Бишкек, "Саясат.kg". Биз Түштүк Корея мамлекетинин өнүгүү жолунда баратабыз.
- 24-марттагы бийлик алмашуу боюнча бир жактуу пикир бүгүн дагы боло элек. Бири революция деп атаса, бири башка пикирди карманат. А сиз кандай ойлойсуз?
- 24- март - Кыргыз Республикасы үчүн тарыхый күн. Революция деп атоого болбойт, бирок үй - бүлөлүк, кландык, коррупциялашкан башкаруу системасынан арылуунун башаты болгон күн. Авторитардык режимди орноткон, биздин эл 70 жыл салган завод, фабрика, иш-каналарды тоноп, талкалап, бөлүп, сатып, прихватташтырган Акаевдер бийликте калганда бүгүн Тажикстанга же Түркмөнстанга айланмакпыз. 24- март күнү кыргыз эли акыйкатсыздыкка, калысыздыкка, ууру, коррупционерлерге чыдабай турганын, "караларга", бандиттерге, күч органдарына таянгандардын тез эле сазайын берип, кууп, жоопко тартып коёрун көрсөттү. Биз Түштүк Корея мамлекетинин өнүгүү жолунда баратабыз, мамлекетке кастык кылган, уурдаган, коррупцияга баткан баардык президенттер, балдары, туугандары сөзсүз жоопко тартылаары анык.