Т.Мамытов: Үчүнчү тарап киргенде "кандай болбосун бул маселени чечкенге макул болушуңар керек" дейт.
- Лукашенко ЖККУну кыргыз-тажик чек ара чатагын чечүүгө көмөктөшүүгө чакырып, биз ЖККУ өлкөлөрүнүн көйгөйлөрүнө сүңгүп киришибиз керек”-деди. Ал маселени көтөрдүбү?
- Белоруссиянын президентинин айтканы орундуу. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр, ЖККУнун ичинде алты мамлекет мүчө болуп кирсек, анын үчөөсүндө маселе бар. Мисалы, Россиянын азыркы абалы өтө оор. Азербайжан менен Армениянын да ортосунда тирешүү болуп, өзүнчө маселеси бар. Кыргызстан менен Тажикстан дагы ЖККУнун мүчөсү, бирок чек ара боюнча талаш-тартыштар бар. Мына, ушуларды эске алып, Белоруссиянын президенти башка орчундуу маселелерди баса албасак дагы ЖККУнун ичиндеги мамлекеттердин ортосундагы ызы-чуу, чыр-чатактарды басалы деген сунуш берип жатат окшойт.
Бирок ЖККУ киришүүсү үчүн бир нерсени эске алышыбыз керек. Эл аралык мыйзам боюнча чек ара маселеси эки мамлекеттин ортосунда эле чечилиши керек. Эки тараптын ортосунда макулдашуу болбосо, ЖККУ, ОБСЕ, БУУ же кайсы бир мамлекет болобу алардын кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Эгерде Тажикстан менен Кыргызстан макул болбосо. Эгер эки мамлекет макулдашып, үчүнчү мамлекетти чек араны чечүүгө киргизе турган болсо, алгач тиешелүү протоколго, келишимге кол коюп, ал протокол парламенттен ратификациядан өткөндөн кийин үчүнчү мамлекет кирип, дагы бир протокол түзүлөт. Үчүнчү тарап киргенде "кандай болбосун бул маселени чечкенге макул болушуңар керек" дейт. "Макулбуз" дегенден кийин келишимге тиешелүү беренени киргизишет. Ошондой эле "кандай чечилсе да аткарабыз" деген милдеттенмени алышат. Чынында бул өтө оор процесс. Ошон үчүн эки мамлекеттин ортосунда талаш-тартыш чечилбей келе жатат да. Кыргыздардын чек арасынын чечилбегенине 98 жыл болду. Мына, ошол маселени чечиш үчүн үчүнчү тарапка кайрыла турган болсок, мен жогоруда айткандай мыйзамдын негизинде иш алып барыш керек.
Негизинен Белоруссиянын президенти көтөргөн маселе туура. ЖККУнун эл аралык, саясий аскердик уюм катары кадыр-баркы төмөндөп кетпесе экен деген мааниде айтып жатат да. Анткени, эл аралык уюмдарга сырттан дагы баа беришет. Экономикалык, саясий, аскердик гуманитардык мамилелерде булар бири-бирине канчалык ишенет деп көз кырын салып турушат да. Кыргыз-тажик чек араны тактай албай талашып, тартышып бири-бирибизге союл көтөрүп жүргөнүбүз да ЖККУнун кадыр-баркына доо кетирет. Ошон үчүн тирештирбей маселесин чечүүгө көмөктөшүшүбүз керек деген сөздү ушул мааниде айтып жатат десек болот.