Эрнис Асек уулу: "Пас кишилерге теңелбе" дечү. Кандай мыкты сөз?! Атамбаев өтө пас, кекчил киши турбайбы…


- Эрнис байке, өлкөдөгү саясий кырдаал күчөп кетти. Мыкты, тажрыйбалуу депутат, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди иш сапарынан келаткан жеринен кармаса, экс-депутат Садыр Жапаровду Казакстандын чек арасынан кармап кетишти. Буга ажо күнөөлүүбү же УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевби?


- Бизде качып баратканды кармабай, кайтып келатканды кармагандары бир чети жылмаюуну келтирсе, бир чети… азыркы саясат таптакыр тескери багыт алганынан кабар берет. Өлкөдө кадимкидей саясый куугунтук башталды. Бүгүн бийликтин эки тизгин, бир чылбыры толугу менен бир кишинин колуна келди. Толугу менен. “Өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” болуп калды. Парламентти, аткаруу бийлигин, сот бийлигин, атүгүл төртүнчү бийлик аталган массалык маалымат каражаттарын Атамбаев каалагандай калчап калды. Эки революция жасап алып, эл үмүтүн актагандын ордуна, айланып келип, кайра эле баягы сынган тепшинин алдына келдик. Бүгүнкү бийлик алты жылдын ичинде ири реформаларды баштап, алгачкы үзүрүн көргөнгө мүмкүнчүлүгү зор болчу. 2013-жылдан баштап бийликти узурпациялоо даана көрүнө баштаган. Өмүрбек Текебаев ошондо эле бул бийликти сары изине чөп сала баштаганда, мынчалык өзүм билемдик болбойт беле дейм. Азыр саясый элита коңулга кирип алды, президенттик шайлоону күтүп. Ал шайлоодо башка бирөө келип, баарын туура багытка бурчудай ойлоп жатышабы, билбейм. Өз каражанын гана ойлогон саясатчылардын, чиновниктердин зор армиясы түзүлдү. Кайра эле бул бийлик мурдагы бийликтердин жолоюна түштү. Парламентаризм идеясынын өпкөсүн үзүп койду. Атамбаевдин авторитаризмин референдум менен бекитип берип койгонубузду билбей калдык. Жакшы эмес. Өлкөбүз чукул ири реформаларга муктаж болуп турганда, душман издөө менен алек болуп калдык. Сазга тыгылган бойдон турабыз.


Ал эми Текебаевдин камалышы саясый куугунтук экени айдан ачык болуп турат. Бул түздөн-түз Атамбаевдин көрсөтмөсү, “кандай кылсаңар да, темир тордун артына тыккыла!” деген. Аны Абдил Сегизбаев аткарып жатат.


- Текебаевдин миллион доллар пара алганына ишенесизби?


- Эки тараптын жүйөөлөрүн баарыбыз угуп жатабыз. Мен юрист эмес, чылкый чыгармачыл киши болсом да, УМККнын далилдери суу кечпей турганы көз көрүнөө. Текебаевдин адвокаттары, тескерисинче, күнөөнү ынанымдуу четке кагып, далилдеп жатышат. Ага тергөө “кынтыксыз далилдер табылды” деп жооп кылды. Кынтыксыз далилдери болсо, КТР 24 саат бою көрсөтүп жатып калмак. Эми көрө жатарбыз. Мен Өмүрбек Чиркешовичти жеке тааныштыгыман тышкары байкем аркылуу жетиштүү билем, бу киши принциптер менен жашайт, принцибине бекем турат. Мурдагы эки бийликке каршы туруп, сак болуп калган киши. Өзү айткандай мык алса да, эсеп-чотун алып коет. “Ата Мекендин” лидери камалганы – саясый куугунтук гана.


- “Байкем” деп калдыңыз, Алмазбек Атамбаев эки жылдан бери эле сиздин агаңыз, айтылуу инсан Мелис Эшимкановду эстеп атат. Мына жакында эле, 24-мартта: “Эшимкановдун убагынан бери журналисттер шантаж менен шугулданып келет” деп айтты. Чыны биз түшүнгөн жокпуз, эмнеге Эшимкановду кошуп кеткенин. Сиздин оюңузча, мунусу менен эмне айткысы келди?


- Ай, ушул агам боюнча унчукпай эле коеюн дедим эле, сурап калыпсың. Чоң энемдин чолпон сөздөрү менен чоңойдум да, а киши мындай учурда: “битке теңелип, көйнөгүңдү өрттөбө” дечү. “Пас кишилерге теңелбе” дечү. Кандай мыкты сөз?! Кыргыздын сөздөрүнөн айланса болот. Атамбаев өтө пас, кекчил киши турбайбы. Агамдын арбагы түшүнө кирип жатса керек да. Тамашалап айтсам, аркы дүйнөдөн өзү тосуп алып, Атамбаевдин атасын Андижандан көрсөтөт болуш керек. Тамашасы жок айтсам, агам жөнүндө эки жыл мурун айтканы мага катуу тийген. Басма сөз күнү журналисттерди куттуктап чакырып, анан бир журналисттин “кыргыз гезиттерин окуйсузбу?” деген суроосуна жооп берип, кыргыз гезиттерин окубай тургандыгын, ушакчы экенин айтып келип, “Билесиңер, а кишинин көзү өтүп кетти, кыргыз гезиттерин ошол киши ушундай кылып кетти” деген тейде айтып, анан орусча “хорошо что он умер” дебедиби. Кесиптештер телефон чалып, “уктуңбу?” деп күңкүлдөшөт. Кишинин өлгөнүнө сүйүнгөн ушундай пас кишини көрдүм, тобо. Көчөдөгү киши айтса мейли эле, анан өлкө башчысынын оозунан ириген сөз чыкканына арга жок баш чайкайт экенсиң. Атамбаев каалайбы, каалабайбы, Эшимкановдун кыргыз жаңы тарыхында өз орду бар. Экөө тең өз тарыхый баасын алышат. Кыргыз гезитин окубаган президент да президентпи? Атамбаев ошол эле Эшимкановдун “Асаба”, “Агымы” аркылуу таанылып, бийлик куугунттуктаганда элге үнү жетип турчу эмес беле? Агам каза болгондо, Шакем айтты эле, Шайлообек Дүйшеев: “Азыркы саясатчылардын баарын элге ушул Мелис эле таанытты. Тимеле пластилиндей эле жасап чыкты да” деп. “Хорошо что он умер” деген сөзүн жеңем угуп, көзү жашылданып, аябай жаман болгон экен, байкемдин уул-кыздары уккан жок, улуулары Америкада, кичүүлөрү али түшүнө элек, баарынан балдарына катуу тийет да. “Өлгөнгө көмгөн” деп коет муну кыргыз. Ага барган ажо пас деңгээлин көрсөтүп жатат. Мен ошондо жанында болсом, унчукпай туруп Атамбаевди ооз талаштыра бир урмакмын. Эми өттү-кетти, бул “битке” теңелбейм.


- Анчалык кек сактагандай Мелис байке эмне кылды эле?


- Ой, Токтогулдан Атамбаевдин президенттик шайлоодо эл менен мас болуп жолукканы КТРдин жаңылыктарынан берилген да. Анда байкем КТРде эмес беле. Ал мас болгону азыр да Ютубда жүрөт. Бекназаров китебине жазды. Ошонусун кечире албай койду окшойт. Ичкен өзү, анан күнөөлөгөнү байкем. Кекчил киши кечирбейт тура. Эр азаматка ээр токумдуу ат батат дечү эле, буга чычкак улак да батпайт турбайбы.


Кийин бул боюнча чай ичип олтуруп байкемен сурагам, “чыгарбай койсоңуз болот беле?” деп. “Ээ, үка, кайдан? Оксана Малеванаянын секретариаты “Ала Тоону” толук башкарып калган. Мени жолотушчу эмес. Ошондой жагдайлардан улам “кызматтан кетем” деп Бакиевге үч жолу арыз жазгам” деди эле. КТРге барганына революция боло электе эле өкүнүп жүрчү. “Жаман оюмда ушул КТРди оңдойм дегем да, мындай бийлик менен болбойт экен” дегени эсимде. Ошол Малеванаянын секретариатында КТРдын азыркы жетекчиси Илим Карыпбеков, азыр президентке чукул журналист Султан Жумагулов иштечү… Эми байкем жөнүндө көлөмдүү китеп жазып жатпаймынбы, бардыгын ошол жактан окуйсуңар.


- “Мелис Эшимканов менен дос эле” дешүүдө. Дос болгон үчүн Бей-бечаралар партиясын СДПКга кошту беле?


- Бей-бечаралар демекчи, бул партиянын түзүлгөнү кызык. Идеянын жаралышына күбө болдум. “Асабанын” мазмунун талкуулап, саясатты кеп кылып кабинетте Кубат аке (жазуучу Кубатбек Жусубалиев), Мелис байке үчөөбүз олтурганбыз. Кубат аке айтып калды: “Эй, Хозяин, гезитиңе жаңы нук киргизейин десең, саясатка олуттуу аралашайын десең, мени ук. Заманды көрүп турасың. Элдин баары бей-бечара болуп калды. Элге чукул болом десең, кабарчыларыңа ушул бечараларды жаздыр, жөнөкөй эле турмушун, күнүмдүгүн жаздыр. Саясатыңды айтсам, Бей-бечаралар партиясын түз. Ушинтип эле атап кой, бей-бечаралар партиясы деп эле. Эл агылып келет, көрөсүң” деди. “Сонун идея экен, бирок бей-бечара деген аталышы кандай болуп калат?” деди Мелис байке. “Андай аталбаса, анда түзбөй эле кой” деди Кубат ака. Ошону менен сөз бүттү. Мен элес алган жокмун. Гезиттин кийинки санына Мелис байке адеттегидей “Эшимкановдун эгемен ойлорун” жазып, элге “Бей-бечаралар партиясын түзөлү” деген чакырык таштады, өзү деле орчундуу маани бербестен, элдин маанайын билгиси келген. Гезит чыккандан кийин көрүп ал, эл тимеле агылып келе баштады. Алардын аты-жөнүн гезитке жазып, биз үлгүрбөй калдык. Бир айдын ичинде партияга киребиз дегендердин саны он миңден ашып кетти. Эл араң эле туруптур. Бийлик чочуп кетти. Партия менен бийлик эсептешкенге туура келди. Акаев дароо байланышып, партиянын биринчи съездине катышмай болду. Эл менен экенин көрсөткүсү келди. Партияны катары жүз миңден ашып кеткен. Тизме гезитке берилип турду. Эми партиянын кийинки жүрүштөрүн айтып олтурсам сөз бүтпөйт. Кийин оппозицияда жүргөндөр ушул партияга баш кошушту. Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов, Бакыт Бешимов, Түгөлбай Казаков, Мирослав Ниязов ж.б.ж. б. Зор күчкө айланды. Съезд өткөрүшүп, “Бей-бечаралар” дегенди алып салышып, Эл партиясы деп өзгөртүштү. Бийликке каршы катуу турушту. Бийлик партия түзүлүп жатканда, башында жүргөндөрдү бузуп, Мелис байкеге каршы тукурушту. Айтор, ызы-чуусу көп болду. Мелис байке Атамбаев менен аябай жакшы болуп кеткен. Мен билгени байкем “Ата Мекенге” кошулууга көңүлү бар болчу. Өзүнчө алып кеткенге көңүлү чаппай, партия ичиндеги интригадан кадимкидей чарчап калган эле. Анан эле социал-демократтарга кошулуп кетти. Бул кошулууга партия ичинде каршы болгондор да болгон… 2012-жылы Орусиядан бир байке келиптир, байкеме куран окутуп. Атын атабай эле коеюн, Орусияга кеткенине көп жыл болгон. Жарандыгын алыптыр, жетиштүү каражат топтоптур, “Единая Россиянын” мүчөсү экен. “Эрнис, давай, бей-бечаралар партиясынын документтерин көтөрүп чык, кайра жандыралы, менде акча жетиштүү, баштабайлыбы кайра, Мелистин арбагы ыраазы болсун” дейт. “Билесиз, мен саясаттан тыш кишимин. Партия СДПКга кошулуп кеткен, съезд чакыртып, кайра бөлүнүп чыккыла да, ошондогу балдар барсыңарбы?” десем, “Ошону сенден сурап жатпаймынбы” дейт. “Мен партияга аралашкан эмесмин “ дедим. “Анда ойлонуш керек экен” деп кеткен. Кыскача таржымалы ушундай. СДПКнын катарында Иса Өмүркуловдон башка азыркылар дегеле жок болчу. СДПК “Алга Кыргызстан”, “Ак жолдун” кейпин кийип калат деп ким ойлоптур анда?


- “Сөз эркиндиги бар” деп атат ажо баш, СДПК төш болуп… Өзгөчө Ирина Карамушкина ажого болушуп, “тиги минтип жазыптыр, тиги тигинтип атыптыр. Буларды жоопко тартыш керек!” деп кыргыздарга кыр көрсөтүп, катуу-катуу сүйлөп алып, Орусияга барганда “мени кордоп атышат” деп ыйлактаптыр. Ушунусу туурабы? А булар өздөрү жамандаса, бир жактуу “КТР”, “ЭлТР”, “Ала Тоо 24 kg”, “7-канал” жана башка гезиттери аркылуу шыбаса жакшы да, башкасы жаманбы? Гезиттердин да көбүн өздөрүнө буруп алды. ММКнын көпчүлүгү ажонун көңүлүн караганы үчүн, менин гана чындыгым жетет дегенсип эле эркелеп алды го. Каерге барса эле: “Мени жамандап атышат, ушакка ишенбегиле. Мен тазамын, акмын” деп эле атат. Ажонун тазалыгына сиз ишенесизби?


- Ич-күптүң көп экен го, иним? “Бизде сөз эркиндиги барбы?” деген суроону 90-жылдан бери эле угуп келатам. Бардыгыбыз бир ооздон “Бар” деп жооп беребиз. “Бар” болсо, эмнеге мындай суроо берилет? Бар жерде мындай суроо өзүнөн-өзү берилбейт да. Демек, ар түрдүү ыкма менен ооздуктоо болуп жаткандыктан суроо чыгып жатат да, туурабы? Азыр да мурдагыдай ооздуктоо аракети жүрүп жатат. Эми Карамушкинанын деңгээлин айтпай эле коелу. “Главный” кишинин деңгээлин көрүп жатпайсыңарбы? Илгери “калкына жараша каны” болуп келсек, азыр “канына жараша калкы” болуп баратабыз окшойт. Мен Атамбаевдин кетишин гана күтүп калдым. Алты жылда атан төөдөй иштерди баштаганга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бул кеткенден кийин кашайып кайра башмыйзамды өзгөртүүгө туура келет эми.


- “Азаттык” үналгасын, “Заноза” “”24.kg” сайттарын миллиондогон доолор менен сотко бергенине, алардын мүлкүнө, эсеп-чотун камакка алганына кандай баа бересиз?


- Айкөл Манас деп кыргыз эмнеге айтчу? “Айкөл” деген сөздүн өзү ары терең, ары бийик. Кишинин көптөгөн эң мыкты сапаттарын камтыган сөз. Бул сөзгө ар ким эле татый бербейт. Эң биринчи кезекте журт башчысы ушул сөзгө татыгандай болушу милдет (!). Айкөл журт башчысына душман да жаман сөз айталчу эмес. Анан ага татыбасаң, сөзсүз сын айтылат, жаман сөз айтылат, имиш сөз ээрчийт. Чындыгында, президентибиз баш болуп, интеллигенция, коомчулук, саясатчылар, депутаттар, журналисттер, дегеле катардагы жарандар, бардыгыбыз өтө эле майдаланып кеттик, бытырап кеттик. Президент көлөкөсүнөн да коркуп калганбы дейм. Ой, элди бириктирип, ынтымакка чакырып, ийри олтуруп, түз кеңешкендин ордуна… Теңирден тескери кетти. Мен билгени аталган массалык маалымат каражаттары мыйзамдын чегинен чыккан жок. Бийлик чектен чыгып жатат. Азыр соцтүйүндөрдү карагыла, эмне деген ашмалтай сөздөр жазылып жатат. Аларды ММКлар менен чаташтырбоо керек. Президент “комментарийлерге чейин окуйм” дебеди беле, аларды журналисттерге жабыштырбасын да. Өзү кайсынысы кайсыл экенин билбей калганбы дейм. Дал өзү сотко берген ММКлар мыйзам менен иштеген, башкаларга үлгү боло турган, эки тарапка тең сөз берген, кесипкөй каражаттар, өз юристтери да бар.


- Садыр Жапаровду колдоп келгендерди орой күч менен таркатышты. Атасын тосуп келген балдарынан бери сабап жиберишти. Мындан ары саясый кырдаал күчөп кетпейби?


- Күчөмөк тургай, кылчайнашкан кырдаалга түртүп жатат бу бийлик. Өлкө башчысы мамлекеттин бейпилдигинин кепилдиги болуусу керек эле. Бул киши кепилдикти башкача түшүнөт турбайбы. Күч менен, коркутуп-үркүтүү менен бейпилдик эч качан орнобойт. Тынч жаткан элди дүрбөткөн өзү болуп жатат. Тынчтык падышанын оозунда болушу керек. А бу кишинин оозунан ак ит менен сары ит чыгып жатпайбы. Мурдагы эки бийликте да ушундай болгон. Өзүнө каршы күчтөрдүн баарын бир муштумга бириктиргени калды. Мурда салынып, оюлуп бүткөн нукка салды кайра эле. Минтип олтурса, шайлоого жетпей калабыз го, жетсек да, шайлоо өзү чоң чырдын башаты болушу мүмкүн. Ошондуктан азыртадан аттын башын бурбасак болбойт. Өткөндө бир “арзымат” серепчи (кайрадан баягы терминдер колдонула баштады): “Атамбаевге Грозный деген ат бердим, Текебаевди камаганга дух керек болчу” дейт. Бийлигиң туруп, бирөөнү камаганга духтун деле кереги жок, кокуй. Тескерисинче, осол бийликке каршы турууга дух керек. “Грозныйды айтасың, Атамбаевдики мектепте атамандык талашкан окуучунукундай болуп жатат” деген киши жок. Эң башкысы бардыгыбыз мыйзамдын тили менен жашаганды үйрөнө албай жатпайбызбы.


- Үчүнчү революция болуп кетпейби?


- Болбой эле койсун, кокуй, бирок бийлик тактикасын өзгөртпөсө, Болот Шер айткандай, “эки революцияны эл жасады деп жүрсөк, Атамбаев жасаган турбайбы, эми үчүнчүсүн да Атамбаев өзү кылып алышы мүмкүн” деп туура айтты. Баягы Путин менен жолукканда “Эки революцияны мен жасагам” дегени алешем сөз болгон, кайра 24-мартта анысын “туура эмес тамашалап алыптырмын” дегенине жол болсун. Ушинтип өз сөзүнөн буйтап кетмейи да бар экен.


- СДПКдан бир гана адам чындыкты айтып, калыстык кылып оюн айтып келген. Ал Жанар Акаев. “Балашка кетип, кызымка келди” деп соцтүйүндөрдө жазылгандай эле жагдай болду. Жанар Акаевди партиядан чыгарганы эмнеден кабар берет? Президенттин “Балашка”, “Эдичка” деп сүйлөгөнүнө кандай комментарий бересиз?


- Ой, иним, сөзүбүз аябай майдаланып кетти го? Жанар жөнүндө айтсам, чындыгында калыстыгын гана айтып келаткан. Өз партиясына каршы бир да сөз сүйлөгөн жок, фракциянын позициясында эле туруп келди. Эми фракция бир кишинин гана көзүн карап, бир кишинин сөзүн сүйлөп калгандан кийин Жанар Акаевдин “эркиндик” алганы өзүнө жакшы болду да. Жанар “балашка” эмес эле, өздөрү “балашка” болуп калышты го?


Ал эми Президенттин сүйлөгөн сөздөрүнө эч кандай комментарий бербейм. Ошол эле 24-мартта дагы бир имиш сөздү чындыкка чыгарды, байкадыңарбы? “Акүйдү алгандан кийин мен жеңишти сентябрга чейин жууп кетиптирмин” деди го. Орусча “я обмывал победу до сентября” деди. Беш ай жууп жатыптыр да. Кайра-кайра президенттин сөзүн келтирип, ушу менден бир сөз чыгаралбай жатасың окшойт. Анда ага ак халатчандар комментарий бериши керек.


- Ош окуясында Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдордун акча алганы боюнча А.Капаров ачык айтып чыкты эле, “жалган жалаа” деп өзүн камап коюшту. А Өмүрбек Текебаевди болсо жалган жалаа менен отургузуп салышты. Буга көз карашыңыз кандай?


- А.Капаровдун кинеси абдан олуттуу. Тийиштүү органдар муну тыкыр изилдеши керек. Бирок, көрүп жатпайсыңбы, кайра кандай коомду кура баштаганыбызды. Акыры мунун баары тескелет. Бардыгы өз баасын, керек болсо жазасын алат. Өлкөнүн өнүгүүсүн аябай артка тартып жатабыз. Дүйнөнү карачы, кандай темп менен чукул бурулуштар болуп жатат. Кыргызстанды саздан сууруп чыга турган жаңы күчтөр келе жатат деп ишенели.


- “Баягы Асаба” эмнеге чыкпай калды? Баса, “Асабаны” Чыныбай Турсунбековдуку деп жүрүшөт го…


- Бардыгы каражатка барып такалат да. Демөөрчүлөр менен сүйлөшүп жатабыз. Буюрса, чыгып каларыбыз бардыр… А мурдагы “Асабаны” Акаевдин тушунда сот аркылуу банкрот кылып, андагы бизнесмен, азыркы спикерге “Асабаны чыгар” деп беришкен. “Кыргызалтынга” катталса керек эле…


- Дегеле ажобуз Атамбаевдин алты жылдык мөөнөттө кылган иштерине кандай баа бересиз?


- Мени аябай саясат таануучу кылып салдың го? Эң негизгиси илгери үмүттөрдү ит капты. Чукул жасала турган реформалар жүрбөй калды. Ыраматалык Алыке — Алым Токтомушев жазгандай “жүрүп бараткандай” түр көрсөтүп келишти. “Россиянын губерниясына айландык”деген ашепке сөздөр да чыгып кетип жатат. Жаңы шайланган Атамбаев менен азыркы Атамбаев эки башка адам болуп чыга келди. Муну атүгүл орустардын “КоммерсантЪ” гезитинин журналисти Алексей Колесников байкаптыр го. Бул Путиндин жакшы көргөн журналисти. Кайда барбасын, дайыма жанында ала жүрөт. Өткөндө Путин менен келип кетип, анан гезитине биздин президентти жакшы эле какшыктаптыр. Өлкөнү өнүгүү жолуна салганга Атамбаевде аябай жакшы шанс бар болчу. Бирок мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албайт турбайбы көрсө. “Мегаком” боюнча, банктын ячейкалары, морадерлук, Бакиевдин мүлктөрү боюнча алты жылдын ичинде чекит коюлушу керек эле. Дегеле Атамбаев эгемендүүлүк алгандан бери карай өлкөнү толугу менен “инвентаризациядан” өткөргөндө го, көп маселеге чекит коюлмак. Ток этер жерин айтканда, жакшысынан жаманы көп болду. Сот реформасы болбоду, “Кумтөр” чечилбеди, тышкы карызыбыз көбөйдү, жеңил өнөр жайыбыз кескин кыскарды, айлык, пенсия көтөрүлгөнү менен кымбатчылык кендирди кесип келет, электр энергиясына болгон тарифтер кымбаттоодо, айыл чарбасы “дың” бойдон, айтор айта берсең арман көп, иним. Эң негизгиси үмүтүбүз өчпөсүн. Бул президентибиз жарытпаса да, кийинкисине ишенели. Андай президентти шайлап алуу өзүбүздүн колубузда.


- Анда сиз кимди көрүп турасыз?


- Талапкерлерди толугу менен азырынча биле элекпиз. Программасын, платформасын көрөлү, анан эң негизгиси президентке татыктуу деңгээлине карайбыз да. Адамдык касиети, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билгендиги чоң роль ойнойт. Уучубуз куру эмес. Ошол эле Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Аида Салянова, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров азыркы президентибизден ашса ашат, бирок, кем калышпайт. Дагы жаңы ысымдар менен толукталышы мүмкүн. Бириккендери да болот. Жети өлчөп, бир кесебиз да. Дагы бир ой келип турат, президентке талапкерди тил комиссиясынан гана өткөрбөстөн, медиктердин да комиссиясынан өткөрүшүбүз керек болуп калды.

 

Маектешкен Мирзат МЫРЗА
Булак: Chyndyk.kg