Улуттук статистика комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, өсүмдүк майына болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 164,78 сомду түзгөн. Бул баа былтыркыга салыштырмалуу 1,7 эсе өскөн. Ал эми пахта майынын баасы 153,17 сомду түздү жана 1,5 эсе өстү.

Өсүмдүк майынын чекене баалары Нарында бир литри 168,38 сом, Бишкекте 167,42 сом, Караколдо 167,37 сом, Ошто 166,62 сомду түзүп турат. Ал эми минималдуу баалар Өзгөндө 147,27 сом, Кербен жана Ноокатта 152,17 сомдон сатылып жатат.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу Чаек айылында жана Токтогул, Жалал-Абад, Каракол, Токмок шаарларында 1,8 эсе өскөнү катталды.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу пахта майынын бааларынын максималдуу өсүшү Чаек айылында жана Покровка айылында 1,7 эсе өскөнү катталып, ошондой эле Жалал-Абад, Токтогул, Токмок, Исфана шаарларында 1,6 эсе жогорулаган.

Премьер-министр Улукбек Марипов 12-мартта КТРКга берген маегинде азык-түлүк баасын арзандатуу үчүн бюджеттен акча бөлүнгөнүн билдирген. Бирок ал бааны турукташтыруу үчүн каралган акчанын суммасын айткан эмес. Марипов азык-түлүктүн кымбатташын Кыргызстандын ички базарынын импортко көз карандылыгы менен түшүндүргөн.
Расмий маалыматка караганда, СOVID-19 илдетине байланыштуу чектөөлөрдөн улам бир жыл ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,6% төмөндөп кетти.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбатчылык байкалууда. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен, айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. 

Булак: Азаттык