Евразиялык Өнүктүрүү банкы ушундай макроэкономикалык  прогнозун жарыялады. Маалыматка ишенсек, 2021-жылы Армениянын экономикасы 6,4 %га, Белорусияныкы -1,5 %, Казакстандыкы – 3 %, Россияныкы – 4%, Тажикстандыкы – 4,5 %га төмөндөсө, Кыргызстандын экономикалык өсүшү 7 %га төмөндөйт экен.

Тилекке каршы, Евразиялык Өнүктүрүү Банкынын прогнозу боюнча экономиканын төмөндөөсү жагынан алдыда болсок, экономикалык өсүш жаатында артта  экенбиз. Тагыраагы, келерки жылы Армениянын экономикасы 4,9 %, Казакстандыкы – 4,4 %, Тажикстандыкы – 6,1 %га өссө, өлкөбүздүн экономикасында 3,7 %дык өсүш болот дейт.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити