Т.Сариев: "Мураскер болбошу керек. Талапкерлердин баарына бирдей мүмкүнчүлүк бериш керек, шайлоочу гана өлкөнүн кийинки президенти ким болорун аныктоого тийиш..."

 

- Азыр “Өмүрбек Текебаев камалды” деп ызы-чуу болуп жатат. Буга чейин да Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков сыяктуу саясий лидерлерди камакка алуу, аларды “сындыруу” аракеттери болуп келген. Муну менен бийлик соттордун колу менен өзүнө күчтүү атаандаш болчуларды саясат айдыңынан чыгарып коюу оюнун жүргүзүп жаткан жокпу?

 

- Саясатта орду бар, күчтүү саясатчыларга кылмыш иши козголгондо, албетте саясатка айланат, саясий боек берилет. Көп тармактарда реформа жүрүп жатат. Тилекке каршы, сот системасындагы реформа таптакыр аксап калды. Ошондуктан, “саясий атаандаштарды мыйзамсыз ыкма менен алсыратып, саясат айдыңдан четке сүрөт”- деген сөздөр болуп жатат.

 

Буга өлкөдөгү окуялар күбө болууда. Бирок, Камчыбек Ташиев соттон акталып чыгып, азыр саясатта өзүнүн орду бар. Ахматбек Келдибеков да өзүнүн мыйзамдуу укугун колдонот болуш керек деп ойлойм. Бул саясий буйрук болсо эртели-кечпи ачыкка чыгат. Мындай абалды укук коргоо органдарына, сотторго саясий кийлигишүүнү токтотуу  жолу менен чектей алабыз.

 

- Коомчулукта жакынкы боло турчу президенттик шайлоодо “Алмазбек Атамбаевдин мураскери болуп калышы мүмкүн”- деп сиздин ысым аталып жүрөт. Бул сөздүн чындыгы канчалык? Эгерде шайлоодо жеңишке жетип калсаңыз, Кыргызстандагы ички жана тышкы саясатын ушул бойдон сактайсызбы же республика башка жол кетеби?

 

- Биздин партия партконференцияда президенттикке менин талапкерлигимди көрсөтүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле, азыртан менин талапкерлигимди колдогон көптөгөн саясий күчтөр бар. Андыктан, мени президенттикке партиялар, уюмдар жана жөнөкөй жарандар көрсөтүп жатат.

 

Мураскер боюнча оюмду мен буга чейин дагы айткам. Бул боюнча президент А.Атамбаев дагы өз оюн билдирген. Мураскер болбошу керек. Талапкерлердин баарына бирдей мүмкүнчүлүк бериш керек, шайлоочу гана өлкөнүн кийинки президенти ким болорун аныктоого тийиш.

 

Тышкы саясат Кыргызстандын жана биздин өлкөнүн айланасындагы  тынчтыктын сакталышына жана туруктуулукту улантууга багытталууга тийиш. Биз тынчтыкты сактоого, коомдун туруктуулугун камсыз кылууга, бийликтин абройун жогорулатууга тийишпиз. Мамлекет салмактуу жана күчтүү саясат жүргүзүшү керек. Бүгүнкү күндө бизге эң керек нерсе ушулар. Анан албетте, экономика. Биз калктын жашоо-шартын  жогорку деңгээлге көтөрүшүбүз керек.

 

- Кыргызстан эки революцияны башынан өткөрдү. Азыркы курч кырдаалдан улам үчүнчү революция чыгып кетиши мүмкүнбү?   

 

 - Биз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн оор жана татаал жолду тандап алдык, андыктан учурда эмнеге ээ болсок, ошону барктай билишибиз керек. Үчүнчү революция эч кимге кереги жок! Өлкөнүн кайсы бурчундагы жаранынан сурабагыла, мындай кырдаалдын эч кимге кереги жогун айтышат. Азыр тынч, мыйзамдын алкагында саясатта жүрүп, өлкөнү жакшы жакка өзгөртсө болот жана ушуну менен алектенишибиз керек. 

 

- Сизди “Ахматбек Келдибеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү” деген сөздөр чыкты. “Келдибековдун штабы сизге кошулат экен” деп атат. Бул сөздөр канчалык деңгээлде чын?

 

- Шайлоонун алдында бардык саясатчылар ар кандай талкууларды жүргүзүп, жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү турган иш. Азыр да ошол процесс болуп жатат. Негизи ушундай сүйлөшүүлөр жүрүп турганы жакшы нерсе. Анан албетте, мындай процесс жүрүп жаткан соң “тигил саясатчы менен бул саясатчы биригет экен” деген сөздөр боло берет...

 

- Сиз Өкмөт башчысы болуп турганда Аксы районундагы телемунара жайгашкан Уңгар-Тоону Өзбекстанга таандык делген протокол чыккан. Анда сиздин койгон колуңуз да көрсөтүлгөн. Уңгар-Тоону биздики дебестен өзбектердики деп тааныганыңыз ыраспы?

 

- Бул карандай калп. Асман менен жерди алмаштырып салгандай. Мен Өкмөт башчысы болуп тың иштеп жатканда кимдир бирөөлөр саясий боёк беребиз дешти.  Унгар-Тоо боюнча, башка документтер бар, эң акыркысы К.Бакиев президент болуп турганда кабыл алынган, убагында көчүрмөсү гезиттерге чыккан. Биздин өкмөт көтөргөн маселе - Уңгар-Тоонун жанында кошумча станция куруу боюнча берилген тапшырма болчу. 2010- жылдан бери бир дагы сантиметр жер берилген эмес. 2016- жылы 22- мартта Аксыга барганда мен элдин алдына чыгып, ушуну айткам: "Бир да сантиметр жер берилбейт”- деп. Тескерисинче Өзбекстан колдонуп келген 19 объектти Өкмөттүн токтому менен кайтарып алдык. Анын ичинде Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы, 4 насостук станция, Баткендеги кампалары, Ысык-Көлдөгү төрт пансионат бар. Мунун баарына мен премьер-министр катары кол койгом. Кантип анан Сариев Уңгар-Тоону Өзбекстанга берди деп айта алабыз. Бул бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай эле кеп.

 

- Сиздин дарегиңизге Балыкчы-Корумду жолунан 6 млн долларды сол чөнтөккө солоп койгон деген сөздөр айтылууда. Өзүңүз да ушул чуудан кийин Өкмөт башчылыгынан кеткенсиз. Жол салуу боюнча тендерге аралашканыңыз ачыкка чыгып калат деп коркпойсузбу?

 

- Парламентке барганымда бул маселе боюнча өзүмдүн жообумду так, ачык айткам. Жолду шылтоолоп, атайын чыр кылышып, Сариевди кетирүүнүн жолун издешкен. Мен кызматтан эмне үчүн кеттим? Анткени, парламентте менин фракциям жок болчу. Өкмөт менен парламенттин ортосунда тирешүү күчөй баштады. Өкмөттүн негизги маселелери парламент аркылуу чечилет. Эгерде Өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосунда тирешүү болгон болсо эч кандай жыйынтык болбойт. Мен “бийлик бутактарынын ортосунда тирешүү болбосун” деп отставкага бердим. Мени кызматтан алуу үчүн жол шылтоо болсо, себеп башкада болчу. Көпчүлүгүн  Сариевдин иш стили, ыкчамдыгы тынчсыздандырып жатты. Балыкчы-Корумду жолун баштаганым үчүн мени күнөөлөсө, мен ал күнөөнү көтөргөнгө даярмын деп айттым. Бул жолдун салынышы үчүн кошумча каражаттарды таап жатканбыз. Келечекте дагы тапмакпыз. Чечим кабыл алып, баары менен макулдашылып башталган жол. Президент менен да бул маселе боюнча бир нече жолу сүйлөшкөнбүз, баштай берели деп кеңешкенбиз. Ошонун негизинде башталган. Тендерди транспорт министри өткөрөт. Бул алардын түздөн-түз укугу. Эгерде тендерде кандайдыр бир мүчүлүштүк кетсе транспорт министри, комиссиянын төрагасы жооп берет. Премьер-министрдин тендер өткөрүүгө эч кандай тиешеси жок. Мен бүгүн да айтам, жол туура башталды. Тескерисинче, биз кечигип баштадык. Сариев кетти башка эч нерсе өзгөргөн жок, ошол эле компания иштеп жатат. Мен ачык айтып коёюн, бул жолдон 6 млн доллар эмес 6 тыйын да алынган жок. Менин принцибим таптакыр башка. Бардык министрлерден ачык, таза иштегиле деп талап кылчумун. Отставкага кетип жатканымда Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, “баарыңардын көзүңөргө тик карап айта алам, бирөөңөрдөн тыйын сураганым жок,  муну жасап кой дебедим, баарыңарды таза иштөөгө чакырып, таза иштейли деп талап кылып турдум”- деп айттым.

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити