К.Ташиев: "Мен Жээнбековду колдоого макулдук берип жатып эч кандай шарт койбогондуктан, Кудайдын жана элдин алдында абийирим таза..."


“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Вечеркага” эмне үчүн шайлоо жарышынан четтегендигинин, жакында түштүктүк саясатчылардан түзүлгөн “улуу төрттүктүн” тарап кетүүсүнүн  себептери жана Бабановго кошулуп кеткен Бакыт Төрөбаевди түшүнбөй тургандыгы боюнча ачык маек куруп берди.


- Менимче бүгүнкү күндүн маанилүү маселеси: президенттик шайлоодо Сиз эмне үчүн Жээнбековду колдогондугуңуз болсо керек?

 

- Бүгүн ар бир кыргызстандык мекен алдындагы жоопкерчиликтүү тандоо алдында турат. Биздин алдыбызда бир гана жаңы президентти тандап алуу эмес, кандайдыр-бир деңгээлде өлкөбүздүн келечегин да аныктап алуу милдети  турат. Жогорку мамлекеттик кызмат орду үчүн күрөш эки талапкерлер - Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабановдун ортосунда жүрөрү белгилүү болуп калды. Ал эми мен өлкөбүздү Жээнбеков башкарыш керек деп эсептеймин. Эмне үчүн? Себеби менин көз карашымда Кыргызстанга эң оболу бейпилдик жана биримдик керек. Саясый турмуштагы биримдик жана тең салмактуулук республикага туруктуу өнүгүүгө, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоп, башка мамлекеттер менен шериктештик мамилелерди түзүүгө шарт түзөт. Жээнбеков бул багытта баардык башка талапкерлерден көптү жасай алат деп ишенем.


- Албетте, сиздин бул жолду тандап алышыңызды, бийлик менен келечекте саясый соодалашууга баргандыгыңыз боюнча сындагандар чыкпай койбойт. Мындай айыптоолорго кандай жооп берер элеңиз?

 

- Мен Жээнбековду колдоого макулдук берип жатып эч кандай шарт койбогондуктан, Кудайдын жана элдин алдында абийирим таза. Биздин ортобузда кызмат ордун соодалашуу жана башкалар боюнча узак сүйлөшүүлөр болгон жок. Сооронбай Шарипович менен бир эле ирет жолугуп, анын жыйынтыгында  чечим кабыл алдым жана аны ошол замат ачык айттым. Башка талапкерлер менен эч кандай көшөгө артындагы оюндарды жүргүзгөнүм жок жана андайга барбаймын дагы.


- Бул чечимиңизди тарапташтарыңыз колдойт деп ойлойсузбу? Анткени адамдар сиз канткен менен шайлоого катышарыңызды күтүшсө керек...

 

- “Ата Журт” партиясынын мүчөлөрүнө жана бизди колдогон жарандарга өзүмдүн позициямды түшүндүрдүм. Партиялаштарым жана шайлоочулар мени туура түшүнүштү жана бул тандоону колдошту.


- Азыр “Ата Журт” партиясынын ишмердүүлүгү улантылуудабы?


- Албетте. Болгондо да ал коомубуздун саясый турмушунда маанилүү ордун сактап калууда. Он эки ата-журтчулар Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын курамында биздин демилгелерибизди көтөрүшүүдө. Ошондой эле партиянын мүчөлөрү аймактарда жигердүү иштешүүдө. Биз келечекте өз багытыбыздан артка кайткыбыз келбейт, тескерисинче биздин иш аракеттерибизди колдогондордун санын көбөйтүп, келечектеги парламенттик шайлоодо көбүрөөк мандат алууну көздөөдөбүз. Кыскасы, келечекте саясый күрөштөргө каттуу даярдыктар жүрүп жатат.

 

- Жакында түштүктүк төрт саясатчылардын бирикмеси тарап кетти. Эмне үчүн шайлоодо таасирдүү күч боло ала турган квартет бириге алган жок?

 

- Биздин төрттүктүн эч кимиси шайлоого даярданбагандыгы көрүнүп калды. Ташиев да, Келдибеков да, Мадумаров да, Төрөбаев да жеңишке жетүүнү айтпай эле коёлу, өздөрүн татыктуу көрсөтүү үчүн да аракет кылышкан жок. Биз бирдиктүү талапкер катары Бакыт Төрөбаевди көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карадык, бирок ал каржы жагынан даяр болуп, кандайдыр бир деңгээлде саясый салмагы болуш керек эле. Бул шарттарга Төрөбаев жооп берген жок. Натыйжада квартеттин төрт катышуучусунун бирин да чыгарбоо чечими кабыл алынды. Мындай шартта президенттик кызматка ат салышуу – демек, амбициянын гана артынан ээрчүү болуп калмак, андан башка аныктама берүүгө болбойт. Мен прагматикмин жана өзүмдүн же башка бирөөнүн көйрөңдүгү үчүн тобокелчилик кыла албаймын.  


- Демек, “Кайра Жаралуу” - “Возрождение” партиясы анын негиздөөчүлөрү ким президенттикке бирдиктүү талапкер боло тургандыгы тууралуу бир пикирге келе албагандыктан гана жоюлуп кеткен турбайбы?

 

- Сыягы, ушинтип айтса да болсо керек. Анткен менен жеке көз карашымда “Кайра Жаралуунун” келечеги кең болчу. Болгону бир аз убакыт жана бул бирикменин катышуучуларынын стратегиялык ой жүгүртүүсү гана талап кылынмак. Бирок биздин ар бирибиздин саясый партияларыбыз бар эмеспи, эми ар кимибиз саясый майданда өз алдыбызча ишмердүүлүгүбүздү жүргүзөбүз. Бири-бирибизге эч кандай милдеттенмебиз жок.

 

- “Республика” менен расмий, юридикалык ажырашуу болдубу?

 

- Азырынча жок, юридикалык жагдайлар азыркыга чейин жөнгө салына элек. Бирок эң негизгиси - саясый бөлүнүү болду. “Республика - Ата Журт” фракциясы бириккен аталыш менен парламенттеги өз ыйгарым укугунун аягына чейин жашайт, биз Бабанов менен ушундай макулдашканбыз. Ал эми ар бир партия өз алдынча аракет кылат.


- Шайлоочулар адашкан жокпу?


- Алгач ушундай көйгөйлөр болгон. Мисалы, бөлүнгөндөн кийин эле биз Ош шаардык кеңешине шайлоого катышканыбызда адамдар бизди “Республика - Ата Журт” партиясына үгүт жүргүзүп жатат деп ойлошкон. Натыйжада шайлоочулар  “Республика - Ата Журт” партиясына добуш беришип,  “Ата Журт” өтпөй калган. Бирок мындай түшүнбөстүктөр артта калды. Ал эми май айында Жалал-Абад шаардык кеңешине болгон шайлоодо адамдар “Ата Журт” партиясына чындап добуш беришти.

 

- Канткен менен сиз эмне үчүн Бабанов менен түзүлгөн альянстан ошол учурда чыгып кеттиңиз?

 

- Биз Өмүрбек Токтогулович менен “Республика - Ата Журт” партиясын ал парламентке өтүшү үчүн түзгөнбүз. Ошентип максатыбызга жетип – 28 мандат алдык. Мен ЖК депутаттарынын катарына кирген жокмун, бирок саясаттан, эң негизгиси партиядан кеткен жокмун. Анткен менен “Ата Журттун” аты менен депутат болгондор “иши бүтүп, эшеги ылайдан өткөн” соң мени андан ары катарга кошпой, ал тургай унутуп да коюш керек деген чечим чыгарышкан окшойт. Бирок мен расмий түрдө парламентте дээрлик чейрек сандагы орунду алган “Республика – Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы бойдон кала бердим, ага карабай мени бир да жолу фракциянын жыйынына, партиялык  жана башка саясый маселелерди талкуулоого чакырышкан жок.


- Ошондо сизди колдонушкан болуп калдыбы?


- Ошондой эле болду окшойт деп ойлоймун.  “Ата Журт” партиясын шайлоого парламентке  депутаттардын көбүрөөк саны менен өтүш үчүн катыштырышты. Андан кийин мени керексиз буюмдай эле ыргытып жиберишти. Ошондуктан 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин мен үчүн көп жагдайларда кыйын кырдаалдар жаралды. Басмырланып, моралдык жактан өзүмдү жаман сезип калдым. Ошол эле учурда ЖКга биздин партиянын аты менен келген депутаттардын Курманкул Зулушевден башка бирөөсү да колдоп койгон сөз айтууга жарашкан жок. Анткен менен бул саткынчылыктан бир жарым жыл өтүп, президенттик шайлоонун алдында бул адамдар кайрадан менин Бабанов менен биригишимди суранышты. Менин партияда кала берип, алардын талапкерин колдошумду каалашты. Бирок мен ошол эле кетменди кайрадан баспай тургандыгымды – мени мурда тебелеп-тепсегенге аракет кылгандар менен бирикпей тургандыгымды ачык эле билдирдим.

- Ушундай саясый окуяларды баштан өткөрүп, Бабанов менен Төрөбаевдин азыркы союзун кандай баалайсыз?


- Мындай саясый жүрүш канчалык туура болгондугу жакын арада билинет. Ага бааны бул альянска добуш бере турган же бербей турган шайлоочулар беришет. Анткен менен мен Бакыт Төрөбаевдин мотивин такыр түшүнбөймүн, себеби ал Өмүрбек Бабанов менен шериктеш катары иштешкен жана бул кандай опурталдуу экендигин билет. Мени бул таң калтырат, Бакыт Эргешовичтин ордунда болсом, мындай кадамга барбайт элем.
 

- Бул союз узак мөөнөттүү боло алабы?

 

- Болоруна көзүм жетпейт. Ал шайлоого чейин эле тарап кетсе да таң калбаймын. Октябрдан кийин бул альянс тарап кетери талашсыз, себеби бул эч кандай саясый команда эмес – болгону эки амбициялуу бай адамдар бийликке келип, бул максатын бири-биринин эсебинен ишке ашыргысы келишет.
 

- Сиздин оюңузча эмне үчүн Төрөбаев азыркыга чейин өз талапкерлигин аларын жарыялаган жок?

 

- Ошону билбейт экенмин. Сыягы, бул Бакыт Төрөбаев өзүнүн компаньонуна толук ишенбей тургандыгын далилдеп турат.
 

- Азыр Кыргызстанда өзүнүн акчасын меценанттык максатка жакшы жумшабаган бай саясатчыларды жана коомдук ишмерлерди каттуу сындап жатышат...

 

 - Чындыгында баары адамдын өзүнө байланыштуу. Бай экендигим менен мактангым келбейт, антсе да каржылык мүмкүнчүлүк болгондо эле аларды адамдарга жардам берүүгө жумшоого аракет кылам. Адам өз элине, коомго пайда келтириш керек деп эсептеймин. Бул менин саясатта каламбы, жокпу мындан ары да бекем карманган адамдык парзым.


- Бул турмуштук милдетиңизди иш жүзүнө кантип ашырасыз?

- Жеке каражатымды Жалал-Абад облусунун айылдарынын жашоочуларынын социалдык маанилүү объектилери үчүн жумшаймын. Акыркы бир нече жылдарда мен спорттук комплексти жана фельдшердик-акушердик пунктту, айылдардын ортосундагы автомашиналар өтүүчү көпүрөлөрдү куруп, бир нече мектептерди компьютердик класс менен жабдыдым. Азыр өзүмүн акчама жол куруп, өтө бузулуп кеткен участокторду реконструкция кылып атам. Мисалы, азыркы учурда Сузак районунун Боз-Чычкан айылындагы айланма жолго асфальт жаткыруу иштери жүрүп жатат. Ал жактын көйгөйү болгон эки километр трасса бүтүндөй илме-тешик болуп калган – машина менен өтө да, жөө баса да албайсың. Жолдун ушул бөлүгүнөн машина менен жүрүү үчүн айылдыктар жарым сааттан убактысын кетиришет. Жол иштери аяктаган соң адамдар мурдагыдай автомашинасы бузулбастан, нервин коротпостон 5-10 минутада өтө алышат.


- Бүгүн үгүт кампанияларына талапкерлер  эбегейсиз соң акча каражатын жумшашууда. Мамлекеттик чоң кызмат ордуна атаандашкан айрым талапкерлердин шайлоо фонду аркылуу расмий короткон суммасы миллиондогон долларларга жетүүдө. Сиз бул өзүн актайт деп ойлойсузбу?


- Актабайт деп ойлоймун. Үгүт баанерлерин жана PR-роликтерди жасоого жумшалган акчалар керектүү максатка жумшашса болмок. Өлкөдө акча каражатына муктаж айылдар, мектептер, бала бакчалар, үй-бүлөлөр толтура. Эгер саясый жарнамасына акчасын чачкан талапкерлер карапайым адамдар чындап муктаж болгон көйгөйлөрдү чечүүгө  жумшашса, анда президенттикке талапкерлерди шайлоочулар өздөрү эле колдоп кетишмек.  Анткени муктаждарга чындап жардам берүү – бул шайлоочулардын ишенимине ээ болуу эмеспи. Болгондо да баардык деңгээлдеги саясатчылар үчүн – ал президенттике талапкер болдубу, депутат же мэрликке атаандашабы.

 

Александра ВАСИЛЬКОВА.

“Вечерний Бишкек” гезитинен которулуп, басылды.