А.Медетбеков: Айрым пикир келишпестиктир болсо сүйлөшүү жолу менен чечип алышы баарыбыз үчүн аба менен суудай эле зарыл болуп турат.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков учурдагы саясий кырдаалды комментарийлеп жатып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев "эки дос гана эмес", "жогорку деңгээлдеги эки мамлекеттик ишмер" экенин белгиледи.  

"Бүгүн Кыргызстанда моралдык, психо-эмоционалдуу кризис орун алып турат. Эл арасында “Эки дос” деп айтылып жүрөт, мен жогорку деңгээлдеги эки мамлекеттик ишмер деп айтсам туура болот. Экөө буга чейин билинип-билинбеген, коомчулуктун кабары жок маселелерди өз ара чечип, мамлекеттин тынчтыгы үчүн, мындан аркы өсүп-өнүгүшү үчүн ынтымакка келип, буга чейин баштаган бир позициядагы иштерин улантып кетишин коомчулук күтүп турат.

Экинчиден экөө тең жанындагы туура эмес маалымат берген кошоматчы, жактоочу, колдоочуларынан оолак болуп, өздөрүнүн эл үчүн жасай турган иштеринин өтөөсүнөн чыгышы керек.

Үчүнчүдөн, кылмыш дүйнөсү жана коррупцияга каршы күрөштө, экстремисттик топтордун тамырын кыркууда чоң иштерди жасашты. Ал токтоп калбай, уланышы зарыл.

Кылмышкерлер талкалангандан бери экономика өстү, инвесторлор келип жатат, туристтердин да агымы көбөйүүдө. Албетте, эң башкысы өлкөдө стабилдүүлүк орноду. Бул ийгиликтер эки мамлекеттик ишмердин ынтымагынан улам болуп келди. Эми ортодо айрым пикир келишпестиктир болсо сүйлөшүү жолу менен чечип алышы баарыбыз үчүн аба менен суудай эле зарыл болуп турат. Экөөсү тең мекенчил, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон жигиттер. Деңгээлдери бийик. Биз ынтымакты гана күтүп жатабыз", - деди Медетбеков.