Бишкек, "Саясат.kg". Азербейжандан келип Бишкектен кармалган кишилердин максаты дагы УКМКнын териштирүү иштеринде такталат.

Матраимовдун коррупциялык-экономикалык кланы тамырын кеңири жайган. Аны бир күндө кыркып, балталап салуу мүмкүн эмес. Мындай пикирин генерал Артур Медетбеков "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" көрсөтүүсүңдө билдирди. 

"Матраимовдордун кланы деп эл оозунда, ММКларда буга чейин эле катуу сын-пикирлер айтылып келген. Ошолордун баарын анализдей турган болсок, Матраимов жөнөкөй адам эмес, ал курган коррупциялык-экономикалык империясы Кыргызстан коомчулугун, болгон мекемелердин баарын каптап кеткен. Бардык мамлекеттик мекемелерде өзүнүн адамдары пайда болгон дагы, тамырын терең жайылткан. Ошол тамырларды толугу менен кыркып жоготуу бүгүнкү күнү абдан көп кыйынчылыктарды жаратып жатат.

Азербейжандан келип Бишкектен кармалган кишилердин максаты дагы УКМКнын териштирүү иштеринде такталат. Негизи кол салуу менен келгендер беш адам эмес, ашып кетсе эки адам болушу керек эле, алардын ар бир кадамы өтө жашыруун болмок. Мына, ушул нерсе коомчулукта бүдөмүк ойлорду жаратып жатат. Териштирүү иштеринде алар чын эле Матраимовдон заказ алып, бул жактагы ортомчу кишилери жардам бергенин моюнга алышса, мыйзамсыз иштерди жасоого ниет кылышканы аныкталса, анда иш башка. Ал үчүн тергөөчүлөр, ыкчам кызматкерлер жогорку деңгээлде иштеп, такташы керек.

Экинчиден, Матраимов эмнеге Азербейжанга качып кетти. Демек, ал жакта булардын бизнес же парламентте иштегенби, кандайдыр бир тааныштары, байланыштары болгон. Ошол байланыштарынын негизинде Азербейжандан тигилер келиши мүмкүн.

Эгерде Матраимовдор тынч жатып, акыркы учурда болгон окуяларга, саясатка аралашпай тынч жүргөндө мынчалык болмок эмес. Булар кримтопторго аралашып, жардам берип, криминалдык империяны түзүп, келечекте чоң саясий оюнга катышууга умтулуп калган да. Ошондуктан бүгүнкү күнү саясаттан да чыгышты, жоопкерчиликтин да алдында турушат.

Матраимовдун кармалышын көп тараптуу кароо керек. Канча жылдан бери бажы тармагында иштеп, бардык тарапка тамырын жайып жиберген. Аны бир күндө кыркыш кыйын болгондуктан бир туугандардан куралган кылмыштуу империяга каршы күрөшүүдө баарын чогултуп, кантип байыган, бажыда иштеп жүрүп эле ушул деңгээлге кантип жеткен - аны териштиришет. Азыр эки берене менен кармалышты, анда коррупция жок, мыйзамсыз жол менен чек арадан кантип өтүп кеткени териштирилет. Анын жүрүшүндө чек арачылардын катыштыгы билинип калса, коррупциялык элемент дагы чыгып калат. Анткени чек арачыларга акча берип өтүшү мүмкүн да. Ошондуктан эки берене менен иштеп башташып, териштирүү процессинде дагы башка да беренелер кошулуп калышы мүмкүн", - деген Артур Медетбеков.