У.Кочкоров:  Адам өзүн күчтүү сезгенде өзүнүн бийлигин, мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү аракетин көрөт. КСДП дал ушундай иштерди аткара баштаганда “Ата Мекен” нааразы болуп, ушундай тирешүү келип чыкты...

 

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, мекенчил саясатчы Улукбек Кочкоров бийликтен бут тосуулар болуп келгенинин себеби, жаңы партиясы жана учурдагы саясий абалга болгон көз карашы тууралуу маек берди.

 

- Улукбек мырза, алгач учурда эмне менен алек болуп жатканыңыз тууралуу кеп кылып берсеңиз.

 

- Учурда “Жаңы доор” партитясын түзүп, ал партияны түптөө иштери менен алекпиз. Жергиликтүү Кеңешке болгон шайлоодо Баткен жана Бишкек шаарындагы шайлоолорго катыштык.

 

- Эмне себептен 2 шаарды эле тандап алдыңыздар?

 

- Убакыт тар болуп калгандыктан ушул шаарларда эле шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк болду. Жыйынтык жаман эмес. Баткенден 7 партиянын ичинен 2-орунду алсак, Бишкектен 14 партиянын ичинен 7-орунду алдык. Бул жаңы түптөлгоң партия үчүн жаман эмес.

 

- Жогорку Кенеште “Өнүгүү” партиясы менен биргеликке шайлоого бардыңыз эле бирок көп өтпөй эле жаңы партия тандадыңыз буга эмне себеп болду?

 

- Орустарда “В чужой монастырь со своими усатавом не ходят” деген жакшы сөз бар. Эгер бир командага кошулсаң ошолордун уставы менен эрежелери менен жүрүшүң керек. Менин саясатка өзүмдүн көз карашым бар. Партия кандай болушу керектиги, командада кандай адамдар болушу керектиги боюнча көз карашым бар. Тилекке каршы парламенттик тизмеге кошо албайбыз дегендиктен бир көз караштагы адамдарды топтоо максатында “Өнүгүүдөн” кеттим. Бул парламентке барбай калганыма эч өкүнбөйм. Парламентте команда менен иштебесең чүнчүп кетесиң. Чолпон Идиновна дагы командалык колдоо таппай, мандатын тапшырып кетти деп ойлойм. Мен дагы ушундай абалга туш болмокмун. Себеби бир нерсе туура эмес болуп жатса кайдыгер карап отура албайм.

 

“Өнүгүүдөн” парламентке чогу баруу жөнүндө сунуш түшкөндө “көп партиялар тизмесин 7-кабат менен макулдашат” деген маалыматтар болгон. Мен партияга ушул суроону бергенде, алар биз өз алдыбызча кадам жасайбыз дешкен. Тилекке каршы мындай болгон жок.

 

- Партияга мүчө болууну каалагандарга кандай талаптар бар?

 

- 25 жыл ичинде Кыргызстан жакшы жетишкендиктерге жете алган жок. Биз ушуга тиешеси бар эски кишилерди кошпойбуз жана криминалдык күчтөр менен байланышкандарга дагы биздин партияда орун жок. Кыргызстандын келечеги үчүн күйгөн, таза, мекенчил жигиттерди топтосок деген тилегибиз бар. Мындай азаматтар жок эмес, аларды бир командага бириктирип, элибизге, мамлекетибизге ак ниет кызмат кылуу – биздин негизги максат.

 

- Таза, мекенчил деген сөз азыр кыргыз саясатына жат көрүнүш болуп калды окшойт. “Жаңы доор” партиясы таза, мекенчил деген сөздөрдү актап, иш алпарып кетет деп айта аласызбы?

 

- Базар экономикасына байланыштуу материалдык баалуулуктар биринчи орунга чыгып кеткендей. Бирок убакыт келет, ошондо таза, мекенчил, кесипкөй адамдар сөзсүз орун табат. Учурда эски саясатчылар гана эмес жаштар дагы финансылык мүмкүнчүлүккө карап калды. Тилекке каршы, биздин шайлоо системабыз да патриот эмес, чөнтөгү калыңдарга бийликке келүүгө жол берип жатат. Шайлоо алдында эбегейсиз көп акчаларды талап кылган иш-чаралар болуп жатат. Биз шайлоо системабызды толугу менен реформа кылуубуз зарыл. Шайлоо аркылуу олигархтардын гана бийликке келүү көрүнүшүн жоюубуз керек. Үгүт иштери болуп жатканда бай адамдар биригип алып, элдин башын айлантып, элди алдап коюп жатат. Ар кандай концерттерди, шоуларды өткөрүп, жакшы жарнамаларды кылып, акчасы барлар гезит, радио, телевидениени баарын ээлеп алып, элди алдап жатат. Тилекке каршы, таза бирок каражаты аз адамдар мүмкүнчүлүктөн ажырап калууда.

 

- Сиздин оюңузча бул көрүнүштөрдү жоюу үчүн кандай чара колдонуу зарыл?

 

- Шайлоо системасын толугу менен өзгөртүү учурдун талабы. Мыйзам чегинде шайлоого байланыштуу финансылык чыгымдарды чектөө зарыл. Экинчиден баарына бирдей шарт түзүп, баарына паритеттүү түрдө бирдей мүмкүнчүлүк берилиши керек. Айрым партиялар акчасынын жоктугунан жарнама кылууга шарты жок дагы капчыгы калыңдар улам жарнама бере берип элдин кулагына сиңип калып жатат. Бир дагы партия ашыкча бир да мүнөт эфирден колдоно албай тургандай чектөө коюу керек. Андан сырткары кеңири дебаттарды өткөрүү зарыл. Андан сырткары дебаттарды өткөрүү зарыл.  Өкмөттүк телевидение, өкмөттүк радиолор мыйзамдын негизинде ушул иштерди алып баруусу керек. Бул кайсы партиянын кандай программасы, платформасы бар экенин элге жеткирип, алардын дараметин аныктамак жана шайлоочулардын туура тандоосуна шарт түзмөк.

 

Экинчиси партиялык тизме менен эмес, эл ким үчүн добуш берсе, ошол адамдар бийликке келиши зарыл. Анткени тизменин башына каражаты көп адамдар туруп, ошолор депутат болуп келип калууда. Преференциалдуу шайлоо системасын киргизүү абзел. Партия ичинен дагы конкреттүү, татыктуу талапкерди шайлоо мүмкүнчүлүгү болушу керек.

 

Мындай өзгөртүүлөр киргизилмейинче Кыргызстанда эл күткөн, эл маселесин чечкен бийлик келүүсү мүмкүн эмес. Элибиздин жакыр болгонуна байланыштуу акча маселеси кендирди кесип, добушту сатыпалуулар болуп жатат. Ошол акчаны берген адам дагы, аны алган адам дагы жоопкерчиликке тарытылышы керек. Бул боюнча өтө катаал мыйзам керек. Ошондой эле элдердин шайлоого катышуусуна дагы көңүл буруу  зарыл. Шайлоодогу бурмалалоордон улам көпчүлүктүн ишеними кетип, шайлоого келбей койгон учурлар көп болуп жатат. Биз ушул стереотипти өзгөртүп, ар бир адам менин добушум мамлекеттин келечегин чечет деген ишенимге ээ болуусуна жетишүү зарыл.

 

- Азыркы саясий абалга кандай баа бересиз?

 

- Биз канчалык реформаларды кылып жатабыз дегенибиз менен тилекке каршы элдин кызыкчылыгына багытталган реформаларды кыла албай келебиз. Реформалар бийликтин кызыкчылыгын гана көздөп жатат. Бүгүн саясий күчтөр бийлик талашып келүүдө. Экономикабыз дагы деле өсүп кеткен жок. Бюджет көбөйдү, экономика жогорулады деп КТРКдан байма-бай маалымат кетип жатат, бирок бул өнүгүүнү эл жон териси менен сезбей келет.

 

- “Ата Мекен” менен бийликтин тирешине болгон көз карашыңыз…

 

- Эртели кечпи бул жагдай чыгат болчу. Булар эки башка саясий партия, эки башка саясий күч. Адам өзүн күчтүү сезгенде өзүнүн бийлигин, мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү аракетин көрөт. КСДП дал ушундай иштерди аткара баштаганда “Ата Мекен” нааразы болуп, ушундай тирешүү келип чыкты. Мунун баары реформалардын түпкү максаты элдин жыргалчылыгын ойлобогондугунун кесепети. Саясий күчтөр бийликте отургандагысын гана ойлоп, өзүнө ыңгайлаштырып реформа жүргүзүшөт. Бирок алар эртең эле суунун наркы өйүзүндө болуп каларын ойлонбойт. Текебаевдин ахывалын көрүп жаным ушунчалык кейиди. Ал кечээ ким эле дагы бүгүн кандай абалда калды? Азыр Текебаев туура реформа кылбаганын ойлонуп жатса керек.

 

- Дача-Суудагы кыйраган учактагы жүктүн ээсинин табылбай жатышы эмнеден улам болуп жатат деп ойлойсуз?

 

- Бул кандуу жүк Түркиядагы ишкердин жүгү болгондо 2-3 күндө эле аныкталып, камсыздандырылган компаниядан чыгымды төлөтүп алып жатканда эле баары ачыкка чыкмак. Себеби эл аралык жүк ташууда жүктөрдүн баары камсыздандырылган болот. 99,9 пайыз бул жүктүн ээси Кыргызстанда экенине көзүм жетет. Ким экенин божомолдоп айтуу кыйын. Бирок ээси кыргызстанда.

 

- Анда эмнеге коомчулукка анын ким экени айтылбай келет?

 

- Эгерде бул жөнөкөй ишкердин жугү болгондо бат эле баары ачыкка чыкмак. Демек бул жүк бийликке тиешеси бар адамдардын же бийликте отурган адамдардын же алардын жакындарынын жүгү болгону  үчүн ачыкка чыкпай келе жатат.

 

- Убагында Атамбаевдин Каримов жөнүндө айткан сөзүн коомчулукка билдирип койгонуңуз үчүн сизди саясатка жолотпой, бийлик кодулап жүрөт деген сөздөргө кошуласызбы?

 

- Бул өзү туура эмес болгон. Бирок аны айтканымды толук мойнума алам. Мен айткан сөз жабык эшик артында, партиялаштар менен отурган учурда айтылган. Ошол маалда чек арадагы элдин ахывалына жараша чечилбей жаткан маселе боюнча айтылган сөз. Айрымдар маек берген, эл менен жолугушууда айткан деп жүрүшөт, бирок мындай эмес, бул тар чөйрөдө айтылган сөздөр эле. Бирок өзүбүздүн арабыздан эле адамдар видеого тартып, аны таратып жиберген. Бирок мен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге кедергесин тийгизишине каршы элем. Мен каалабаган нерсе болуп кетти. Бийлик, президент тарабынан кодулоо болуп келет. Бирок бир эле бул маселеге байланыштуу эмес деп ойлойм. Мен Жогорку Кеңеште бир позицияны карманып келгем жана ал көп учурда президентке, өкмөткө каршы болуп келген. Бийлик тарабынан бут тосуулар жакшы эле болуп келүүдө.

 

- Баткендин кулуну катары чек ара маселеси тууралуу сурабасак болбос. Чек ара маселесин чечүүнүн кандай жолдору бар деп ойлойсуз? Балким Өзбекстанга жаңы президенттин келиши абалды өзгөртөөр?

 

- Мирзиеевдин (Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев – ред.) келиши менен маселе чечилип кетет деп деле айта албайм. Себеби өз учурунда чек ара маселесин чечүү аракеттери көрүлбөй келген. Өзбек тарап эч кандай сүйлөшүүгө барбастан позициясын катуу карманып туруп алган. Мирзиёевдин келиши менен аракеттер жүрүп жатат. Маселе бүгүн, эртең чечилип кетет дегенден алысмын. Бир кадамдан болсо дагы жылып отуруп аны чечүү керек. 1990-жылдардан кийин чек ара маселеси чек араны унутта калтырды десем болот. Жакшы көңүл бурулбай калды.

 

- Сөздү башка нукка бурсак, саясатка келүү менен эмнени жоготтуңуз дагы эмне таптыңыз.

 

-Мен 21 жашымдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келе жатам. Каржы министрлигинде иштедим, Улуттук коопсуздук кызматында иштедим. Эртели кеч саясатка келишим керек эле. Себеби мамлекеттик жумушта жаның күйүп, бир ишти кыла аларыңа көзүн жетип турганы менен колуң кыска, тилиң кыска. Мен бир нерселерге кайдыгер карап отура албайм. 36 жашымда саясатка келдим. Кыргызстандын тагдырын кандай адамдар чечип жатканын көрүп бир чети таң калсам, бир чети кейигем. 6 ай “шок” абалында жүрдүм. Тилекке каршы бизде мамлекетчил адамдар аз экен.

 

Элимдин абалын көрүп, ошол эле учурда саясаттагы ыплас иштерди билип тыным жоголду. Бирок ошол эле учурда тажрыйба топтоп, мекенчилдик сезимдерим артты десем болот.

 

- Алдыга койгон пландарыңыз кандай?

 

- Пикирлеш, санаалаш, сатып кетпеген, өз көз карашы бар жигиттер менен биригип бийликке келүү аракетин көрөбүз. Бийликке келүү менен эл ойлогондой тоноп, жебей, эл үчүн кызмат кылуучу команда топтоп, артыбызда из калтырсак деген ойдобуз. Миллиардердин деле, карапайым адамдын деле бара турган жайы 2 метр жер. Бул жашоодон бат эле өтүп кетебиз. Ошондуктан элге кызмат кылып калуубуз керек. Диндеги адам катары акыретке, тозок, бейишке ишенем. Бул жашоо бат эле өтүп кетет.

 

Булак: Каганат