Дүйнө элдеринин жүрөк үшүн алган пандемиянын каары солгундады, алдыда жабыркаган экономиканы кантип калыбына келтирүү маселеси турат. Ансыз да экономикасы чабал Кыргызстан бул акыбалдан кандай чыгаарын божомолдогондор да, сунуштарын айтып, демилгесин көтөргөндөр да бар. Карантин жаз мезгилине, айыл чарба иштеринин жандануучу маалына туш келди, экономиканын бир чачпагын көтөргөн чет өлкөдөгү мигранттар жабыла мекенине кайта башташты, ири, чакан жана орто ишкерчилик тыныгуу алды. Булардын баары казынанын капшырылуусуна негиз болду. Алдыда кыргызстандыктарды кандай күндөр күтөт? Канткенде бул акыбалдан суурулуп чыга алабыз? Биз бул суроолорго жооп табуу үчүн эксперттердин пикирине кулак төшөдүк.

Кыргызстанда экономикалык каатчылык жарым жылга созулушу ыктымал. Анын кесепеттерин жоюуга бир жыл кетет. Андан аркы иш өкмөттүн аракетине байланыштуу болот. Мындай пикирин экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бөлүштү.

“Экономика ылдыйлайт. Менин баамым боюнча мигранттардын 50 пайызы жумушсуз калышты. Бул негизинен Россияда иштегендерге таандык. Жүз элүү миңдей кыргызстандык мекенине кайтат болушу керек.  Ага ылайык, жылына 2-2,5 миллиард долларды түзгөн мигранттардын акча которуусу 1,5 миллиардга азаят. Бул өлкөнүн ИДПсына терс таасирин тийгизет.

Андан сыртканы биз товар экспорттогон жана биздин мигранттар эмгектенген өлкөлөр эки эсе күчтүү сокку алышты.  Бул – коронавирус, мунайзатка, газга болгон нарктын төмөндөшү. Өнөктөштөрүбүз экономиканы 2-3 айга жасалма токтотууга аргасыз болушту, бул бизден сатып алууларга болгон талап азайды дегенди билдирет, андыктан кирешебиздин кайсы бир бөлүгүн жоготобуз. Буга дейре биз орточо эсеп менен 500 миллион долларлык товар экспорттоп келгенбиз”, - дейт Элдар Абакиров.

Ал белгилегендей, учурда бюджетке 37 миллиард сом кем түштү. Бирок бул жеткен чеги эмес. Ушул ыргакта кетчү болсок өкмөт жана эл белин бекем бууганга туура келет. Бирок ар бир акыбалдын чыгуу жолу бар. Мурдагы орун басардын айтымында кризистен чыгуунун кандай варианты тандалбасын баары бир бир аз кыйынчылык коштойт.

“Мен абалдан чыгуунун бир нече ыкмасын сунуштайт элем. Биринчиси, антикризистик фонд түзүп, ага максималдуу түрдө каражат тартуу зарыл. Мисалы, Евразия өнүктүрүү фонду, насыялар жана гранттарды ашепке колдонууну токтотуу керек. Аз дегенде 500 миллион, колдон келсе миллиард долларга чейин камдоо туура. Андан соң жаңы кырдаалда өз ишкерчилигин өстүрүп кете алчу ишкерлерди таап, бул каражаттарды аларга жеңилдетилген түрдө берип, жумушчу орундарын түзүп, салык төлөп, ишин илгерилетип кетүүсүнө көмөктөшүү зарыл. Мындан улам Кыргызстандын экономикасы калыптанат. Ал эми ишкерлер жана инвесторлордун көбөйүшү үчүн максималдуу дерегулирование керектелет. Башкача айтканда лицензияларды, уруксат берүүчү документтерди азайтып, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, укук коргоо жаатына реформа жасоо акыбалдан чыгуунун шартын оңойлотот”, - деп белгиледи мурдагы орун басар.

Ал учурда өкмөттүн башкы милдети – ишкерчиликти өркүндөтүү жана андан мамлекетке пайда алуу экенин кошумчалады.

“Өкмөт кабыл алган биринчи жана экинчи чаралар сезилген жок, алар абдан алсыз болуп чыкты. Бирок акыркы күндөрү насыялык каникул болоору айтылууда, анда насыялардын төлөө мөөнөтү карантиндеги убактысы нөл пайыз менен узартылат экен. Менимче, мына ушул нерсе бир топ олуттуу болду. Карантин убагындагы салыктар тууралуу атсам, менин көз карашымда ишкерлерге мүлккө жана жерге болгон салыкты жокко чыгарып коюу керек. Бизнеси токтоп турса эмненин эсебинен төлөмөк эле? Жогоруда айтканымдай азыр башкысы каражат булагын таап, ушул абалда жыгылбай кармалууга, ал турмак өркүндөп-өсүүгө дарамети жеткен ишкерлерге көмөк көрсөтүү зарыл”, - деди ал.

 Ал эми айыл чарба жаатына карантиндик режим анчалык терс таасирин тийгизген жок. Өкмөттүн маалыматына караганда жазгы талаа иштери өз убагында жүрдү. Фермердик чарбалар өз иштерин жүз пайызга аткарышты. Албетте, коронавирустун залалы дыйкандарга да бир катар кыйынчылык тартуулады, бирок соңу жакшы аяктады.

 Чүй облусундагы ири фермердик чарбанын жетекчиси Василий Дударев бул тууралуу мындай деди:

“Ооба, кыйынчылык коштоду бирок биз элди азык-түлүк менен камсыз кылуудагы жоопкерчилигибизди билебиз. Бул жылга көп максат койдук. Биздин чарба кант кызылчасын өндүрүүгө басым жасады. Арпа, буудай эгилген аянтты да азайткан жокпуз. Бардык техникалар өз убагында даяр болуп, жазгы талаа иштерин кечикпестен аткардык. Андыктан баарыбыз биргеликте кризисти жеңебиз деп үмүт кылам”.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев талаа иштерин өз көзү менен көрүп кеткен. Ошол учурда өкмөт башчы кандай кыйынчылык болбосун талаа иштери токтобой турганын белгилеген.

“Биз баарыбыз өлкөбүз коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө кыйын кырдаалга туш келгенине күбө болдук. Саламаттыкты сактоо жаатынын алсыздыгына кошул-ташыо азык-түлүк коопсуздугубузга да коркунуч жаралды. Ошондуктан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген биринчи күндөн тартып жазгы талаа иштерин сапаттуу аткарууга болгон шарттарды түзүүгө тапшырма бергем”, - деген өкмөт башчы. Короо – жайына жашылча-жемиш эгүүнү каалаган тургундар көчөт алууда кыйынчылыкка туш болгону менен фермердик чарбалар мындай көрүнүштөн айланып өткөнүн да кошумчалай кетели.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөттүн антикризистик программасына бир жааттуу баа берүүгө эрте деп эсептейт.

“Өкмөттүн планын жакшы же жаман деп айтуу болбойт. Азырынча биринчи этабын гана жарыялашты, калганы профессионалдуу көз карашта болуп, экономиканы башкарууга жол табат деп ишенебиз. Өкмөт башчы жана президент экономиканы колдоого мүмкүн болгон жана болбогон аракеттерди жасап жатышат. Менин сунушум – бюджеттин кирешелер планы 2019-жылдын деңгээлинде калышы керек, андан 18 миллион сомду кемитүү менен бюджеттин туруктуулугун сактоого болот”, - дейт депутат.

Жапаровдун пикиринде,  мигранттардын мекенине кайтпай турганы туура. Ошондой эле эл өкүлү кыргыз мигранттарын кризистен чыгарып кетүү сунушун да айтты.

“Бул акыбал да соңуна чыгат, мигранттар кайсы өлкөдө иштеп жатышкан болсо, ошондо кармалып турганы туура болчу. Абал жайгашканда кайрадан иштеп башташат. Тилекке каршы Кыргызстанда жумушсуздук күч. Бул жакка келишкени менен жумуш таап, иштеп кетүү кыйын. Мен өкмөткө сунуштайт элем, биринчи кезекте Россия менен сүйлөшүн 10 же 20 миллиард рубль насыяга алып, аны Сбербанкка салып, биздин жарандарыбыздын компактуу жашоосуна жумшоосу керек. Ал жакта кыргыздардын көбү соода менен алектенишет. Ири соода борборун куруп, кыргыз мигранттарын жумуш, маяна менен камсыздаса болот”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Кыргызстанга кайтып келген мигранттарга чакан жана орто ишкерчилигин түзүүгө көмөк көрсөтүү зарыл деп эсептейт. Бул үчүн биринчи насыя саясатын карап чыгуу керек. Учурдагы насыя саясаты коммерциялык негизде, пайызы көп жана кыска мөөнөткө берилет. Бул жарандарга оор болоору анык. Ошондуктан саясатты ипотекалык насыяларга бурганы туура. Ошондой эле агрардык тармакка басым жасап, кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү керектелет.  Кыргызстан пандемиядан башка өлкөлөргө караганда жоготууга аз учурайт. Анткени экспорттоонун сап башында турган эмес, болгон айыл чарба продукциялары башка өлкөлөргө жөнөтүлчү. Профессор бул жаатта өлкөбүздүн жарааты жеңилдигин белгиледи, айтымында айыл чарба продукциялары өзүбүзгө керек, аларды кайра иштетүүгө ишканаларын түзүү менен жумуш орундарын да пайда кылууга да болот.