы колдоого алынды. Анткени президент элибиз көптөн бери көрүп-билип, көксөп келген сөздү айтты. Мамлекетибиздин экономикасы өнүкпөй, жакырчылык күч алып, бай менен кедейликтин ортосундагы ажырым асман менен жердей болуп, адилеттүүлүк менен чындыкты көксөгөн элдин ишеними өчүп, элибиз туш келди самсып, кор болуп жатканы айдан ачык. “Адилеттүү калыс бийлиги бар, бейпил, бакубат жашоосу бар, келечеги камсыз кыргыз мамлекети болсо”,- деп кайсы кыргыз баласы ойлобойт дейсиң? Тилекке каршы, ушуга чейин, тыңчыкмаларыбыздын баары мурдунун учунан алысты көрө албаган ичи тар, ууру-кески чыгып, жеке кызыкчылыктарын гана канагаттандыруу менен алек болуп, өлкө туташ коррупцияга кептелип, шорубуз кайнап жатпайбы. Элдин баары мындай жашоодон тажап бүттү. Тунелдин учунан жарык көргүсү келип жатат. Кандайдыр бир ишеним пайда болушун каалап жатат. Анан ушундай кырдаалда Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы сүйлөгөн сөзү көпчүлүккө кантип жакпасын.

 

Айрыкча укук коргоо органдарына, сот бийлигине карата айтылган сындар калетсиз. Анткени коррупциянын тамыры дал ошол тарапта экени коомчулукка эбак белгилүү болуп калган. Экс-президент деле коррупция тууралуу көп сөздөрдү айткан, камакка алуулар болгон. Бирок, чынын айтыш керек, Атамбаев көбүнесе саясатташкан иштер менен алектенчү жана эч качан коррупциянын очогу болгон укук коргоо органдарын мынчалык сынга алган эмес, тетирисинче аларды өзүнүн “коррупцияга каршы күрөш” өнөктүгүнө колдоно берип, алардын андан ары коррупцияланышына салым кошуп келген десек да болот.

 

- Аныңыз туура. Бирок ошончо сөздөр айтылгандан кийин чаралар көрүлүшү керек да. Ошол эле катуу сынга кабылган укук коргоо органдарынын жетекчилери ордуларынан былк эткен жок. Кайра аларды чакырып алып тапшырма берип атканы коомчулук ичинде катуу сынга кабылып жатат. Элибиз, “бул эмнеси, бизди алаксытып жаткандагысыбы(?), айтып-айтып тим болсо, өзгорүштөр башталбаса өзү эле ит болот” деп жатышат. Сиз кандай дейсиз?

 

- Кылычты кындан суургандан кийин чабыш керек деген кеп бар эмеспи. Эл деген ошондой эффектүү сценаны жакшы көрөт, ошондо кычуусу канат. А бирок ошондой, орустар айтмакчы, “рубит сплеча” кылып, бир экөөнүн башын чапса кычуубуз канганы менен коррупцияга каршы күрөш ошону менен аяктап, иш баштагыдай улана бериши мүмкүн. Андыктан, бул маселеге тереңиреек караш керек. Эң негизгиси президент өлкөдөгү туташ коррупция тууралуу ачык оюн билдирип, бул илдет менен чечкиндүү күрөшөөрүн ачык айтты. Муну менен ал өзүн жарга такады. Айтканын аткара баштабаса, баары өзгөрүүсүз кала берсе сен айткандай элдин ишениминен ажырап, ит болоорун билбейт дейсиңби? Эң сонун билип турат. Ошонун баарын билип туруп, элдин ишенимин актап, мамлекетибизди оң жолго салуу аракетин чын дилден баштап жатат деп ишенип отурам. Колдошубуз керек. Анан эки, үч ай, жарым жылда эч нерсе өзгөрбөсө ошондо деле айтабыз да нааразычылыкты. Туурабы?

 

- Чечкиндүү кадамдардын жок болуп жатышын, коррупциянын сазына баткан укук коргоо органдарынын жетекчилеринин өз-өз орундарында калып жатканы, Алмазбек Атамбаев дайындаган президенттик аппаратын кызматкерлеринин да жаңы президент тарабынан кайра өз орундарына бекитилиши тууралуу коомчулук ичинде талкуу жүрүп, мунун баары экс-президенттин таасири дагы деле күчтүү болуп жаткандыгына байланыштуу дешүүдө. Башкача айтканда Сооронбай Жээнбеков жумшактык кылыппы, коркуппу (?), айтор өз алдынча кадамдарга баралбай көз каранды болуп жатканы байкалууда. Ушинтип, баш көтөрө албай жүрө берсе кандай болот?

 

- Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынын аркасы менен, экс-президенттин жеке колдоосунун аркасында президент болду. Бул айныгыс факт. Ишенимдүү бутуна туруп, аракеттерди жүргүзүү үчүн саясый тирек, таяныч керек. Атамбаев деле жаңыдан президент болгондо жалтактап Жогорку Кеңешке кире албай жүргөнү эсибизде. Азыркы президенттин деле КСДПдан башка ишенимдүү таянар саясый таянычы жок. Ошондуктан ал, КСДП менен, Алмазбек Атамбаев менен эсептешип, алардын көз карашын эсепке алууга мажбур.

 

Бирок ошого карабастан, кечээки Коопсуздук кеңешиндеги сүйлөгөн сөзү абдан чон мааниге ээ дээр элем. Бул сөзү менен Сооронбай Жээнбеков өзүн гана эмес, Алмазбек Атамбаевди да жарга такады. Бул сөз түшүнгөн кишиге: “Коррупция менен күрөштү улант дедиңиз эле мына күчөтүп атам. Сиз ишенип дайындап кеткен кадрларыңыздын баары коррупционер болуп чыгып атса эмне кылайын. Мен элге убада берип койгом. Коррупцияга каршы күрөш токтобойт. Ушуну билип койуңуз!”- деген, экс-президентке багышталган эле сөз болду.

 

Эми Алмазбек Атамбаев ойлонуш керек. Жаңы президент коррупцияга каршы чечкиндүү кадамдарга дайын экенин кыйытып жатса, “жок, аныма тийишпе, мунума тийишпе, кайниме тийишпе, коррупционер болсо да тийбейсиң”, - деп кантип айтат. Ууру-кески шакирттерин калкалайм деп чыгабы (?), же жаңыдан тактыга отурган президент досуна жоо болгончо деп, жанынын тынчтыгына карап, “колуңар менен жасаганды моюнуңар менен тарткыла” деп коррупционер шакирттерин салып береби? Кеп ушунда...

 

Көрдүңөрбү кандай маанилүү чекке жеткизген сөз айтылганын. “Керегем сага айтам, келиним сен ук. ...” деген кеп. Ушуга чейин үзөнгүлөш болуп келген дос, бийликке алып келген соратниги таразанын бир жагында, коррупция менен күрөш, элдин келечеги, мамлекеттин тагдыры таразанын экинчи жагына коюлуп жатпайбы. Анан, эң негизги соратнигине, досуна айтпай туруп оңдү-солду кылыч шилтегени туура болот беле? Бир ооз айтыш керекпи? Анан да, публично, жалпы эл алдында айтылды.  Ошондуктан, мындайда шашпай кыймылдаганы туура деп эсептем. Анан акыры барып коррупция боюнча иштерден жыйынтык чыкпай, экс-президентке көз карандылыгы улана берсе, анда “шибегени капка ката албайсың”- дегендей, ал күзгө чейин эле белгилүү болуп, рейтиңг плинтуска түшүп, эл түңүлөт! Азыр түңүлбөй койо туралы. Али эрте.

 

- Эми элди дүрбөтүп жаткан кезексиз парламенттик шайлоо тууралу азыноолак кеп кылалы. Кезексиз шайлоо кимге керек (?), дегенде эле, “Атамбаевге керек, анын бийликке кайтып келүүсү үчүн керек” деген сөздөрдү угабыз. Жогорку Кенешти таркатууга негиз барбы? Мыйзам жол береби, кимге зарылчылыгы бар? 

 

- Бул тууралуу абдан көп айтылды, азыр да ЖМКларда талкуу болуп атат. Бул сөздөр эми, Алмазбек Атамбаевдин: “эски саясатчылардын баарын ала кетем, алып барып таштайм да өзүм кайтып келем” дегенсиген сөзүнөн улам чыкканы белгилүү. Чексиз бийликке, өзүм билемдикке көнүп алган экс-президенттин бийликке кайра кайтып келүү оюу болгон үчүн ушундай кептер тынымсыз жүрүп атат. Убакыттын өтүшү менен экс-президенттин таасири өчүп, ар кошкон коалиция бой бербей,  жаңы президенттин таасири күч алган сайын, ансыз да ичинен ирип бараткан КСДПнын 38 мандаты менен өкмөттү кармап туруу кыйын болуп, бийлик колдон учканы турат. Экинчиден анын айлана-тегерегине президенттик кызматтын акыркы жылдарында топтогон “жаш карышкырлар” командасы да, бийликте сакталып калуу үчүн кезексиз шайлоого кызыкдар. Ошолордун шыкактаганы күч болуп экс-президентти таасирлентип жатышкандай.

Анткени Алмазбек Атамбаевсиз алар бийлик олимпинде сакталып калышы кыйын. Себеби жаңы президент өз командасын топтой баштаганда эл оозуна жаманатты болуп калган эскилердин куйруктары көчөгө сүрүлөөрү шексиз. Ошондуктан алар да жанталашып КСДПнын тизмесине кирип, шайлоо аркылуу бийликти кармап калгылары келип жатат. Бул жоболорун орундатуу үчүн, жаш шакирттери КСДПдан эски ветерандарды да сүрүп чыгууга да даяр.

Бирок, тизме боюнча чыккан пикир келишпестик булардын пландарынын ишке ашуусуна жолтоо боло турган негизги кедерги экени билинип калды. Андыктан кезексиз шайлоо болсо эле Алмазбек Атамбаев кайтып келип, жаш карышкырлар менен бийликти кармап кала алышат деген кепилдик жок.

 

Ал эми, парламент мыйзам чегинде самороспуск, өзүлөрү өз арызы, өз эрки менен таркашы мүмкүн. Анан президент тарката алат. Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алса президент же өкмөттү кетирет, же парламентти таркатат. Баш мыйзам боюнча ушундай. 

 

- Азыркы президент кезексиз шайлоого кандай карайт? Ал үчүн зарылчылыгы барбы, же жокпу?

 

- Азыр экс-президенттин таасири азайып, саясый күчтөрдүн негизги көпчүлүгү жаңы президентке оой баштады. Бул албетте жаңы президентке жагымдуу жагдай. Азыркыдай ийкемдүү парламентти Соке деле колдоно берсе эмнеси жаман. Шайлоо деп убакыт коротпой иш кылса, шайлоого кеткен акча да эконом болсо жаманбы?

 

Бирок менин оюмча, шайлоо-шайлоо дегендер көбөйүп баратса жаңы президент деле макул боло берет деп ойлойм. Анткени ал баарынан утуштуу позицияда – калтасында эл берген алты жылдык мандат турганда - ал эмнеден коркот эле. КСДПнын тизмесине элитанын баары батпайт да. Сооронбай Жээнбековду колдогон башка тизмедегилер жеңиш менен чыгып, Алмазбек Атамбаевдин тизмеси фиаского учурап калышы да толук мүмкүн.

Себеби кезексиз шайлоонун жыйынтыгынан президенттин тагдыры да чечилет. Атамбаев кайрылып келип спикер болуп алса, Соке ошону менен өчөөрүн билбейт дейсиңби? Билет. Ошондуктан, эгер, кайра шайлоо боло турган болсо, анда Сооронбай Жээнбековду колдоп, таяныч боло турган, ишенимдүү жеңишти камсыз кыла турган партиялык тизме сөзсүз ат салышаарын бөркүңдөй көрсөң болот. Керек болсо так ушул жагдай чечүүчү ролду ойноп, экс-президентти амбициалуу пландарынан баш тарттырышы толук мүмкүн.

 

- Жогоруда “экс-президент кайтып келип спикер болсо Соке очөт” дегендей айттыңыз. Ушу темага кичине кайрыла кетели. Эмне үчүн, партиялашы, соратниги, досу бийликке кайрылып келип консо Сокеге кооптуу болот? Түшүндүрмө берсеңиз.

 

- Биринчиден “эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт” деген бар. Экинчиден Алмазбек Атамбаев табиятынан экинчи ролдо жүргөндү жактырбайт. Биринчиликке ал көнүп да алган. Андан тышкары “бийлик колдон кеткен” деген кандай болоорун да көрүп калды. Мурдагы убап-чубап келип аткандардын аягы суюлуп, сөгүп-сакканга киши жок... (күлүп), элдин баары башка жакка жүгүрүп... Ишенген досу да тактыга отургандан кийин, элдин тагдырын ойлошу керек болуп, пикирлер кайчылаша баштады... Былыктар да чубура баштады... Азыр ичинен кекенип, “силердиби, кайра келсем...” деп кекенип, ошонун айласын кылып жатат дегенге толук негиз бар.

 

Сапар Исаковдун оозу менен “таза парламенттикке өтөбүз, президентти парламенттен шайлайбыз” дедирткенин билесиңер. Анан өтө кекчил. Айоо сезим деген жок. Канчалаган саясатчыларды алдап, колдонуп бүткөндөн кийин баарын жайлап келет. Андыктан кезексиз шайлоо өткөзүп, эки партиясы менен 51 пайыз мандатты  утуп келе турган болсо, спикер болуп, же “лидер правящей партии” катары эле эки тизгин бир чылбырды сразу колго алат. Ошондо көзүн караган спикер, премьер-министр турса ыйгарым укуктары акыркы референдумда кескин кыркылган Сокең отуруп эле бербейби. Таарыхта бары жогу билинбеген, эрки жок, мажүрөө катары калат да. Артынан референдум өткөзүп, баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, президенти Жогорку Кенештен шайламай кылса эмне кылат. Омбудсменге окшоп ЖКга отчет бере албай кагуу жеген бир байкушка айланат. Анан, керек болсо, мындай кызматтын кереги деле жок деп чыгышып президенттик институтту  жоюп, Жогорку Кенештин төрагасы, же премьер министр мамлекет башчысы дегенди киргизип, -“мына эми даана парламенттик республика болдук, кереги жок институтту жойдук, 700 млн сом жылына коротпой калдык” десе эмне дейсинер? Саясатта достук жок! Досум деп аяп отурмак беле, анүстүнө, досу да анча мынча өз алдынчалык көрсөтүп, шакирттеринин былыгын чукуп жинине тийип, экстин кекенип турган кези.

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ,

Булак: “Майдан.kg” гезити