Э.Карыбеков: Ошол системаны сындырыш - мамлекетке чоң натыйжа алып келет.
- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирди. Эми анын капканына кимдер түшүшү мүмкүн?
- Өзүңүз билгендей, Президент жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы эки жыл мурун мамлекетти тоногондорго так эскертишкен: "Өз ыктыярыңар менен уурдаганыңарды токтоткула" деп. Мөөнөтү бүттү. Эми коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирүүсү - бул ошол эскертүүнү эске албагандарга жана жалпы элге, өлкөгө зыян алып келгендерге тиешелүү. Коррупционерлер менен күрөш жакшы иш. Бирок системалык коррупциялык схемалар мыйзамдашып кеткен. Демек, ошол системаны сындырыш - мамлекетке чоң натыйжа алып келет. Ийгилик эле каалап туралы