Кыргызстанда ишкерчиликтин негизги бөлүгү борбор калаада жайгашкан. Анкени, Бишкекте инфраструктура башка аймактарга салыштырмалуу бир топ жакшы өнүккөн, мамлекеттик кызматтар жана мекемелер жайгашкан. Бирок терең анализдей келгенде ишкерчиликке аймактардын потенциалы чоң, ал жактанда эмгек ресурстары көп жана жер тилкелерин да табуу оңой. Ошондуктан, аймактарды өнүктүрүү үчүн жер-жерлерде шарттарды түзүү гана керек. Мындай пикирин экономикалык эксперт Талант Исманов бөлүштү.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Баткен облусу 30 миң тоннадай кургатылган жемиштерди экспорттойт, алардын 40 пайызга жакыны Тажикстанга чийки зат иретинде кетет.

“Кайра иштетүү аймактарын ачуу Кыргызстандагы өндүрүмдү көбөйтөт, бул кезегинде бюджетке кирешени көбөйтөт жана миңге жакын жумуш орунун түзөт.  Эгер 1999-жылы Баткен облусу 18 миллион долларлык товар экспорттосо, 2019-жылы 17 миллион долларга түштү, башкача айтканда он жыл ичинде экономика көтөрүлгөн жок, тескерисинче кулады десек болот. USAID UNDP уюмунун колдоосу менен Баткенде өстүрүлгөн күрүч жана өрүк чет өлкөлөргө жеткирилет, анын катарында АКШ да бар. Муну менен аталган аймактагы айыл чарба жааты акырындык менен бутуна туруп келатат десек болот”, - дейт эксперт.

Баткен облусунда өстүрүлгөн күрүчтүн түшүмү беш жылда гектардан 32 центнер бойдон кармалууда. Андыктан, түшүмдүүлүк жана өндүрүмдүүлүк маселеси дагы деле курч бойдон турат. Исманов бул көйгөйдү жөнгө салууга Айыл чарба жана Экономика министрлиги аракеттениши керек дейт.

“Жергиликтүү фермерлердин негизи маселелери үчөө: узак мөөнөттүү кредиттердин берилбегени, фермерлерде артыкчылыктуу кооперациялар  боюнча  маалымат жетпегени жана кампа имараттардын жана кайра иштетүүчү  инфраструктуранын жоктугу. Ошондуктан, кайра иштетүү аймактарын куруу учурдун талабына дал келмек. Ал үчүн бул ишти алып кетем дегендерге бир катар шарттарды түзүү керек. Ошондо,  кайра иштетүүчү ишкананы курууга ынтызар болгондор чыкмак. Анын баары өз кезегинде кайра эле мамлекеттин пайдасына утуш болот эле”, - дейт Талант Исманов.

Ошол эле Баткен облусундагы экспорт деңгээлин байкаштырып көрсөк, өткөн жылы гана экспорттун көрсөткүчү эки эсеге көбөйгөн экен. Бирок андагы сумма биздин экономика үчүн болбогон цифрага айланат. Мындан улам аймактардын потенциалы толук кандуу пайдаланылбай жатат деген жыйынтык чыгарууга болот.

“Этке болгон баанын кымбатташы жана малдын көбү Өзбекстанга сатылып жатканы Кыргызстандын дээрлик ар бир жаранына кесепетин тийгизди. Өлкөнүн эт-сүт азыктары тармагы акыркы беш жылда өзгөчө деле өнүгүп кеткен жок.  Буга чейинки президент жана премьер-министр агрардык университеттин бүтүрүүчүлөрү экендиги да таасирин бере албады.

Өндүрүмдүүлүк да өтө ылдыйкы деңгээлде калууда. 2015-жылы өлкөдө жылдык саалган сүттүн орточо көлөмү 2000 литрге жеткен, а азыр беш жылдан кийин да так ошол көлөм бойдон калды. Эгер Кыргызстанда 2015-жылы 1,5 миллион сүт иштетилсе, 2019-жылы бул көрсөткүч болгону 1,6 миллион тоннага жетти.

Этти өндүрүү да акыркы жылдары баштагы эле деңгээлинде турат. 2015-жылы 208 тонна эт өндүрүлгөн, а 2019-жылы 223 миң тоннага гана жетти. Төрт жыл ичинде 10 пайызга да  көбөйө албады.  Мына ушундай абалда турсак, өндүрүм бир кадамга да алдыга жылбай жатса, анан кайдагы эт менен сүт азыктарынын экспорту тууралуу сөз кыла алабыз?  Экспортту мындай кой, ички рынокту жөндөй албай эсибиз ооп жатат. Анда-санда маалымат каражаттарына айрым фермерлердин ийгиликтери тууралуу маалыматтар чыгат, бирок ал деңиздин бир тамчысы сыңары эле”, - деген эксперт айыл чарба жаатын жандандыруу боюнча бир катар сунуштарын жолдоду:

“Мен Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы фермер чарбачылыгын төмөндөгү жолдор менен өнүктүрүүнү сунуштайт элем:

Жергиликтүү ветеринар жана зоотехниктерди өнүктүрүү жана окутуу;

Селекция программасын алдыга жылдыруу;

Жем өндүрүү боюнча цехтерди ачуу;

Кайра иштетүүгө керектелчү жабдыктарды чет өлкөдөн алып келүүдө бажы алымдарынан бошотуу;

Жеңилдетилген салык мезгили;

Сүт азыктарын экспорттоо үчүн барьерди ылдыйлатуу;

Азыр мамлекеттик кызматтар саясат жана реформа менен азыраак алектенип, бардык күчүн бар нерсени көбөйтүүгө жумшашы керек. Болбосо биз  адатыбыздай бир прорамманын соңуна чыкпай жатып, экинчисине өзгөртүү менен дөңгөлөккө түшүп калган тыйын чычкандай эле тегерене беребиз”, - дейт эксперт.

Ошондой эле ал инвесторлорду тартуу үчүн салык системасын да реформа кылуу зарылдыгын белгиледи. Айтымында, ал үчүн КНСти 10 пайыз кылуу жана жеңилдик алуучулардын санын азайтуу керек. Андан сырткары киреше салыгын – 10 пайыз 50 миң сомго чейин жана 15 пайыз – 70 миң сомдон ашуунга белгилеп, аймактарга жаңы цех, заводдорду ачкан жаңы компанияларды салыктан бошотуу кажет дейт.

Аймактарды өнүктүрүү учурдун талабына айланып турган чак. Тийиштүү тараптар нечен жылдан бери баш катырып бирок оңчулуктуу жолун таба албай келген маселеге Талант Исмановдун айткандары бир вариант болуп калышы ыктымал.

 

 

 

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить