С.Муканбетов: “Жылдыз Мусабекова боктон арылып, “Гагарин” болуп кеткен жок. Анын жүрүм-турумунан КСДП сасып, аброю түштү...”

 

“Майдан” гезити менен тыгыз кызматташып, өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга баам салып, коомчулукту обективдүү маалыматтар менен камсыздоо аракеттерибизге ар дайым ак дилден жардамын тийгизип келе жаткан белгилүү коомдук ишмер, саясый серепчи Сабыр МУКАНБЕТОВ менен болгон маегибизди улантабыз.

 

- Сабыр байке, өткөндө журналистердин ич ара алакасы, баштагыдай ынтымактын жоктугу тууралуу кеп баштадык эле. Азыр ушу теманы улантсак. Журналистер коомчулугунун ыркы кетип, ынтымагы ыдырап жатканынын негизги себептери катары эмнени айтаар элеңиз?

 

- Журналистер деле коомдун бир бөлүгү. Элдин арасында жашап жатышат. Эл кандай жиктелип, ар кандай идеяларга, партияларга бөлүнүп жатса, эл менен кошо биз дагы ошентип, ар кимиси өз көз карашына жараша ырдап, жакпагандары менен ырылдашып кетип жатат.

 

Советтик идеология кыйрагандан кийинки “жыргал заман келет” деген эйфория ташка чабылып, ишенген бийликтерибиз удаа-удаа “шымын булгап”, анан “жаман бийликтен кутулсак эле оңолобуз” деп жалпы эл менен кошо, чогуу-чаран алпуруштук. Ошондо эл менен бирге, эл ичинде журналистер да, негизинен бир багытта, биримдикте болдук. Элдин, анын ичинде журналистердин ичиндеги жиктелүү биздин жамандыгыбыздан, же бирөөлөр атайылап чагым салгандан болгон жок. Турмуш реалдуулугунан, жаңы тепкичке көтөрүлгөндөн улам, парламенттик система киргизилип, партиялар үчүн реалдуу саясатка аралашып, бийликке келүү мүмкүнчүлүгү ачылгандан улам болду деп ойлойм. Албетте биздин партиялар аттарына заттары дал келбейт, көпчүлүк учурда жөн эле тизме десек да болот. Бирок кандай деген күндө да 2010-жылдын апрелиндеги элдик көтөрүлүштөн кийин, ошол партиялар үчүн, бийликке атаандаштык жолу менен жетүү эрежеси – карьералык тепкич ишке кирди. Бул кардиналдуу өзгөрүш болду. Элдин баары өзүнө жакын “идея”, тааныш, тууган деген түшүнүктөр менен бөлүнүп, бөлүнүп кетти. Журналист да адам. Алардын ар биринин өз пикири, көз карашы болгон соң алар да эл сыяктуу бөлүнүп, сүйгөн идеясын - партиясын колдоп, кошулуп жатат. Натыйжада мурдагыдай эл бир тарап, бийлик бир тарап болгон жаатташуу жок. Бийлик, анан бийлик үчүн жанталашкан, бири бири менен чабышып, сындашып, атаандашып бийликке умтулган көп тараптар бар. Бир чети, так ушул көп тараптуулук туруктуулукту камсыз кылып турат десек да болот. Ошон үчүн, баштагыдай баары биригип оппозиция боло албай жатат. Мындай жагдай бийликти оодарып түшүп, ордун алып, алардын ордуна майкаңдагысы келип жаткан азчылыкка жакпаганы менен, жалпы туруктуулукту камсыздап турганын тана албайбыз. Эки жолу бийликти кубалап, ордуна келгендер эле жыргап, элге жарыгы тийбесине көзү жеткен элге эмне керек? Албетте тынчтык керек. Демек бул, саясый атаандаштыкты камсыз кылган керектүү система. Бара-бара саясый күрөштүн жаңы ыкмаларына үйрөнүп, көнүп кетебиз деп ойлойм. Биз болбосок, саясый күрөштүн жаңы маданиятына кийинки муун үйрөнөт. Ошону ниет кылышыбыз керек. Айтор, 1917-жылдагыдай ак-кызыл болуп, тең жарыла бөлүнүп алып кырылышпайбыз. Себеби туруктуу, туруксуз идеяларга, көп командаларга бөлүнүп алдык. Бул жерде, жалпы адамзатка залал алып келчү идеяларды кармангандарга жол бербөө керек. Анан журналистер коомчулугу да төртүнчү бийлик экенибизди унутпай, чектен чыкпай, моралдык этикалык нормаларды карманышыбыз керек. “Ушуларга кошулдум бүттү” деп эле жүрө бербей, чындык, акыйкаттык тарапта болуш керек экенин унутпай, партиясы тетири кетип баратса аларды да сындап, керек болсо, кош айтышышы керек.

 

- Кийинки кездерде айрым кесиптештерибиз журналист деген бийик наамдын аброюн түшүргөн фактылар арбып бараткандай. Жакында эле КСДПнын депутаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жылдыз Мусабекованын бир жаш журналист кызды оозго алгыс сөздөр менен ашатып сөккөнү жарыяланып, коомчулук шок абалында калды. Ошол чатакта Жылдыз Мусабекова журналистерди ич тардыкка күнөөлөп - “они все остались в говне, а я вырвалась...” дегени да маалым болду. Коомчулукта, “журналистер бири-бирин колдоп, мындайда унчугушпай калышат” деген пикирлерин айтышууда. Сиз кандай дейсиз?

 

- Эми көпчүлүк журналистер мурун-кийин Жылдызды тааныгандан улам, анүстүнө “аудио элге тарап кеткени деле жеткиликтүү эле сокку болду” деген ойдон улам кийилигишкен жок окшойт. Бирок ЖМКларда, айрыкча интернетте катуу эле талкуу болду. Жылдыздын – “журналистердин баары бокко чөмүлгөн бойдон калды, мен жалгыз боктон суурулуп чыктым” дегенине мен териккен деле жокмун. Ачуусу менен айтып алып, балээге калды деп койдум. Журналистер жүргөн чөйрөнү бокко теңесе Жылдыз Мусабекова катуу жаңылышат. Журналистер карапайым элдин арасында, элден бөлүнбөй, эл менен жуурулушуп эле жашап келе жатпайбызбы. Анда элибиз да бокко чөмүлүп, депутат болгондор эле Акүйгө кирсе эле боктон арылып калабы? Жок, элибиз таза, ариет. Элибиз тетирисинче – “бийликке баргандар ирип-чирип, сасып кетти” дешет. Андыктан, Жылдыз Мусабекова боктон арылып, “Гагарин” болуп кеткен жок. Тетирисинче “бийликтин көчүгүнө жабышам” деп, моюну-башы эмес тилине чейин бок кылып алганын көрсөтүп алды го. Анын жүрүм-турумунан КСДП сасып, аброю түшүп, бийликтин айлалары кетип, жыйналышка чакырып келтире албай жатканын уктуңар да. “Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт” деген ушу. Эси жогураак аял эсирип кеткенинин далили да. Эми мен ойлойм, журналистер Жылдыздын мисалынан туура бүтүм чыгарып, мындай каталарды кайталабай, элге үлгү болоорлук жүрүм-турумга ээ болушу керек. Болбосо ак менен каранын чайкашында чындык, акыйкаттык үчүн күрөшө албайт да. Журналист деген бийик, ыйык кесип. Ошого татыктуу бололу да.

 

- Эми, сөздү башка нукка, учурдагы саясый кырдаал, алдыдагы президенттик шайлоого буралы.

 

- Шайлоо жакындаган сайын кырдаал курчучудай болуп бараткандай. Жогорку Кеңештин шайлоо мөөнөтүн аныктай албай жатышы, Улутчулдардын курултай чакырышы, курултай темасын президенттин колдоого алып, дагы курултай чакыруу аракеттери, көптөгөн маселелердин белгисиз калып жатышы ар кандай ой толгоолорду санаркоолорду пайда кылууда. Жалпы жонунан элибиз шайлоонун тынч, таза, калыс, адилет өтүшүн, турмушта кандайдыр бир жаңылануунун башталышын күтүп жатат.

 

- Президентикке талапкерлерлердин аракеттерин Борбордук Шайлоо Комиссиясы (БШК) сынга алып, мыйзам бузуу катары баалап эскертүү бергенин кандай дейсиз?

 

- БШКнын төрайымы “мыйзамда үгүт жасоо мөөнөттөрү так жазылган”- деп шайлоо дайындалып, расмий шайлоо процесси башталгандан кийин айтчу сөздү айтып жатат. Азыр болсо шайлоо дайындала элек. Саясатчылар ар кандай ыкмалар менен элге жагыш үчүн кадимки иш-аракеттерин көрүп, саясый иш менен шугулданууда. Мунун эч эрөөн-төрөөнү жок. Эч кандай мыйзам бузуу жок. Адам эс тарткандан баштап “президент болом” деп талпынып, өзүн “пиарить” эте бергенине тыюу сала албайсың. “Талапкерлердин таскагы катуулап кетип, бийликтин адамы чаңда калып, алдырып жибербейли” деген санаркоосу бийликтин адамы, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын оозунан жаңырып жатат. Бул жөн гана бийлик тарабындагылардын чочулоосунан улам чыккан сөз.

 

- Талапкерлерге келсек, азыр расмий жарыя кылып иш аракеттерин баштагандар бирин-экин. Жарыялаган кезеги менен айтсак: Турсунбек Акун, Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаевдердин аттары айтылды. Чыгат экен дегендер Мыктыбек Абдылдаев, Камчыбек Ташиев, Турсунбай Бакир уулу, Кеңешбек Дүйшөбаев, Марат Иманкулов, Камила Шаршекеевалардын аты аталып, буга кошумча өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын ысмы да аталууда. Бийлик талапкеринин атын жума сайын өзгөртүп,  табышмакка айлантып айтпай келет. Талапкерлер тууралуу кеп салсаңыз. Кимисинин канча шансы бар деп ойлойсуз?

 

- Эртең, гезит чыккан күнү, 16-апрелде КСДПнын саясый Кенеши чогулаары айтылды. Ошол жерде шайлоонун мөөнөтү боюнча КСДП фракциясынын сунушу жана партиянын атынан чыга турган талапкердин аты аталат деп жатышат. “Буга чейин эмне талапкер көрсөтпөйсүңөр?”- деп КСДПга кине коё албайбыз да. Алардын өз иши. Анткени шайлоо дайындала элек. Убакыт бар. Алардын, улам бирөөнү айтып, баш оорутканы тактикалык жактан туура болду десек да болот. Биринчиден чынында эле кимди көрсөтөөрүн билбей кыйналышты окшойт. Себеби бир киши эле чечет да. Экинчиден, негизги талапкерди соккудан алыс кармап, талоонго алдырышкан жок. Эми мына, убагы келди окшойт, буга чейин “громоотводдун” ролун аткарып келген Президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаковго “тажырыйбам аз” дегенсип “откез” бердиришкенине караганда - накта талапкерин эми алып чыгат шекилди. Коомчулук ичиндеги ой-пикирлерге караганда премьер-министр Сооронбай Жээнбековго токтолушканы айтылууда. “Дублер” катары фракция лидери Иса Өмүркулов менен спикер Чыныбай Турсунбековдор бар экени канкууланууда. Эми, ушул эл айткандай болобу, же башкача болобу? Кандай деген күндө деле бул сырдын ачыкка чыгаары анча алыс эмес. Акыры айтышат бир күнү.

 

“Чыгат экен” дегендердин кимиси даана чыгаарын, чыгып алгандарды кимиси аягына чейин тураарын деле айтыш кыйын. Шайлоо деген көп каражатты талап кылгандыктан кимисинин капчыгы канчалык калың-жука экенинен көз каранды болуп жатат. Шайлоонун өтө турган мөөнөтүнүн такталбай жатышы, “парламент жоголсун, конституциялык реформа...” деп жаткан курултайчылардын демилгесинин президенттин колдоого алып жатышы да далайларды олку-солку кылып, шайлоо болобу, болбойбу (?), дедиртип күмөндөнткөнүнөн улам күтүү режимине киргизип салгандай.

 

Аттанып алган бешөөнөн Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаевдер эл менен күпүлдөп иштеп, Өмүрбек Текебаев камакта жатат. Турсунбек Акун болсо, эми ал аттанбаса деле аттангандай жүргөн байкуш өз амплуасында.  Буларга эми бийликтин сай күлүгү кошулса мына ошондо саяпкер, сынчылардын кезеги келет.

 

Суроо салган

Аэлита Сатиндиева

Булак: “Майдан.kg гезити