Э.Карыбеков: "Кыргызстанга өтө зарыл темир жол - чоң мамлекеттерди кызыктырып атат..."

- Президент Кытайга иш сапар менен барат дегенден бери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу маселеси кайра жанданды. Бул жол курулса, биз туңгуюк мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабызбы?

- Албетте, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса, биз туңгуюк мамлекеттен чыгып, дүйнөлүк экономикага товарларыбызды чыгарганга транзиттик мамлекетке айланабыз. Азыркы дүйнөдө болуп аткан структуралык өзгөрүү (4-5 валюта зоналарга бөлүнүү) тосколдук жаратпайт. Тескерисинче, бул долбоор бат ишке ашырылат. Өзгөчө Кытай Эл Республикасына суу аркылуу Тынч океанга чыгуу кооптуу болуп, кургак жолдор кызыктырууда. Бири бирине карама каршы болгон Сауд Арабия, Иран Пекинде биригип атышат.  Ошон үчүн Кыргызстанга өтө зарыл темир жол - чоң мамлекеттерди кызыктырып атат. Бир эле маселе калды - каржылоо булагы. Бирок, геосаясаттык кызыкчылык болгондуктан бул маселе жөнөкөй эле чечилет деп ойлойм.