Улуттук Банк берген маалыматка ишенсек, 2020-жылдын аягына карата 2019-жылга салыштырмалуу ИДПнын кѳлѳмү 3-3,5 пайызга тѳмѳндѳѳсү күтүлүүдѳ.
 
“Кумтѳр” ишканасын эске албаганда, ИДПнын кѳлѳмү 4 пайыздын деңгээлинде тѳмѳндѳйт. Экономиканы калыбына келтирүүдѳгү тенденцияларды эске алганда, 2021-жылы ИДПнын кѳлѳмүнүн ѳсүшү 5,5-6 пайыздын деңгээлинде ѳсүшү ыктымал.