Кыргызда “алгандын бермейи бар” деген накыл кеп бар. Бул учурдагы Кыргызстандын абалына ылайык келип турат. Бир нече жылдан бер үстөккө-босток алынган сырткы карызды кайтаруу убагы келип жетти. Экономисттердин башын катырган суроо: кантип карыздан кутулууга болот. 2020-жылдын декабрына карата сырткы карыз 4 миллиард 887 миллион сомго жетти. Өкмөт карызды элден топтоого да аракеттенип, депозиттик эсеп ачкан. Бирок айрым экономикалык багыттагы эксперттер бул сумма анчалык деле коркунучтуу эместигин, сырткы карыздан ашыкча чакчалекейге түшпөй деле кутулууга болоорлугун айтышууда. Кантип?

Карыздын коркунучу канчалык?

Эксперт Умбриэль Темиралиев мурдагы президенттер көп карыз алып, анын басымдуу бөлүгүн натыйжасыз короткон деп эсептейт. Мына ушул үчүн бизге сырткы карыз деген сөз абдан коркунучтуу угулуп жатат.

“2021-жылы Кыргызстан сырткы карыздар үчүн 32 миллиард сомдон ашуун каражат сарпташы керек. Ошол эле учурда күтүлүп жаткан бюджеттин көлөмү 135-150 миллиард сом болууда. Эгер карызды тейлөө көлөмүн 15-20 пайызга азайта алса Кыргызстан 10-20 жылдан кийин кайтара турган карыз ала алат. Мисалга бир үй-бүлөнү алалы, насыя алды дейли, айына жубайлар 50 миң сомдон табышса, он миңин насыяга төлөп, 40 миңин тиричиликке жумшай алышат”, - дейт ал.

Ал белгилегендей, бюджеттин киреше бөлүгү социалдык чыгымдарды жабууга кетет. Кептин баары сырты карызды тейлөөдө жатат. Карызды тейлөө жеңил болушу үчүн бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү керек.

“Ага эң оңой жол – бул ИДПны көтөрүү, ага ылайык, бюджетке булактарды көбөйтүү. Төмөн база, бир топ эффективдүү башкаруу, эң башкысы уурулукту азайтуу менен биз жылына жок дегенде 7 пайызга өсө алабыз. Эми эсептеп көргүлө, 7,5 миллиард  доллар  7 пайыз болсо, бул 500 миллион доллар. Коңшу Казакстан үчүн бул деңиздин бир тамчысы, анткени аларда ИДП 180 миллиард  доллардан ашуун ”, - дейт Темиралиев.

Эксперт Азамат Аканеев дагы натыйжалуу менеджмент болсо, Кыргызстан сырткы карыздан кыйналбай кутулат деп ойлойт.

“Мен биздин карыз өтө деле көп эмес деп эсептейм. 7 миллион калкы бар өлкө  5 миллиард доллар карызга батты. Карызыбыз жок десек деле болот. Башкысы, ал абдан жеңилдетилген түрдө алынган. Биздин көйгөй сырткы карызда эмес, коррупцияда. Мамлекеттин карызын бир адамдын насыясына салыштырып көрөлү. Жумушсуз адам 40 жылга пайызсыз алган миң доллар карызын төлөй албай жатат дейли. Чындыгында бул анчалык деле чоң сумма эмес, бирок иштебеген адамды калтырата турган коркунучу бар. А эгер ошол киши жумушка орношуп, иштеп баштаса миң доллар болбогон сумма экенин дароо түшүнөт. Учурдагы биздеги коррупциянын деңгээлинде сырткы карыз Кыргызстан үчүн оордой сезилүүдө, бирок жок дегенде бажы тармагына тартип орнотсок, бир нече жылдан кийин карыздардан кутулуп жашай турган күнгө жетебиз ”, - деди.

Кимде канча карыз бар?

Эксперттердин айтымынан улам алкымдан алган карыз азабы азая түшкөндөй сезилет. Ошол эле учурда дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү, экономикасы айга чапчып, ИДПсы жогору мамлекеттер дагы кайсы бир деңгээлде карызга батышаары маалым. Кыргызстанда мамлекеттик карыз ИДПнын 71 пайызына туура келет. Бул ар бир кыргызстандыктын моюнуна 740,5 доллар карыз илингенин кабарлайт. Башка өлкөлөрдүн ар бир жараны мамлекетинин канча карызын көтөрүп жүрөт? Биз бул боюнча мурдагы СССРдин курамында болгон мамлекеттерди салыштырып көрдүк.

Жакында эле эл аралык каржылардын америкалык Институту 2020-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин карызы рекорддук көрсөткүчкө – 277 триллион долларга жеткенин жарыялады. Башкача айтканда дүйнөлүк ИДПнын 365 пайызы. Бир жыл ичинде пандемиянын кесепетинен бул көрсөткүч 15 триллион долларга көбөйгөн. Мамлекеттик карыздын көлөмүнө көптөгөн факторлор таасир берет, анын ичинде өлкө калкынын саны, экономикасы жана башка себептер бар.

Казакстандын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 1-октябрында мамлекеттик карыз 19,6 триллион теңгеге (45,8 миллиард долларга) жеткен. Бул сумманын 80 пайызы өкмөттүн карызы. Мамлекеттик сырткы карыз – 12,3 миллиард доллар.

Грузиянын ММКларында жарыяланган маалыматтарга караганда, 2020-жылдын 1-октябрда мамлекеттик карыз 8,9 миллиард доллар болгон. Бул ИДПнын 54,6 пайызы. Өткөн жылдын төртүнчү кварталына карата сырткы карыз 19,7 миллиардга жеткен, бирок анын 8,3 миллиарды гана жеке секторго таандык.

Украинанын карызы 90,3 миллиард доллар. Өлкө сырткы кредиторлорго 53,7 миллиард доллар карыз, бул жалпы карыздын 59,5 пайызын түзөт. Ички карыз – 36,5 миллиард доллар.

Тажикстандын мамлекеттик карызы 2020-жылы ИДПнын дээрлик 40 пайызына жакындады. Өткөн жылдын октябрь айына карата сырткы карыз 3,1 миллиард доллар болду.

Өзбекстанда 2020-жылдын 1-октябрына карата мамлекеттик карыз 20,8 миллиард доллар же ИДПнын 36,8 пайызына жеткени белгилүү болду. Өлкөнүн сырткы карызы – 18,5 миллиард доллар.

Россиянын сырткы карызы 461,2 миллиард доллар, анын 59,5 миллиарды мамлекеттик башкаруу органдарына таандык.

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстандын акыбалы айрымдар чуу салгандай анчалык коркунучтуу эместигин кабарлайт. Карыздан кутулуунун башкы жолу – паникага алдырбай, колдо барды үнөмдөп, жоктун жолун табууга аракеттенүү экенин эксперттер белгилешүүдө. Эң негизгиси, кайсы бир адамдардын жеке жашоосунун “экономикасын” көтөрүүгө уурдалып жаткан каражаттарды мамлекеттин казынасына буруу зарыл.