А.Каримов: Жаңыдан шайланган президенттин бир туугандары мамлекеттик кызматка аралаша баштаса - иштин бүткөнү дей бер...
- Алмаз мырза, экинчи ирет президенттик шайлоого аттанып, бирок бу сапар аягына чейин катышпай, жарым жолдон талапкерлигиңизди алып салдыңыз. Бул жолу аттандаштык бийлиги барлар менен акчалуулардын ортосунда гана болот деген ойдо ушундай чечим кабыл алдыңызбы же анын башка да себеби барбы?
- “Бул шайлоо таза өттү, болуп көрбөгөндөй жакшы саамалыктар менен коштолду”- деп өзүбүздү өзүбүз сооротконубуз менен 2017-жылкы болуп өткөн президенттик шайлоо жакшылап байкаган кишиге 2011-жылдагы президенттик шайлоодон айырмасы деле болгон жок. Сыртынан караган кишиге бул шайлоо тарыхта болуп көрбөгөндөй таза шайлоо болгондой сезилди. Президент биринчи жолу өз ыйгарым укуктарын тынчтык жолу менен өткөрүп берип жаткандай элес калтырды. Бирок, президент баш болуп, “биз тандаган талапкерден башка президенттикке татыктуу адам жок”- деген ойду кыйытты. Талапкер кезинде Сооронбай Жээнбеков да Атамбаевдин жолун улаарын, ал баштаган иштердин аягына чыгаарын айтты. Алар болжогондой шайлоонун жыйынтыгы менен бийлик дагы деле КСДПнын колунда калды. Эми баары алар болжогондой болсо, ушул кезге чейин баш ооруу жаратып жаткан түрдүү маселелер чечилмек турсун, мындан ары улам чиймелишет. Анткени, азыркы чиновниктерде мамлекетти көтөрөйүн, өнүгүшүнө салым кошоюн деген максат жок. Алар жогорку кызматтарга “байыйын, пайда көрөйүн”- деген максатта гана барышып, куру сөз менен гана “мамлекетти көтөрөлү, эл үчүн иштейли” дешет.
Мына ушундай жагдайлардын баарын эске алып, олигархтардын президенттикке ат салышып жатканын көрүп, акыйкаттык көз жаздымда калаарына көзүм жетип президенттикке аттангандан баш тарттым. Себеби, биринчиден акчалуулар менен таймашыш үчүн каражат жагынан тең келе албайм. Экинчиден, Шайлоо кодексинде мыйзамдарды тымызын чалкештирип, башка талапкерлерге тоскоолдуктарды жараткан жагдайларды байкадым. Анткени, Шайлоо кодексинде керектүү адамга мыйзам иштеп, керектүү эмес адамдарга мыйзам иштебейт экен. Ошондой эле бийлик менен соодалашып, эптеп бир кызматка илинип калайын деген максатта президенттикке аттанган талапкерлерди көрүп иренжип, президенттик шайлоого катышып, убара болбоюн деген чечим кабыл алдым.
- Эмне үчүн Сооронбай Жээнбековдун инагурациясына “чет мамлекеттен эч бир президент келбейт”- деген маалымат таркатып жатышат. Биздин жасалма шайлообузду башка мамлекеттер тааныгысы келбей жатабы же башка мамлекеттин президенттерин чакырууну каалашпаганынын сыры барбы?
- Бул жерде эч кандай деле сыр жок. Болгону бул нерсе биздин мамлекеттин сырткы саясатта кадыры өтө төмөндөп кеткенин айгинеледи. Тажрыйбасы жок бирөөнү президент кылып алып, “башка мамлекеттер менен көп векторлуу саясат жүргүзөм” деп, бирок ошол эле маалда жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзө албаганыбыздын кесепети тийди. Башкача айтканда, кыйын эл болчубуз деп тарыхты айтып, өзүбүздү өзүбүз мактап отура бергендин жыйынтыгы ушундай болду. Чынында башка мамлекеттер сенин тарыхыңа эмес, көп учурда экономикаңа жараша мамиле кылышат. Башкача айтканда, мамлекетиңдин экономикасы күчтүү болсо башка мамлекеттер сени менен эсептешет. Ошондой эле сырткы саясаттагы мамилең да чоң мааниге ээ. Сырткы саясатта кадырың канчалык төмөн болсо, бизди кошуна мамлекеттер ошончолук тоготкусу келбейт. Азыр ошондой баш аламан саясаттын жана туура эмес сүйлөп алганыбыздын азабын тартып жатабыз.
- Атамбаев Сооронбай Жээнбековго кандай мамлекетти, кандай чиеленишкен маселени таштап жатат?
- Мен азыркы жашап жаткан мезгилди өткөн кылымдын 1993-1994-жылдарына салыштырам. Себеби анда да азыркыдай кыйын заман болгон. Бирок, союздун калдыктарынан аз болсо да завод, фабрикалар иштечү. Эл коммерцияны эми түшүнө баштаган мезгил болчу. Андан бери канча президент алмашканы менен элдин турмушу 1994-жылдагыдай эле жашоону башынан кечирип жатат. Бир канча жыл өткөнү менен мамлекетте эч кандай өсүү болгон жок. Ага карабай ашмалтайы чыккан мамлекетти ошол эле нукта, ошол эле саясат менен өнүктүрөбүз деп жатышат. Буюрса, инагурация бүтүп, портфелдер бөлүнсө, жаңы мандат алган президенттин кайрылуусунан дагы кандай багытка бурулганыбызды байкайбыз.
- Айрым аналитиктер, саясый серепчилер “эми маселе Атамбаев менен жаңы шайланып келген Сооронбай Жээнбековдун ортосунда болот. Тиреш курчуп, кырдаал кыйындайт” дешип жатат. Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин жаманын жашырып, жакшысын чыгарабы же элдешкис душманга айланабы?
- Азыркы кландар саясый-экономикалык абалды оңдоордон мурун, ресурстарды, жетекчилик кызматтарды бөлүшө баштайт. Майлуу, сүттүү кызматта жүргөндөр капыстан кызматынан четтеп калган болсо, тымызын, элитанын арасында тиреш жаралат. Бирок, тиреш канчалык күчтүү болсо да, булар 7-8 айга чейин конценсуска келип, тирешти байкатпай иштеши мүмкүн. Бирок, маселе аны менен эле бүтүп калбайт. Анткени, Кыргызстандын азыркы шартында революция өйдө жактан жактан болбосо да, ылдый жактан башталып кетиши мүмкүн. Анткени, элита өзү менен өзү алек, кызмат талашып, карапайым элди унутуп калат. Мындай учурда эл өзү көтөрүлөт. Себеби, жаңы келген элита дагы мурдагы эле катачылыкты кетирет. Ошондуктан 6-7 айдын ичинде кардиналдуу өзгөрүүлөр болбосо, эл толкуйт.
- Бабанов катар-катар кылмыш ишин козголоорун билип качтыбы же биринчи сокку ага тийерин сезип, жок жерден ооруп Кыргызстандан чыгууга аргасыз болдубу?
- Бабановдун кандай инсан экенин кыргызстандыктар жакшы билет. Ал кандай система болбосун тил табышып, иштеп кетээри белгилүү. Бирок, ал ким менен сүйлөшкөнүн билбейм. Ал өзүн ишенимдүү сезип, “президент болом” деп ачык эле айта баштаган. Кандай саясат орун алып, кайсыл клан жеңип кетсе да Бабанов алардын курмандыгы болду. Карапайым эл менен эсептешпей, кошуна мамлекеттин президентинен колдоо издегени аны аңга түрттү. Эми карга карганын көзүн чокубайт деп коёт. Бул киши алыста жүрсө да, бул бийлик менен тымызын ымалага келиши мүмкүн. Башкача айтканда, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени чечип алышы да ыктымал. Бабанов азыр кимдир бирөөнүн курмандыгы болгону менен келечекте саясатчы катары өзүн көрсөтөт деген ойдомун.
- Иш кайнап жаткан мезгилде мамлекет башчы президенттик такты өткөрүп береринде кыска эмгек өргүүсүнө чыкканы боюнча кандай ойдосуз?
- Президенттин кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгышынын туура жагы да, туура эмес жагы да бар. Туура деп эсептегеним, кетээринде Кыргызстанга дагы душман арттырып, ар нерсени сүйлөбөй, эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени деле жакшы болду. Анткени, туура эмес сөздөрдү сүйлөп, кырдаалды мындан да тереңдетип жибериши ыктымал болчу. Туура эмес жагы - кыргыздар Москвада, Казакстанда паспорттору текшерилип, кыйналып жатканда маселени чечип, аларга колдоо көрсөтчү иштерди жасабай, маселени чечип койбой ,кыска мөөнөттөгү эмгек өргүүгө чыгып кеткени болду. Ошондой эле оң-тескери кептери менен Талас элин дүрбөтүп коюп кетип калды.
- Аида Салянованын инисини атылышы анын депутаттык ишмердүүлүгүнө байланыштуубу же кокустук болдубу?
- Акыркы мезгилде Кыргызстанда бандитизм абдан өнүгүп, топтошу алып, мыйзам бузгандар көбөйө баштады. Аида Салянованын инисинин арты кайырлуу болсун. Бирок, бул нерсени саясаттырыштын кажети жок. Себеби, Салянованын иши боюнча соттун чечими эбак эле чыккан. Кызы чоңойгончо камалбайт. Бул ишти сяасатка байлай турган деле негиз жок. Айтайын дегеним, иниси саясат менен иши жок жеке ишкер экен. Ал экономикалык жактан кыйналып, бирөөнүн байлыгына көз артып жүргөндөрдүн курмандыгы болду окшойт.
- Кыргызстанда сата турган мөңгүдөн башка эч нерсе калган жокпу? Эмне үчүн өкмөт мөңгүлөрдү сактап калабыз деген шылтоо менен “Давыдов” жана “Лысый” мөңгүлөрүн талкалоо сунушу менен чыгып жатат?
- Бул нерсе өтө зээниңди кейите турган маселе болду. Бизде эң акыркы ресурс бул - мөңгү. Талас элинин талабы жана бийликтегилердин портфель талашуусу автоматтык түрдө экинчи планга жылды. Башкача айтканды тирештер унутта калып, кыргыз эли биригип туруп байлыгыбызды сактап калууга аракет кылышыбыз керек деген маселе жаралды.
Бир карасаң бул нерсенин баары канадалык инвестор менен келишимдин туура эмес түзүлгөнү үчүн чыкты. Канадалыктар ишти туура эмес баштаган. Хвостохранилищаларды башка жерге жайгаштырбай алтын казган жердин жанына эле көмө берген. Мөңгүлөрдү албаса мөңгүлөр ээрип, хвостохранлиищага түшүп, катострофа болот деген шылтоону айтып жатышат. Бул өтө чоң айып менен бүтө турган нерсе. Кыргыз мамлекетинин экологиясына келтирген кыянатчылыгы үчүн ошол компания жооп бериши керек. Эмнегедир өкмөт Кыргызстанды эмес, алардын ыңгайына карап иш кылып жаткандай сезилип жатат. “Давыдов” менен “Лысый” мөңгүсүн талкалатып, хвостохранилищени көчүртүп, аларга анын алдындагы алтынды каздырууга шарт түзүп берип жаткандайбыз. Өкмөт кандай мыйзам долбоорун сунуштаса да парламент акылга келип, элге чыккынчылык кылбашы керек. Себеби, мындан кийнки жагдай парламенттин чыгарган чечимине жараша өнүгөт. Анткени, суу алтындан да кымбат. Кыргызга суудан өткөн байлык Алладан берилген эмес. Кандай болгон күндө дагы мөңгүнү талкалатпай сактап калышыбыз керек. Азыркы парламент элди, улуттун келечегин, мамлекетти эске алып каршы добушун берет деген үмүтүм зор. Бирок, ошол эле учурда жогору жактын командасын да аткарып жибереби деген кооптонуум күч.
- Таластыктардын талаптары эске алынабы? Же президенттин сөзүнө теригип, кечирим сурасын деген активисттерди камоо жолу менен коркутуп, үркүтүп жатып бул маселени камоо жолу чечишеби?
- Бул маселе ушундай деңгээлде тура берет. Президент кечирим сурайбы, сурабайбы, ал айткан адамдын абийиринде. Талас эли Манасты окуган журт. Алар президенттин “Казакстанга барып жашагыла” дегенине таарынып жатышат. 6 жыл президент болгон адамдын оозунан ушундай сөз чыкканы албетте, туура эмес болуп калды.
- Президенттин Талас элине карап айтылган ачуу сөзү “Бабановду колдоп койдуңар”- деген максатта айтылган жокпу?
- Бул жерде лидер жок, эл өзү чогулду. Эл өзү чыккан үчүн бир аз баш аламандык болду. Эл өзү чыгып жатканы үчүн “аны башкалар пайдаланып кетеби?”- деген аудио жазуулар да чыгып кетти. Эгерде манипулация кылып, кайсы бир лидерге жан тартканда анда окуя башкача багытта өнүкмөк. Ошондой болсо да мамлекеттик массалык маалымат каражаттары” артында булар турат” деп ар кимдин атын атоого да үлгүрүштү.
- Атамбаев премьер-министр болуп алышы мүмкүнбү?
- Менимче орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. Атамбаев премьер-болуп кетсе эле мамлекет өнүгүп кетпейт. Башкача айтканда, алар элдин алдында жооп бермейин эч нерсе өзгөрбөйт. Себеби, президент, премьер-министрлер алмашканы менен элдин турмушу өзгөргөн жок. Баягы эле нерсе орун алып жатат. Ошон үчүн элдин көзөмөлүн күчөтүп, мындан ары президент, премьер-министрлер эл алдында отчёт бере турган кылышыбыз керек. Менимче азыркы келген президент деле анын премьер министр болушун каалабаса керек. Анткени, ал да өз командасын түптөй баштайт. Мына ушул жагдайлардын баарын эске алганда президент премьер-министр болууга аракет кылбаса керек.
- Сооронбай Жээнбеков такка отура электе эле интрига күчөдү. Анын бир туугандары бийлик бутактарына аралашып, элдин шорун кайнатпайбы?
- Кайсы бир чиновник мамлекеттик кызматтын майлуу-сүттүү жерине отурса, анын бир туугандары депутат же министр болушпасын деген норма киргизип коюшубуз керек. Ошол норманы киргизбесек, андай саясаттын кесепетинен мамлекет жабыркап, президенттин жана башка чиновниктин бир туугандары мамлекетти майкандап жатышат. Менин укканыма караганда, Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков Ошко губернатор болууну мелжеп жатыптыр. Президенттин бир туугандары мамлекеттик кызматка аралаша баштаса иштин бүткөнү. Элдин ишениминин кеткени деп билиши керек. Ошон үчүн Сооронбай Жээнбеков өзү президент болгондон кийин башка инилерин мамлекеттик кызматтарга аралаштырбашы керек. Ошондой эле аким, губернатор деген кызматты жоюшу керек. Анткени, булар бюджетке зыян келтирген, шайлоодо гана пайдасы тийген мекеме. Ошондой эле парламентте 30-35 гана депутат иштей турган кылып, 120 депутатты кыскартыш керек. Болбосо мунун баары ашыкча чыгым болуп, бюджетке гана зыян келтиришет.
Чынайым Кутманалиева
Булак: “Майдан.kg” гезити