К.Зулушев: "Бүгүн сот системасына нааразылык абдан күчөдү. Чындап башынан карап, керек болсо ар бир соттун чыгарган чечимдеринен бери тактай турган мезгил талабы болуп калды окшойт..." 

 

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев сот реформасын жаңы этап менен кайра баштоо зарылдыгын белгилеп, соттор адилеттиктен тайып кеткенин, адам укуктары тепселенип жатканына токтолду.

 

 

- Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттеги коррупциянын тамырлашып кеткенин баса белгилеп, аны менен катар сотторго, сот реформасына өзгөчө көңүл бурду. Сот системасынан чыккан адис катары бул сөздөр сиздин намысыңызга тийген жокпу?

 

- Президенттин Коопсуздук кеңешиндеги сөзү, доклады мени аябай канааттандырды. Сот реформасындагы, жалпы эле укук коргоо системасындагы көйгөйдү ичинен билген адам катары так жана даана айтты.

 

Сот реформасы бүгүнкү күндө жаңы этап менен башталып, кайра аягына чыгыш керек. Соттун чечимдеринин, кылмыш иштери боюнча өкүмдөрүнүн, ал жерде соттук иштердин кыскаргандыгы, өкүм чыкпай калгандыгы тууралуу баяндамада айтылгандар мага жакты.

 

- Былтыр июнь айында президент Алмазбек Атамбаев сот реформасынын беш жылдыгына арналган жыйында “Кыргызстанда сот реформасы абдан ийгиликтүү жүрдү, биз соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгүн жаңыладык, материалдык техникалык базасын да чыңдадык, биздин соттор башкача иш алып бара баштады,”- деген эле. Бир нече айдан кийин азыркы президенттин сот системасына берген баасын сиз кандай кабылдадыңыз?

 

- Муну эки түшүнүк менен караш керек. Биринчиден, мурдагы президенттин айтканы боюнча сотко, укук коргоо органдарына тиешелүү мыйзамдар кабыл алынды, ошол реформага ылайык жети-сегиз кодекс кабыл алынды, соттор 100% алмашты. Бул реформанын биринчи кадамы.

 

Бирок эми экинчи кадамды алып карасак, ошол алмашкан соттор бүгүн кандай иштеп атат? Жаңы шайланганда алар жакшы иштегендей көрүнгөн. Бирок бүгүнкү абал, бүгүнкү сот процесстери, бүгүнкү чечимдер Сооронбай Шариповичтин кайрылуусунда даана, так көрсөтүлдү. Негизинен кемчиликтер аябай көп.

 

- Соттор саны жагынан жаңыланды, бирок сапаты жагынан адистик деңгээли жогорулап, мыйзам үстөмдүүлүгү сакталбаптыр дегенди билдиреби?

 

- Сакталбады, начарлап кетти. Реформа бул жакшы ниет менен кадр алмаштыруу, жакшы ниет менен кодекстерди алмаштыруу аракети болду. Бирок сот реформасы кадр алмашуу менен гана аягына чыкпайт да. Ошол тандалып алынган кадрлар бүгүнкү күндө сот системасынын аброюн түшүрүп койду. Себеби мыйзамдарды колдонууда кайчы практикалар кездешип, адамдардын укугу тебеленип жатат. Бүгүн сот системасына нааразылык абдан күчөдү. Чындап башынан карап, керек болсо ар бир соттун чыгарган чечимдеринен бери тактай турган мезгил талабы болуп калды окшойт.

 

- Эл аралык уюмдар “Кыргызстандын соттору бийликтин куралы болуп жатат, саясий чечимдерди чыгарган учурлар кездешет. Соттун көз карандысыздыгы деген принцип бузулуп, сот акыйкаттыгы жоголуп баратат,”- деп коңгуроо кагып, коркунуч катары белгилеп жатышат.

 

- Акыркы убактагы саясий жана башка иштер боюнча айтсак, сот болуп мурда иштегендиктен, иш менен таанышпай, толук чоо-жайын билбей туруп бир жактуу баа бере албайм. Бирок негизинен үстүртөн баа берсек, чындап соттор бүгүн адилеттүүлүктөн тайып кетти. Саясий чечим, саясий өкүм деген сотто болбош керек. Сотто бир гана мыйзам үстөмдүгү, мыйзамдуу чечим, мыйзамдуу өкүм деген түшүнүк бар. Сот адилеттүүлүгү ошондо жүзөгө ашат, адамдардын укугу корголот жана сотко эл ишенет. Мен дагы мыйзам үстөмдүүлүгүнүн орнотулушун каалайм. Эгер сот мыйзамсыз чечим кабыл алса жазалашыбыз керек. Ошондо бул токтосо керек. Негизи мамлекетте адилеттүү, көз карандысыз сот болмоюнча адам укугу да корголбойт, мамлекет өзү да экономикалык жактан өнүкпөйт.

 

- Мына сиз бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутатысыз. Парламент мамлекетте мыйзамдардын аткарылышын, адам укуктарынын урматталышына, фундаменталдык баалуулуктардын сакталышына көз сала турган күчтүү институт. Бүгүн силер өз милдетиңерди так аткарып жатасыңарбы?

 

- Албетте, кандайдыр бир деңгээлде аткарып жатабыз. Бирок толук канааттандырарлык аткара албай жаткандай сезилет. Себеби, биз мыйзам кабыл алгандан сырткары, сиз өзүңүз айткандай, бүгүн парламент ошонун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүдөн аксап турат.

 

- Курманкул мырза, мен сизден мурдагы сот, юрист катары сурайын деп турам. Президент Коопсуздук кеңешинде өлкөдөгү бир катар белдүү мекемелердин ишин сындады. Башкы прокуратураны, Улуттук коопсуздук кызматын, Коррупцияга каршы кызматтарды атады. Негиздүү фактыларды келтирип, сындагандан кийин ошол кызматтардын жетекчилеринин жоопкерчилиги кандай болот? Алардан кандай жооп күтсөк болот?

 

- Албетте, президент өз сөзүндө укук коргоо жана сот органдары боюнча так маалыматтарды берди. Аталган мекемелердин жетекчилери да жыйынга катышты. Алар өздөрү да ойлонуп жатышса керек. Жарым жыл мөөнөт бербедиби, ошол убакыт ичинде өз иштерин оңдойт же болбосо өздөрү чечим кабыл алышат.

 

Негизинен президент бир-эки эң көйгөйлүү маселени көтөрбөдүбү. Бизде жарандык келишим милдеттенмелери деп коет, эгерде расмий келишим же жарандык жактардын ортосунда келишим болсо, бул жерде кылмыш ишин козгоого болбойт. Аны жарандык сот чечиши зарыл. Бизде ошону “алдамчылык" деп иш козгоп, адамдардын, ишкерлердин укугу тебеленип атат, ушул жагдайды президент абдан негиздүү айтты.

 

Анан Улуттук коопсуздук кызматы, Коррупцияга каршы кызмат жана Финансы полициясы, Башкы прокуратура боюнча айткандары чындыгында даана, так болду. Бул боюнча чечим кабыл алынышы керек. Биз президенттин айткандары боюнча жылсак, коррупцияны бир-эки кадамга ооздуктайт элек. Албетте, эгер ошол жетекчилердин эрки жетсе.

 

Гүлайым Ашакеева

“Азаттык” үналгысы

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05, 14.02.2018-ж.