Бишкек, "Саясат.kg". Башкача айтканда, кыргыздар алгыр кушту, бүркүттү тотем деп эсептеп, өздөрүн ошо менен аташкан.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев агайыбыз кыргыз этнониминин келип чыгышы боюнча ой жоромол жасап, элдин көңүлүн бул темага буруптур. Чындап эле кыргыз этнониминин ушуга чейин айтылып келген чечмелөөлөрү "элдик этимологиянын" деңгээлине чыга алган эмес. Ошол эле кырк саны менен байланыштырган жана окумуштууларды бир бөлүгү тарабынан колдоого алынган божомол да - кыргыз этнониминин 2400 жылдык жазма тарыхын, башка элдердин тарыхый фольклорундагы формаларын эске албастан, кырк санынын примитивдүү символикалык маанисинен келип чыккан божомол.
Бул багытта акыркы жылдары жакындан изилдөө жүргүзүп, бир канча эмгек жазган изилдөөчү катары иштеримдин жыйынтыгын кыскача билдирип коюуну туура көрдүм.
1. Азыркы кыргыз тилиндеги ар бир сөздүн жок эле дегенде 1500-2000 жылдык тарыхы бар. Анткени жазуу маданиятыбыз ошончо жылдык тарыхка ээ. Анын үстүнө кайсы бир учурда кыргыз деген атты алган эл тарыхта орду чоң калк болгон үчүн алар тууралуу Батыш менен Чыгыштын ары тарыхый жазма булактарында, ары фольклордук чыгармаларында көп жазылып калган.
Мына ушул тарыхый жана оозеки булактарда кыргыз этноними 3 түрдүү жолугат:
а) Б.з.ч. II-б.з. VII кылымдар аралыгындагы Кытай жазма булактарында "кыркур/кыркут/кыркуз/кыркун" деген формада учурайт. Бул сөздөрдүн уңгусу "кырку" болсо, "+р,+т,+з,+н" мүчөлөрү - бул этноним жасоочу көптүк мүчөлөр. Демек уңгу - "кырку"
б) Якуттар менен буряттарда кыргыз этноними "кыргыдай" деп жолугат. Уңгусу "кыргы" сөзү, "+дай" байыркы монгол тилинде этноним жасоочу көптүк мүчө. Демек уңгу - "кыргы".
в) Монголдордун тарыхый тексттеринде кыргыз этноними "кергут" деп да жолугат. Уңгусу "кергу" сөзү, "+т" байыркы монгол тилинде этноним жасоочу көптүк мүчө. Демек уңгу - "кергу".
Жыйынтыгында "кыргыз" этнониминин уңгусу "кырку/кыргу" деген сөз болуп чыгат. Бул сөз байыркы түрк тилдеринде "алгыр куш, бүркүт" деген маани берет. өз учурунда "алгыр куш, бүркүт" деген маани берген "кырку/кыргу" сөзү "кыруу, жок кылуу" маанисине келген "кыр-" этишинен келип чыккан.
Башкача айтканда, кыргыздар алгыр кушту, бүркүттү тотем деп эсептеп, өздөрүн ошо менен аташкан. Гардизинин “Зайн-ал ахбар” эмгегинде (1049-1053-жж.) кыргыздар бүркүттү тотем деп эсептери жазылып калган. Абулгази Бахадыр Хандын “Шежере-и түрк” аттуу эмгегинде кыргыздар Чынгыз Хан курган империяга тынчтык жолу менен киргенде берилген белектердин башында бир аягы, жүзү жана көзү кызыл ак шумкар болгону жазылып калган. Булар лингвистикалык жол менен келген жыйынтыгыбызды тастыктап турган этнографиялык маалыматтар.
2. Кытай, манжур булактарында кыргыздар үчүн колдонулган бурут этнонимин Ю.А.Зуев "бүркүт" сөзү менен байланыштырган. Бул да кыргыз этноними "алгыр куш, бүркүт" деген маани берген "кырку/кыргу" уңгусунан келип чыкканын далилдейт.
3. Эң негизги башка бир далил - бул улуттун тотемин, ишенген символун чагылдырган байыркы эн тамгалар. Кыргыздардын байыркы мамлекеттик эн тамгалары Кытай булактарында, Кыргыз кагандыгы жазма эстеликтеринде жана аска сүрөттөрүндө сакталып калган. Мына ушул байыркы мамлекеттик эн тамгаларыбыздын бардыгы алгыр кушту, бүркүттү чагылдырат. Бул багытта изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын бардыгынын илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы ушундай. Кыргыздар алгыр кушту, бүркүттү тотем деп тааныган, кабыл алган үчүн өздөрүн чагылдырган эн тамгаларына алгыр кушту, бүркүттү бейнелешкен.
Жыйынтыктап айтсак, лингвистикалык да, этнографиялык-тарыхый да маалыматтар, фактылар кыргыз этноними "алгыр куш, бүркүт" маанисине келген "кырку/кыргу" сөзүнөн келип чыкканын толугу менен көргөзүп турат.
Эмне үчүн бүркүт? Тарых боюнча эркиндикти сүйгөн эл катары таанылган кыргыздар тотем катары бүркүттү көрүшкөн. Согушчандыгы менен белгилүү болгон кыргыздар өздөрүн бүркүткө салыштырышкан. Муну Батыш саякатчысы Николас Витсендин “Түндүк жана Чыгыш Тартария (Noord en Oost Tartarye)” (1692) аттуу эмгегинен бир үзүндү менен көрсөтөлү: Это беспокойный, храбрый, героический, упрямый народ. Они хорошие солдаты-конники, с копьями, в латах и панцирях из железных колечек на всем теле.
Нурдин Усеев, түрколог