С.Муканбетов: "КСДП бир талапкер менен чыкканда жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болмок. Анан эми, минтип үчөө, төртөө чыгып алса, албетте шанстары кескин төмөндөөрү шексиз..."

 

2017-жылдын 15-октябрына белгиленген президенттик шайлоого байланыштуу өлкөдөгү саясый кырдаалдын өзгөрүүлөрүнө баам салуу максатында сандан-санга белгилүү коомдук ишмер, саясый баяндамачы Сабыр МУКАНБЕТОВ менен болгон маек. Уландысы дагы бар.

 

- Сабыр байке, маегибизди улайлы. Бүгүнкү күндө президент болом дегендер күн санап өсүп баратат. БШКга арыз бергендердин саны 15ке жетти. 2011-жылдагыдай болуп жүздөгөн талапкерлер чыгат деген пикирлер бар. Кандай дейсиз (?), талапкерлердин көп болгону жакшыбы? Же...

 

- Бирөө “э-ээй бок жаман, бок жаман” деп атса, карга учуп келип, “эй, бок жаман эмес, жок жаман” деген экен. Анынсынарындай, “өкүмдар билет, КПСС чечет” дебей, “эл чечет, биз билебиз” деген заман келип, элибиз өз тагдыры өз колунда экенин сезип, баш көтөргөн эр азаматтарыбыздын “мен жарайм, мен болом” деп талпынып чыгып жатышы бул демократиялык нормалардын орной баштаганынын белгиси. Баш мыйзамда, “эл бийликтин ээси, бирден бир булагы” деп турганы жазуу жүзүндө эле кала бербестен иш жүзүндө саясый атаандаштык аркылуу, шайлоо жолу менен эки тизгин бир чылбырды элибиз татыктууга тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экени чоң жетишкендик. Андыктан талапкерлердин ондоп саналганынан чочулап кереги жок. Турмуш, замандын талабы баардыгын өз, өз ордуна келтирет. Мына өткөндө 90го чукул талапкерлер чыкса бу сапар 15-20 менен чектелип атканынын өзү эле элибиздин саясый маданиятынын өскөнүнөн кабар берип турбайбы. Мен ойлойм, дагы бир 10-15 жылда партияларыбыз турукташып, ирилешип, жетилип, кайып-каскагынан чыга калмай токтойт. Президент болом деген адамдар кандайдыр бир мыйзам ченемдүү тажрыйба бере турган жолду басып өтүүсү керек болоору жалпы коомчулук тарабынан таанылып, ким каалаган эле секире бермейлер кескин кыскарып, иргөө да жеңилдеп калат болуш керек.

 

- Эми талапкерлерге өтсөк. Талапкерлердин көбү өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыгып, азыркы 15инин экөөсү “Ак шумкар” партиясынан Темир Сариев, “Өнүгүү-прогресс” партиясынан Бакыт Төрөбаев экөө гана партиялар тарабынан көрсөтүлдү. КСДПнын сьезди кечеңдеп, кайра кайра артка жылып 15-июлда болгону жатса, 1-июлда болуп өткөн “Республика –Ата Журт” дейби, же курултайбы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөтө албай өзүн-өзү көрсөтөөрү маалым болду. Ушу тууралу кыскача пикириңиз?

 

- Жогорку Кеңеште фракциясы бар, аттуу-баштуу партиянын атынан көрсөтүлгөн дурус болмок. Кол топтоо ж.б. кошумча убаракерчиликтер болмок эмес. Ошол жыйында депутат Талант Мамытов тарабынан “Республика-Ата Журт” партиясынын токтому окулуп, партиянын атынан президенттике талапкер катары  Өмүрбек Бабановду аташканын теледен көрдүк. Анан эртеси эле, баары өзгөрүп кетти. Партиянын сьезди курултайга айланып, анан курултайдын атынан талапкерлигин көрсөтүшүп, акыры мыйзамда андай жоктугунан БШКга өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн катарынан барып орун алып калды.  Албетте, партиянын атынан чыкканда эле туура болмок, канткен күндө да, партия деген программасы бар туруктуу уюшма эмеспи. Бул эми партиянын ичиндеги ыйкы-тыйкы, биримдиктин жоктугунан кабар берет. Партиянын тең-төрагасы Камчыбек Ташиев сьездге келбей “ата-журчулар” каршы чыгып жатса кантип көрсөтүшөт? Ушундай чоң аламандын астында партиянын аты эле калып, заты жок болуп калганынын аныкталышы аябай, кедергиси тие турган кемчилик. Ынтымак ыдырап жаткан жерден ырыс качат эмеспи...

 

- “Баардык региондордун өкүлдөрү катышкан улуу курултайдан көрсөтүлдү, бул деген партиялык көргөзмөйдөн жогору турат” деп мактап жатышпайбы, жерге сууга тийгизбей... Аны кандай түшүнүүбүз керек?

 

- Эми, бири-бири тааныбаган, бир жолу эле тойго чакырылгансып келген адамдардын тобу, бир программа, устав менен биригип, көп жылдар бою бир максатта эмгектенип келген уюшма – партиядан кантип өйдө болсун. Ресторанга чакырып, той берип атып эле, бир, бата ала койгон сыяктуу нерсе да. Бул айла жоктун оокаты. Анан кантишмек эле. “Бакыйган партиясы бар” деп жүргөн элдин оозу ачылып, партиясы бир заматта фикцияга айланып калышы кантип жакшы болсун. Бул чындыгында  чоң сокку болду. Буга чейин эки ирет алданган тең-төрага Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановго “сдачысын” берди окшойт да... Ким билсин булар ич ара эмне болуп жатканын. Анын үстүнө эки жолу көчүгүнө суу куйдуруп алган Камчыбек Ташиев башкача кадамга бара да алмак эмес. Ал ушу жолу кайра съездге барганда эл эмне дейт эле?

 

- Бийлик башындагы КСДП деле бир талапкерге токтой албай, сьездин улам артка жылдырып отуруп 15-июлга белгилешти. А дегенде саясый кеңеш тарабынан сунушталган учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековго партиялаштары ар кандай интригаларды уюштуруп отуруп, акыры Жогорку Кенештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков да шайлоого катыша тургандыгын шардана кылды. Буга чейин дагы бир ардагер КСДПчы Сагынбек Абдырахманов президенттикке аттанаарын жарыя кылган. Бийлик башындагылардын мындай ич ара тытышып жатышы сьездинде да уланып, ит акмагы чыгат дегендер да жок эмес. Сиз кандай дейсиз?

 

- Бийлик башында турган саясый күчтүн, албетте, башкаларга караганда шансы жогору болот. Адм. ресурстарды колдонуу аркылуу бийлик башындагылар ар дайым өз тарапташтарына жеңишти ыйгарып келгенин жакынкы тарыхыбыз тастыктап турат. Азыр жаны технологиялар киргизилгенине карабай, баары бир бийлитегилердин мүмкүнчүлүктөрү болбой койбойт. Аны сен, мен, элибиз көрүп-билип, айтып турушат. Ошондуктан, бийлик бир талапкер менен чыкканда жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болмок. Анан эми, минтип үчөө, төртөө чыгып алса, албетте шанстары кескин төмөндөөрү шексиз. Балким сьездге чейин бир пикирге келишээр. Эмнени ойлонуп жатышат биз билбейбиз да. Эгер чече алышпаса анда алдырып коюшат го?

 

- КСДПнын талапкерлерине токтоло кетсеңиз?

 

- Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлгөндө эл жакшы эле кабыл алган. “Ичпейт, жебейт, эмгекчил, коррупциядан таза, элим деген, Кудай деген адам” деп атышкан. Алмазбек Атамбаев деле Уфадан Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөгөн сөздөрүн деле ошол эл айткандардан алып айтты. Негизинен, интригалар партиянын ичинен чыгып, кырдаалды чаташтырып жибергендей түшүнүп жатам. Болбосо башында жакшы эле кетип жаткан. Чыныбай Турсунбековдун кандидатурасынын пайда болуусу деле Алмазбек Атамбаевдин макулдугу менен башталып, анан ар кандай ички, тышкы колдоочулардын аркасы менен күчөп кеткендей. “Сооронбай Жээнбеков тууралуу биз билбеген кандайдыр бир белгисиз жагдайлардан улам, Чыныбай Турсунбековдун карааны дублер катары пайда болду, Сагынбек Абдырахманов болсо Алмаз Атамбаевге жини келип, өч алуу максатында жанын кашайтып жатат”,- дегендер да жок эмес. Акыркы толуктоолор киргизилген Баш мыйзамга ылайык, премьер-министирдин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, президенттики кыскартылганына байланыштуу өкмөт башчынын ролу жогорулап, президент экономикалык маселелерге кийлигишпей турган болот. Көнүмүш адат менен үстөмдүк кылууга умтула бербей, өз ыйгарым укуктарынын чегинде гана аракет кыла турган, коймареек президент керектиги учурдун талабы. Ушул өңүттөн алып караганда Соке да, Чыке да татыктуу талапкерлер десек жанылышпайбыз. Бирок орун бирөө эле. Ошондуктан КСДП акыры, экөөнүн бирине токтолуусу керек. А, сьездге чейин Юрий Гагарин негизги космонавт, Герман Титов дублер болгондой, Соке менен Чыке бара бергени деле бир чети туура эле. Негизгиси съездде бирөөнү учурушса болгону. Болбосо бок жок.   

 

Арина Рысбаева

Булак: “Майдан.kg” гезити, 05.07.2017-ж.