Эдил Байсалов: “Россиянын расмий жетекчилиги жана дипломаттары эч качан Атамбаевти жактырышкан эмес”

 

- Атамбаев Орусияга келе жаткан президенттик шайлоодо бийлик партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго бата алып келүү үчүн сапар жасадыбы? Анын бул аракети ишке ашабы?

 

Бейшенбек Бекешов, тележурналист:

 

“Алдын-ала көзү ачыктык кыла албайм”

 

- Не максат менен кеткенин билбейм. Алдын-ала бирдеме деп айтып, көзү ачыктык кыла албайм. Бирок, эки президенттин сүйлөшүүсүндө эмки президенттин маселеси сөзсүз талкууланат деп ойлойм.

 

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:

 

“Россиянын расмий жетекчилиги жана дипломаттары эч качан Атамбаевти жактырышкан эмес”

 

- Жок, андай эмес. Биринчиден, эмки президентти орустун жетекчилиги эмес, кыргыз эли шайлайт. Путин канча кыйын болбосун, ал бирөөнү бизге таңуулай албайт. Сооронбай Путиндин сүйгөн бир тууганы болгон күндө дагы. Путин менен Назарбаев Кыргызстандын башына жалпы элдин колдоосуна ээ, мыкты жана бекем жетекчи келишине кызыкдар. Атамбаевдин эч кандай аласасы жок, Сооронбай Жээнбековду колдойсуңар деп буларды кыйначу. Москва менен Астана “кимиси келсе дагы, баары бир бизге көз каранды болот”- деген ишенимде. Биз дагы алардан алыс качып кетпейбиз. Ошондуктан сырттан кийилигишүү азыраак эле болот деген ойдомун. Экинчиден болсо, бул мамлекеттик (расмий же жумушчу эмес) сапар бир президенттин мөөнөтүндө бир эле жолу болоорун унутпашыныз керек. Москва алты жылдан бери Атамбаевди чакыртпай, азыр аягында чакырды. Кремлде бир жаткызбаса, бул чоң чатак болуп калмак. Мисалы, Мирзиёев шайланаар замат эле барып келди. Биз унутпасак, Россиянын расмий жетекчилиги жана дипломаттары эч качан Атамбаевти жактырышкан эмес. Дайыма ага каршы аракеттерди жүргүзүшкөн. Жалгыз гана Путин Назарбаев менен Лукашенколор проблемдүү болгон үчүн Атамбаевди бир убакта жакындатып алган. Бирок, аягында жанагыдай “Русгидронун” денонсациялары жана ойлонулбаган билдирүүлөрү сыяктуу ал менен дагы мамилесин бузуп алган. Жеке ишениминен эбак чыккан! Атамбаевдин проблемаларын аябай жакшы билишет. Ал өзүн “мен президентиктен кеткенде дагы, баарын контролдойм”- деп айткандарына көп деле маани беришпейт. Анткени андайлардын далайын көрүшкөн. Азыр кыргыз эли күн санап тургандай эле, тышкы өнөктөштөрүбүз дагы жаңы жетекчинин шайланышын күткөн чагы!

 

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер:

 

“КСДПнын көпчүлүк мүчөлөрүнүн Жээнбековго ичи чыкпай жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес

 

- КСДП партиясынын сьезди болуп, ошондо талапкер маселеси толук кандуу чечилет десек туура болот! Чындыгында КСДП фракциясы С.Жээнбековду көрсөткөнү менен көпчүлүк партиялаштардын бул талапкерге "ичи чыкпай" жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Калганын мезгил көрсөтөт. Албетте, Атамбаевдин Маскөөгө тарткан сапары сөзсүз түрдө “мураскер” маселеси жөнүндө экендиги чындык. Бирок, “чапкан сайын көз чыга бермек беле”. Кыргыз эли өз тандоосун ушул сапар таза жүргүзө аларына менде ишеним бар! Албетте, сатылгандар, ар ким өз бийлигин, кызыкчылыгын коргоп бийликтин талапкерин колдоору бышык! Бирок бул бийлик мамлекетибизди тунгуюка кептеп салгандыгын көпчүлүк эл жакшы түшүнүп калды. Мамлекетте кадр саясаты толук деградация болуп бүттү! Бул элдин кыжырына тийүүдө. Экономикалык өсүш толугу менен “тамам” болду! Кыргыз элим эми ойгонуп жакшы чечимге келбесе болбойт! Бычакка сап, элдин эртеңин оңдоп кетчү жигиттерибиз жок эмес, бар. Эн негизгиси ошолор биригип,  бир максатты көздөп чыгышса эл аларды колдоп кетери бышык! Ошондуктан ошол биз азамат деген жигиттер жеке амбицияларын таштап эл үчүн биригиши керек!

 

Равшан Жээнбеков, экс-депутат:

 

“Кремль Атамбаев сунуштаган адамды колдобой койсо, ал адам өтө албай калат”

 

- Менин көз карашым боюнча, Атамбаевдин Москвага болгон сапары өзүнөн кийинки бийликке келе турган адамды сүйлөшүп, анын талапкерлигин бекитип келүү деп ойлойм. Анткени, президенттер кетээр маалда мамлекеттик маселелер анча деле маанилүү болбой калат. Башкача айтканда жеке үй-бүлөсүнүн жана ушул кезге чейин жыйнаган дүйнөсүнүн коопсуздугу аябагандай түйшөлтө турган маселе. Ошон үчүн президент ишеним арткан адам Кремль тарабынан колдоо табышы ал үчүн маанилүү маселе. Анткени, Кремль Атамбаев сунуштаган адамды колдобой койсо, ал адам өтө албай калат. Президентти санаага салат. Ошон үчүн өзү тымызын колдогон адамдын талапкерлигин Кремль менен макулдашып, аны өткөрүүгө аракет кылат. 

 

Ырысбек Өмүрзаков, журналист:

 

“Атамбаевдин Путин менен жолугушуусу Атамбаевдин суранычы менен болуп атат...

 

- Ким кандай деп айтса да, биз Орусиядан бардык жактан көз карандыбыз. Москвалык бир журналист-политолог мага айтты эле: “Бизге Орто Азияда өзүнчө иш аракетин кылган президент кереги жок. Аны Бакиевден кийин келгендердин баары түшүнүшсө керек...”. Аны Атамбаев билет. Анткени ошол эле Оруссиянын жардамы менен Бакиевдин бийлигин кулаткан. Аны “а” дейбизби, Б “б” дейбизби, бул чындык. Ачуубу, ачуу эмеспи - ал башка маселе. Россияда Кыргызстанды сырттан башкарууга муктаж деп айтууга болот. Кыргызстан сулуу шуркуя кыздай болуп, башка геосаясаттын өкүлдөрүнүн көз ирмегинде кала берет. Анткени түштүк жагыбызда Кытай турат, бир аз акча берип, өз иштерин Кыргызстанда кыла беришет. Кыргызстан бир аз эле талтая, апей ботом, телтая түшсө эле, басагалчуудай болуп. Ошону үчүн, Путиндин ден-соолугун сураганы кыргызча "жөн эле" барган күнү да Атамбаев өзүнүн партиясынын өкүлүнө "одобрямсын" алганы сөзсүз аракет кылат. Аны Путин да күтүп турат. Атамбаев сураганына сокурдун эле көзү жетпесе керек. Бул Атамбаевдин Путин менен жолугушуусу Атамбаевдин суранычы менен болуп атат...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (301), 21.06.2017-ж.