К.Ташиев: "Ушул күздө боло турган шайлоодо акчалууларды, элди акчага сатып алам дегендерди, шайлоону акча менен өткөрүп алам дегендерди жакындатпашыбыз керек".

 

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери: 

 

- Мамлекеттүүлүк, саясат жана жоопкерчилик” бүгүнкү күндө эӊ жогорку маселелердин бири. Эгер бүгүн стабилдүүлүк маселесин чечпесек, анда Кыргызстанды дагы бир жолку саясий кагылыш күтөт. Ошондуктан, быйылкы президенттик шайлоодо кантип стабилдүүлүктү сактап калабыз, кандай адамды шайлоого чыгарабыз, кандай адамды биз президент кылып шайлап алабыз жана мамлекетибиз кандай багытта өнүгөт, ушул суроо абдан маанилүү. Ушуну биз талкуулап жана максат кылып алууга милдеттүүбүз. Себеби мамлекетибиздеги стабилдүүлүктү сактабай туруп, бийлик ала турган болсок, кандай болоорун өзүбүз көрдүк. Бир эмес, эки жолу. Эгерде биз мыйзамга жат адамдарды алып келсек кандай иш алып барганын да көрдүк.

 

Алдыбызда эң башкы саясий окуя турат, бул президенттик жарыш. Ошонун алдында айтып кете турган нерсе - коомчулук буга чейинки шайлоолордон сабак алышы керек. Ал шайлоолордо негизги ролду эмне ойноду эле? Шайлоодогу эң кооптондурган нерселер - бийлик жана акча. Бийлик өз ресурсун колдонуп, акчалуулар акчасын чачып, эл каалаган адамды бийликке келтирбей коюшу мүмкүн. Мындай көрүнүштүн кесепетин көрүп деле жатабыз. Биз 2011-жылкы шайлоого катышканбыз. Ошондо абдан көп мыйзам бузуулар болгон. Жыйынтыгында, эмнеге ээ болгонубуз белгилүү. Ошонун кесепети алты жылдан кийин чыгып жатат. Ушул күздө боло турган шайлоодо акчалууларды, элди акчага сатып алам дегендерди, шайлоону акча менен өткөрүп алам дегендерди жакындатпашыбыз керек. Биз муну элге көп айтып жеткиришибиз керек. Биз ушуга көнүп, макул болуп калбашыбыз керек.

 

Бирок, биз бир гана бийликке эле жоопкерчиликти жүктөбөшүбүз керек. Өзүбүз да жоопкерчиликтүү болушубуз керек, айткан сөзүбүз үчүн, ар бир кылган ишибиз үчүн жооп беришибиз керек. Президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин жана алардын командасынын жоопкерчилиги да өзгөчө орунда турат. Мен ойлойм, ушул залда “президенттикке аттанам” деген бир нече талапкерлер отурса керек. Ошол адамдар сөзсүз түрдө жоопкерчиличикти сезе билиши керек. Алар эптеп эле шайлоону утуунун жолдорун эмес, мамлекетибиздеги туруктуулукту, тынчтыкты жана мыйзамдуулукту сактап калганга толук бойдон күч аракеттерди жумшашы керек.

 

(“Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик” тегерек столунда сүйлөгөн сөзүнөн)

Булак: “Майдан.kg” гезити