Ө.ТөлөбековАхматбек Келдибеков түштүктүн зор колдоосу менен алдыга суурулуп чыгышы күтүлөт...

 

- “Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү” тасмаларыңыздан кийин жакында “Миллионердин сүйүүсүн” көрүп, кыргыздын дагы бир мыкты фильми жаралганына күбө болдук. Кыргыз коомчулугу аны качан көрө алат?

 

- Рахмат. Жакында Москвада өтүүчү эл аралык телеканалдар кино базарына катышмакчыбыз. Андан кийин биздин телеканалдарга тартуулайбыз.

- Өмүке, демейкиңизче дагы эле саясатты тескепсиз.

 

- Саясат – турмуштун көч баштоочу алдыңкы бөлүгү да. Мен тескерисинче, биздин тасмаларды көрүп алып, “саясат кайнап атса, эмнеге аны көрмөксөн-билмексен болуп кыйгашат” деп капа болчумун. Кудайга шүгүр, “Президент жана бомж” чыкканда эл жапырт-жабыла маашырлана көрүштү.

 

- “Миллионердин сүйүүсүндө” мамлекеттин, элдин ырысына кол салып байыган депутат, министр Капаровдун кайгылуу турмушу кызыктуу жана таасирлуу баяндалыптыр. Деги эле саясатты терең билесиз. “Майдандын” өткөн санында кинодон өтүп, саясатка киришип маектештик эле, ал бир топ кызыгуу жаратты. Эми учурдагы кыргыз саясаты тууралуу оюңузду уксак.

 

- Казак Акматовдун “Бүгүн кино согуш жөнүндө эмес” деген аңгемеси бар эмеспи. Мейли, саясат жөнүндө сүйлөшсөк болот, мен ансыз деле саясат темасында кинолорду тартып келатам. Мар Байжиев айтты эле: “Кыргыз киносуна сен саясий багытты киргиздиң”- деп.

 

Акыркы жылдары кино тартып, аларды коюп, Орусия, Казакстанда көп жүрөм. Азыр кимге жолугуп сүйлөшсөң да: “Кыргызстанга ким президент болот?” дешет.

 

- Владимир Путин тууралуу кыргыз тилинде китеп чыгарып, Москванын Борбордук адабият үйүндө бет ачаарын өткөрдүңүз. Орусиянын маалымат каражаттарында чоң резонанс жаралды. Назарбаев тууралуу тарткан киноңузду да Москвада презентациялап, Казакстанда уу-дуу болду. Жөн эле саясат эмес, Путин, Назарбаев тууралуу чыгармаларды жаратып, алардын жан-жөөкөрлөрү, эл аралык чоң даражадагы атка минерлер менен аралашып жүргөнүңүздөн кабардарбыз. Демек, саясаттын оош-кыйыш, кыйчалыш кырдаалдарын тыштан эмес, ичтен билесиз. Өзүңүз айтмакчы, учурда элдин ой-санаасындагы башкы суроо: “Ким президент болот?”. Сценарист катары сизге биз да ушул соболду коюп, алдыдагы маанилүү шайлоонун кызыктуу сценарийи тууралуу пикириңизди уккубуз келет.

 

- Арийне, азырынча ким президент болоору так белгисиз. Атамбаев деле айтпадыбы: “Ким президент болоорун мен да билбейм” деп. Антсе да төбөсү көрүнгөн, азыр катуу сөз болуп жаткан 3-4 белгилүү саясатчынын бири болоору айкын.

 

- Кимдер?

 

- Сариев, Бабанов, Жээнбеков… Эми Келдибеков кошулду.

 

- Бул төртөөнөн башка күтүлбөгөн бирөө чыга калбайбы?

 

- Биздин кыргыз саясатында андай кокустук күтүлбөйт. Ал түгүл мындан бир, эки ай мурда Сапар Исаков тууралуу катуу сөз жүргөндө өз ара талкууларда мен айтып аттым: “Исаковду даярдаса бийлик жок дегенде бир жыл мурда баш калаага мэр кылып, чоң каражат бөлүп, ири жумуштарды жасады деп дуулдатып имиджин көтөрүп, бөпөлөп даярдамак”- деп.

 

- Бийлик Жээнбековду алып чыкпадыбы. Сиздин көз караш боюнча бийлик таптаган талапкер өтөт, ушундай түшүнсөк болобу?

 

- Бийлик өз талапкери президенттикке өтөөрүнөн чоочуган үчүн да “запастык аэродром” даярдап, чоң күчтөргө жаман көрүнгөнүнө карабай Конституцияны өзгөртүп, премьер-министрлик кызматтын ыйгарым укугун жогорулатты.

 

- Демек, бийлик талапкеринин жеңишке жетээрине ишенбейсиз.

 

- Басымдуу көпчүлүк ишенбейт.

 

- Анда ким? Сариевди, же Келдибековду ойлоп атасызбы? Бабанов менен Жээнбековдон - Сариев менен Келдибековдун мүмкүнчүлүгү өйдө дегениңизби? Коомчулукта болсо, учурда Келдибеков менен Сариевге караганда бийлик тараптын талапкери Жээнбековдун жана популярдуу болуп турган саясатчы Бабановдун ысымдары көп аталып атат.

 

- Талаш жок, бийлик таптаган, түштүктө электораты бар Сокенин да мүмкүнчүлүгү жогору. Өмүке болсо, акыркы шайлоолордо күркүрөгөн бийликти алдастатып, мараага катар, үзөңгүлөш келип, баркы артты.

Ооба, Жээнбековду бийликчил КСДП, Бабановду парламенттик ири “Республика” партиялары сүрөп турса, Сариевдин “Ак шумкары” менен Келдибековдун “Ата-Журту”  бүгун алардай популярдуу эмес. Бирок, саясатта, президенттик так талашта башка маанилүү жагдайлар бар.

 

Мисалы, эки жыл мурда премьер-министрликке эмнеге КСДП менен “Республика - Ата Журттун” эмес, “Ак-Шумкардын” башчысы көтөрүлдү?

 

Же, Келдибеков боюнча. Бийлик алмашып, өлкөдө курч кырдаал түзүлгөн 2010-жылкы парламенттик шайлоону эстейличи. “Ата-Журт” бийликтин КСДПсын артка таштап биринчи, рейтинги төмөн “Ар-Намыс” үчүнчү орунга суурулуп чыккан. Себеби, “Ата-Журттун” лидерлери эл арасында, өзгөчө түштүктө кадыр-барктуу болсо, “Ар-Намысты” эл аралык күчтөр колдогон.

 

- Келдибековду түштүк, Сариевди эл аралык күчтөр колдойбу анда?

 

- Менимче, эл аралык күчтөр азыр кыргыз элин карап турат. Алар Сариевди да, Бабановду да, Жээнбековду да, Келдибековду да далыга таптап, кимиси жеңсе ошонусу менен кызматташууга даяр. Эл аралык күчтөр дегенде ириде көбүрөөк кызыкдар жана таасирдүү тарап – Астана менен Москва. Алар бул төрт лидердин эч кимисине анчалык нааразы деле эмес. Айталы, америкачыл, батышчыл же, ашынган исламчыл лидер болсо гана кашарышып каршы турушмак.

 

- Эл аралык деңгээлде төртөөнүн ичинен кимисине жылуу мамиле жасалышы ыктымал.

 

- Менимче, Сариев менен Келдибековго.

 

- Эмнеге?

 

- Сариев премьер-министр, Келдибеков спикер катары ири державалардын жетекчилери менен үзүрлүү кызматташкан.

 

- Жээнбеков эл аралык сынга кабылган жок го сыягы.

 

- Жээнбеков – Атамбаевдин кишиси. Атамбаевдик бийликтин Москва жана Астана менен эл аралык айрым маанилүү маселелерде талаш-тартышка түшүп, олуттуу пикир келишпестиктер орун алып келгени жашыруун эмес.

  

- Жээнбеков менен Бабанов биригип кетишсечи?.. Жээнбеков – президент, Бабанов – премьер-министр тандеми түзүлөт деген пикир күчтүү.

 

- Бакиев-Кулов, кийинки Бабанов-Ташиев тандемдеринен кийин саясий биригүүлөр Кыргызстанда келечексиз экени айкындалып калды. Бул утурумдук, шайлоодогу жеңиш үчүн гана түзүлчү достук. Шайлоодон кийин бийлик, байлык талаш жүргөндө тандемдер талкаланат. Муну Жээнбеков, ал үчүн ойлонуучу Атамбаев да, Бабанов да жакшы түшүнүшөт.

 

Экинчи жагдай – бийлик тараптан Жээнбеков эмес, башка, айталы Турсунбеков чыгышы мүмкүн. Андай шартта Бабанов, Сариев, Турсунбеков түндүктү үчкү бөлүп, Келдибеков түштүктүн зор колдоосу менен алдыга суурулуп чыгышы күтүлөт. Бийлик ушул кырдаалдан улам да эл арасында салмагы күчтүү эмес экенине карабай Жээнбековдун талапкерлигине токтолуп тургандай.

 

- Келдибековду “коррупционер” катары канча жылдан бери тынбай шыбап келатышат го?

 

- Кимиси коррупцияга аралашпаптыр?! Коррупциядан алыс акактай жаркыраган таза жетекчи бар бекен деги Кыргызстанда бүгүн?! Балким, алдыдагы мезгилде бийлик алмашканда азыркы мыкчыгерлер Келдибеков менен Түлеевден ашкан коррупционерлер деп чыкпасына ким кепилдик бере алат?!

 

- Мисалы сиз Келдибековду татыктуу деп ойлойсузбу?

 

- Келдибеков Жогорку Кенештин төрагасы кезинде кыска мезгил жардамчысы болуп иштеп калган жайым бар. Өлкө парламенттик башкарууга өтүп, Жогорку Кеңештин аброю артып турган шартта анын төрагасы катары Ахматбек мырза президентке да жүгүнбөй, башын бийик кармап, эл жүгүн ноюбай көтөрүүгө жарамдуу, татыктуу жетекчи экенин көрсөткөнүнө күбөмүн.

 

- Келдибековду “Бакиевдин бөлтүрүгү” дешет го.

 

- Бакиев убагында Келдибеков салык комитетин башкарса, бүгүнкү бийлик туу туткан Жээнбеков айыл чарба министри, рейтинги өйдө делинип аткан Бабанов өкмөт башчынын биринчи орун басары болгон. Деги эле мыкты ишмерлерди “мурдагы бийликтин кишиси” деп буттан чалбай ким кайсы бийлик тушунда иштегенине карата эмес, элге, мамлекетке кандай кызмат кылганына карата баа беришибиз керек.

 

Маектешкен

Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан.kg” гезити, №20 (298), 31.05.2017-ж.