К.Ташиев: "Сооронбай Жээнбеков - учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын, ишенимдүү адамдарынын бири. Азырынча сатпайт".

 

- Жакында Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) кеңешин өткөрүп, президенттикке талапкерликке Сооронбай Жээнбековду көрсөтүү чечимин кабыл алышты. Бул чечимге сиз кандай карайсыз?

 

- Мамлекетибиздин шайлоо мыйзамдарына таяна турган болсок, КСДПнын президенттикке өзүнүн талапкерин чыгарганы мыйзамдуу көрүнүш. Бул маселеге сын айтып, “туура”, же “туура эмес” деп эксперттик чөйрө өзүнчө талдап да чыгып жатат. Бирок, КСДП көрсөткөн талапкердин буга чейинки жасаган жумушу, бийлик партиясынын жети жылдан бери аткарган иштерине моралдык жана саясий жактан баа берүүгө өлкөнүн атуулу катары укугубуз бар. Менимче, Жээнбековду талапкер катары алып чыгуусунун үч негизги себеби бар.

 

Биринчиден, Сооронбай Жээнбеков - учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын, ишенимдүү адамдарынын бири. Азырынча сатпайт.

 

Экинчиден, бул инсан түштүктөн болот. Бул да өтө маанилүү, себеби, түштүк электоранын добушу бул шайлоодо чечүүчү роль ойноору белгилүү. Ушундан улам, Атамбаевдин түштүктөгү шайлоочуларды дагы бир жолу колдонуп кетүү амалы катары карасак болот.

 

Үчүнчүдөн, Сооронбай Жээнбеков учурда премьер-министрлик кызматты ээлеп турат. Ошондуктан, административдик ресурсту колдонуу менен шайлоодо жеңишке жетишүү жолу пландарында бар.

 

Ошентип, бүгүнкү бийликтин планы үч чоң бөлүктөн турат. Муну терең талдап чыга турган болсок, алар саясий, моралдык жактан чоң ката кетиришүүдө. Анткени, “президенттикке талапкер болом, мамлекетти башкарам”- деп ниеттенген адамдын өзүнүн эрки, ички умтулуусу, амбициясы болушу зарыл. Кыргызда акылдуу түшүнүк бар, “мойнунан байланган ит ууга жарабайт” деген, бул кеп учурдагы КСДП талапкерине куп жарашып турат. Президенттикк талапкер болуп чыгуу жеке чарбан же ишкананы жетектөөгө аракет кылуу эмес да, бул чоң мамлекеттик вазийпа. Президенттик кызматка ыктыярдуу түрдө, ар кандай кыйынчылыкка, жакшылык-жамандыкка башын сайып, элдин, журттун, мамлекеттин келечегин аныктоого толук даярмын деген адам барышы керек. Ал психологиялык, чарбалык жактан жөндөмдүү, эрктүү адам болушу зарыл. Жээнбеков эгер өз алдынча талапкерлигин койсо, чындыгында, түштүктөн чыккан  мамлекеттик деңгээлдеги, эл колдогон саясатчылар түгүл, бир район колдогон саясатчынынын алдында жеңилип калаарын баары билишет жана бул жашыруун сыр эмес.

 

- Атамбаевдин мураскери тууралуу кеп болгондо, коомчулукта Турсунбеков, Исаков, Жээнбековго окшогон адамдардын гана ысымы аталып атты. Бул Атамбаевдин  ушунча жыл иштеген аракетинде кадрдык жүрүштө чабалдыгынын, жакшы команда түзө албаганынын далилиби?

 

- Сиздин сурооңузда аты аталган адамдар мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп, өз көрөңгөсүнө жараша иш алып барышканы менен жетиштүү деңгээлде эл арасында кадыр-барк топтой алышпады. Демек, президенттин элге эмгеги сиңген кадрлары жокко эсе, башкача айтканда, ал жети жылда кадрларына элге эмгегин сиңирүүгө шарт түзүп бере албады. Бүгүн “бийлик талапкери” катары айтылып жаткан Сооронбай Жээнбеков буга чейин кандай кызматтарда иштеди, эмне жумуш жасады, назар салып көрүңүздөрчү? Ош облусунда губернатор болду, Мамлекеттик кадр кызматында иштеди, бир жылдай убакыттан бери премьер-министр болуп иштеп атат. Кайсы жерде жарытып, эл оозуна алынып, эл алкышын укту экен? Аны да эске алыш керек. Мамлекеттин бүгүнкү күндөгү акыбалына карап туруп гана бийликтин чыгарган талапкерине баа берүү туура. Элдин бүгүнкү жашоосу онолдубу, мүдөөсү аткарылдыбы, карапайым адамдардын башына кайгы-кесепет иш түшкөндө бийлик жардамга келип, оорун колунан ала алдыбы, жалпысынан алганда социалдык-экономикалык жаатта жылыштар сезилдиби – ушулардын баары чечилген болсо, эл бийликке ыраазы болуп турса, анда талапкерин алып чыгышына каршылык жок. Кеп Жээнбековдун талапкерлигинде эмес, азыр бийлик кайсы талапкерди көрсөтпөсүн, эл колдоого албай турган чекке жетип калды.

 

- “КСДП шайлоодо негизинен административдик ресурска басым жасайт” дедиңиз, анын башкы репетициясы жакында боло турган жергиликтүү кеңештерде жүргүзүлбөйбү?

 

- Сиз өтө туура маселени койдуңуз. Административдик ресурсту колдонуу маселесин коом катуу талкууга алышы керек. Эч качан биздин тарыхта бүгүнкү күндөгүдөй административдик ресурсту колдонуу болбогон. Акаев мамлекетти 15 жыл, Бакиев 5 жыл башкарды, Атамбаевдин бийлик башына келгенине жети жыл болуп баратат. Бирок, мына ушул 7 жылдык баскан жолунда азыркы президент бул жагынан мурунку президенттерди чаңында калтырып, административдик ресурсту өтө чеберчилик менен колдонуунун ыгын алды. Мындай ыкма 28-майда боло турган Жалал-Абад кеңешине шайлоодо да колдонулуп атат. Жалал-Абад шаарында мэрден баштап, бир топ мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызмат адамдары бүгүнкү күндө депутаттыкка талапкер болуп катталышты. Буга бир гана себеп бар – анткени, аларга өйдөдөн “КСДПны сүрөп, шаардык кеңеште жеңишке жеткизгиле, болбосо, ээлеген ордуңардан айрыласыңар”- деген тапшырма-талап жиберилген. Ошондуктан, бул адамдар КСДП жеңген күндө да эч убакта депутат болуп, элге кызмат көрсөтүшпөйт. Мына, бийликтин жүзү. Мына ушул ыплас ыкманы азыркы бийлик ийгиликтүү ишке ашса - президенттик шайлоодо да колдонушат. Ошондуктан, эл катуу туруп, кандай куугунтуктар болсо да да чыдап, КСДПны токтотушу керек. Эгер чиновниктердин арам аркакеттерин элбул жолу да “жутуп” коюп унчукпай олтура берсе - президенттик шайлоодо ушул эле ыкма менен жеңип чыгууга аракет жасашат.

 

- Акыркы убакта дымыңыздар чыкпай калды, “Ата-Журт” партиясы президенттикке талапкерин чыгарышат дешти эле. Келдибеков, Мадумаров болуп бириккендериңиздер айтылды эле. Бирок, аракетиңиздер байкалбай атат, оюңуздардан кайттыңыздарбы, же чачырадыңыздарбы?

 

- Биз баштапкы аруу оюбуздан кайткан жокпуз, душмандар кайра-кайра ортобузга жик салып, канча аракет кылбасын, чачыраган жокпуз. Биз биргебиз, ал эми президенттик шайлоого талапкер жаатында жакында бирдиктүү чечим кабыл алабыз. Баарын байкаштырып, терең ойлонуп, салмактуу чечим кабыл алалы дедик. Шашылып кабыл алынган чечимди кийин өзгөртүүгө туура келиши мүмкүн. Балким, бирибизди президенттикке талапкердикке чыгарабыз, же бирөөнү колдойбузбу, же бирөөнү кошуп алабызбы – мунун баары чыгарган чечимибизден көз каранды. Азыр президенттикке талапкер болом дегендердин арасында активдүү сүйлөшүү жүргүзүп атабыз, анын жыйынтыгын кийинчерээк кабарлайбыз.

 

- Жакында Ахматбек Келдибеков экөөңүздөр Москвага барып келдиңиздер эле, бул тууралуу “Кремль үч баатыр: Ташиев, Келдибеков, Мадумаровго ставка жасап жатат”, “Москва Темир Сариевге кошулуп, тандем болуп баруусун сураныптыр” ж.б.  кептеп айтылууда. Чынында  Москвага эмнеге бардыңыздар эле?

 

- Ахматбек Келдибеков экөөбүздүн кайда барып, кандай жумуш жасаганыбызды коомчулук тыкыр иликтөөгө алып, баа берип турат. Мына жакында Түркияга барабыз, анда да “Эрдоганга жолугушуптур” деп чыгышпаса болду. Бул бир эсептен туура, президенттик жарыш алдында коомчулукка биздин да ар бир кадамыбыз кызыктуу, “кайсы жакка оойт”, “кимге кошулат” же “кимди кошушат” деп баам салып турушат окшойт. Биз Москвага жеке иштерибиз менен бардык. Ал жакта эл аралык маанидеги жолугушуулар да болду. Бирок, мамлекеттик кызматтарда отурбагандыктан, андай жолугушууларды жар салуунун зарылчылдыгы жок деп ойлойм. Биз саясий багытыбызды чыңдап атабыз, ушул маселе менен Түркияга да сапар тартканы турабыз. Алдыбызда көптөгөн иш-пландар бар, жалпы-жонунан, мамлекетибиздин туура келечек, демек, кийинки президенттин татыктуу тандалышына жакындан салым кошобуз. Ошол улуу агымдын ичиндебиз.

 

- Эл ичинде “президентибиз начар, бирок, ага жараша оппозициябыз да күчтүү болбой калды” деген пикирлер айтылып атат. Сиздер мекенчил, оппозициялык күч элеңиздер, эмнеге сын айтпай калдыңыздар?

 

- Бүгүнкү бийликке жети жылдан бери оппозиция болуп келатабыз. Ал позициябыздан кайтпай, азыркы бийлик кеткиче оппозиция болобуз. Сынды бардык жерде айтып жатабыз, буга сиздин гезиттин окурмандары күбө. Мурдагыдай коомчулукка чыгуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү жок кылышты, парламентке жолубузду жаап коюшту, эл уга турган жерлерден алыс кармашат. Ага карабай, колубуздан келишинче, басылмалардан чыгып, пикирибизди билдирип атабыз. Оппозиция болуп, өзүнүн оюн эркин айтып чыккандардын баарын камап жатпайбы. Биз андан коркпойбуз, себеби, адилетсиз куугунтуктун негизинде камалып да чыкканбыз. Мына азыр бийликке жөн гана сын айтып койгону үчүн Бекболот Талгарбеков баш болгон бир топ мекенчил адамдар камалды. “Бийликти алмаштырыш керек, начар иштеп атат, мыкты иштегендерди алып келели”- деген сөзү үчүн эле Асанов, Кадыровдор 12-20 жылга чейин абак мөөнөтүнө туш болуп отурушат. Бул анык саясий куугунтук эмеспи? Садыр Жапаровду да он эки тууганы менен камап коюшту. Баласы, агасынын баласы, бажасы, кайнагасы, агасы, айтор жалаң туугандарын терип, камашып, сот жүргүзүп атышат. Ошондуктан, бийликтин бул кадамдарын жакшылап талдап, туура жыйынтык чыгарышыбыз керек, элди эзүүнүн да чеги бар. Эгерде мындай көрүнүш токтобой улана берсе, элибиз чыдамдуу: бир, эки жыл чыдашы мүмкүн. “Баатырды мезгил жаратат” деген кеп бар, ошондуктан, бийлик мыйзамсыз репрессияларын токтотпосо, элди баштап чыга турган баатырлар чыкчу күн да келип калышы ыктымал.

 

- Коомчулукта “Атамбаев бийликтен жөн кетпей, алты жылда эмне иштерди аткарды, отчет берип кетсин”- деген талап пайда болду. Сиздин оюңузча, президент кайсы кылган иши менен мактана алат?

 

- Азыркы президенттин мактана турган нерселери бар. Мисалы, мамлекеттин тарыхында биринчи жолу ырчы президенттүү болдук. Мыкты ырдаган президентибиз үчүн биз да мактанышыбыз керек. Ал эми эл турмушу, экономикалык жактан өлкөнүн жакырланышы мактанаарлык эмес, өкүнүчтүү акыбал. Биз жети жыл убакытты текке кетирдик, мамлекетибиз өнүгүүдө жети жылын уттурду. Эгер бүгүнкү команда кайра президенттикке келчү болсо, дагы бир далай убакытты текке кетирип, “элдин турмушу оңолбоду”- деп кайгырып отура беребиз.

 

- Акыркы убактарда “шайлоо таза өтүшү керек” деген темадагы тегерек үстөлдөр көп өткөрүлүп атат, аларга сиз да катыштыңыз. А бийлик өзүнүн жеңишин камсыз кылуу үчүн баарына даяр экени көрүнүп турат. Шайлоодо адатына салып, элди зордоп, жеңишке жетишсе, ал эмне менен бүтөт?

 

- Чыр менен бүтөт, ал чыр улана берет. Мамлекет алдыга жылбай, чырга кептелип, кыйынчылыкта жүрө берет. Бийлик элди зордогонду, чындыкты бурмалаганды токтотуусу зарыл.

 

- Акыркы убакта конфискация маселеси курчуду. Кимди камаса эле, мүлкүн конфискациялоого өтүштү. Ал турмак журналисттердин да мүлкүнө камак салууга үлгүрүштү. Түлеевдердин мүлктөрүн тартып алып жатышканы кайсы акылга сыят?

 

- Бул туура эмес. Нариман Түлеевдин күнөөсү далилденсе, ал мэр болуп турган мезгилде гана топтогон дүнүйөсүн конфискациялоо керек болчу. Ошондо бийликтин аракеттеринде логика болмок. Ал эми анын азыркы тартылып алынган мүлктөрү 2008-жылга чейинки табылган дүнүйө, анын көбүн Нариман эмес, атасы, бир туугандары ак пешенеси менен тааптыр. Демек, конфискацияга шылтоолоп, анын туугандарынын: аялынын, балдарынын, бир туугандарынын мүлктөрүн тартып алганы туура эмес. Муну экономикалык репрессия деп гана атоого болот. Мен муну менен Түлеевге жан тартып атканым жок, коомчулукка сигнал болушу керек – бийлик колунда бар, бирок каршы чыккандарды камап, мүлкүн тартып алып, жылаңачтап коюунун амалына түштү. Ал мүлктөр өз ээсине, акыйкат заман орногондо баары бир кайтарылат. А бүгүнкү аракет коомдо акыйкатсыздык орноп калганынын белгиси.

 

- Өзгөндөгү кырсыкта позицияңыз элди ыраазы кылды, кырсыктаган элге барып, жылуу кебиңизди айтып, алардын акыбалы тууралуу жан кейитип президентке кат жолдодуңуз. Ага чейин Дача-Суда да кырсык болду эле. Мындай кырсыктардын болушунда бийликтин күнөөсү барбы, алдын алууга болот беле?

 

- Элдин ар бир кыйынчылыгына бийликтин түздөн-түз күнөөсү бар. Кырсыктын алдын алуу керек, кырсык болгон маалда акыбалды жеңилдетүү, кырсыктан кийин элди толук камсыздоо шарт. Мына ушул үч нерсе бийликтин башкы милдети. Кырсыктын алдын алуу кыйын, бирок, аны да жасаса болот. Мал-мүлк мейли, адам өмүрүн сактоого жан үрөө зарыл. Бийлик муну жасабады. Куршабда көчкү элүү үйдү басып калганын көрсөтүштү, жабыркаган элге бийлик адырга чатыр тигип бериптир, мөндүр төгүп, шамал чатырды учуруп, үшүп-титиреген жаш балдар, адамдар сыртта жүрүшөт. Ушул элге жасалган камкордукпу? Бул камкордун эмес, бул кордук! Мен министр болуп турган чакта, тарыхта биринчи ирет контейнер үйлөрдү кура баштаганбыз. Ошондой үйлөрдү куруп, даярдап коюшса болбойбу? Элүү үй-бүлөгө жок дегенде, жыйырма-отуз үй курушуп, отун-суусун камдап беришсе болот эле да. Мамлекет үчүн бул анчалык чоң жумуш эмес. Кайсы жерде кырсык болбосун, эл кор болот, Жалпак-Ташта, Аюуда, Дача-Суда сыздаган элдин кайгысына бийлик ортоктош боло албады.

 

- Акыркы убакта “Ата-Журттун” талапкери тууралуу сөз болсо эле, “Ташиевдин чыга турган оюу барбы, мурдагы президенттик шайлоого катышып, жакшы көрсөткүчкө жетишти эле, парламенттик шайлоодо да эл колдоосунан айрылбаганы далилденди”- деп кызыгышат. Сурамжылоолорго караганда, Кыргызстандагы кадыр-барктуу, эл колдогон үч саясатчынын бири болуп атасыз. Шайлоого катышасызбы?

 

- Бул жөнөкөй чечим эмес, бул маселени олуттуу караш керек. Мен президент болуп, мамлекетти башкарып, ысык-суугуна күйүп, эл үчүн акылымды, жөндөмүмдү аябастан кызмат кылгым келет. Бирок, ага шарт барбы-жокпу, элибиз колдоп ошол жерге жеткизеби, ойлонуп чыгуу керек. Себеби, мен президенттик шайлоонун ысык-суугун, азабын жонтеримден өткөзгөн адаммын. Президенттикке чыгуу ошондуктан, оной-олтоң чечилчү иш эмес. Биз башынан А.Келдибеков, А.Мадумаров үчөөбүз бир жеңден кол чыгарып, президентикке бир муштум болуп барууну келишкенбиз. Бул чыныгы жигиттик келишим. Бул келишимди бузууга биздин ар-намысыбыз жол бербейт. А ким чыгат, аны жакын арада айтабыз. Өзүм жөнүндө айтсам, тилегим бар, а калганын убакыт көрсөтөт...

 

Маектешкен

Нургазы Анаркулов

 

Булак: “Майдан.kg” гезити