Т.Мадылбеков: Энергетика, билим берүү, медицина тармагында дагы орунсуз иштер көп.

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирди. Эми анын капканына кимдер түшүшү мүмкүн?

- Мен да уктум Камчыбек Ташиевдин кайрылуусун. "Коррупция менен күрөштүн экинчи этабын баштайбыз. Коррупционерлерге аёо болбойт, мыйзамда кандай көрсөтүлсө ошондой жазалайбыз" дегенин. Камчыбек Кыдыршаевич бул маселени туура көтөрдү. Анткени ал коррупциялык системаны  түзүп алып, тымызын иштетип  жаткандарды жакшы билет. Ал маалымат жетиштүү болгону үчүн жар салды окшойт. Чынында айыл өкмөттөрдөн баштап, жер сатып коррупцияга батып калышкан. Ошон үчүн айыл өкмөт, акимден баштап, ведомстволорго, мэрияга, мамлекеттик каттоо кызматына  чейин текшериши керек. Ал жакта дагы жерди мыйзамсыз саткан, жасалма документ жасагандар толтура.  Ошондой эле жол курууда дагы коррупция өнүккөн. Ошон үчүн жолду сапатсыз куруп, ашыкча каражатты өздөрүнө арттырып калышат. Жолдордун сапатын, жол курууга кеткен каражат менен дал келер келбесин деле текшерсе, көп нерсе ачыкка чыгат. Биздин кошуналар сапаттуу жол куруп, бетон төшөп,үстүнө асфальт төшөп жатса, биз канча каражат, убакыт коротуп курган жолдорубуз үч жылдан кийин эле оңдоп, түзөөгө муктаждык жаралып калууда.

Ошон үчүн коррупционерлерди эсине келтирип, жазалаш керек. Энергетика, билим берүү, медицина тармагында дагы орунсуз иштер көп. Мурунку президенттер да коррупцияга каршы күрөш жарыялашкан. Бирок анда азыркыдай күрөш жүргөн эмес. 30 жылдан бери тамырлап кеткен коррупцияны кыркып, коррупционерлерди эсине келтирсе жакшы болот. Чынында буга чейинки президенттер коррупция менен күрөш башталды дешкени менен азыркыдай жүргөн эмес. Камчыбек Кыдыршаевич чындап киришсе, бир топ коррупционерлер  кылтакка илинет.