Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам туристтик сезондун көрсөткүчтөрү 80 пайызга түшөт. Бул тууралуу буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирген.

Кыргызстанда туризмди сактоо үчүн кандай чаралар көрүлөт жана кризис эс алуунун акыларына кандай таасирин тийгизерин Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу Vesti.kg сайтына берген маегинде айтып берди.

Коронавирус пандемиясы Кыргызстандагы туризм тармагына кандай таасир тийгизди?

Туризм Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнөдө өтө олуттуу зыян тартты. Биздин өлкөдө бул тармак экономиканын эң аярлуу сектору болуп саналат. Азыр бардык мамлекеттик чек аралар жабык, эч ким кирип-чыккан жок. Буга байланыштуу биздин мамлекетке пландалган бардык туристтик сапарлар токтотулган.

Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун маалыматтарына ылайык, коронавирустун туризм тармагына тийгизген терс таасири дагы 2-3 жылга уланат. Андыктан, 2021-жылы биз 2019-жылдагы абалга кайра келебиз деп айтуу кыйын.

Пандемия аяктагандан кийин биз акырындан мурдагы агымыбызга кайтабыз деген үмүтүбүз чоң. Бирок, мындай божомолдорду айтуу да оор, анткени, башка өлкөлөрдө карантин биздикинен узагыраак болуп калышы мүмкүн.

Негизи, бизде турсезон дайыма апрелдин аягы-майдын башында башталат. Биз бул мезгилди, албетте жоготтук, июнда буюрса кадимки иш-аракеттерибизге кайтсак, бизге туристтерди жиберген чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз менен байланышып, күчөтүлгөн режимде иштешибиз керек. Бирок, алар да Кыргызстанга өз жарандарын жиберүүгө канчалык даяр болот, мунун бардыгын эске алуу зарыл.

Жок дегенде пандемияга чейин Кыргызстанга келүүгө ниеттенген коноктордун бир аз бөлүгү да болсо келип кетишине аракет кылабыз.

Маркетингге басым жасайбыз. Бирок, кандайча азырынча билбейбиз, анткени, биз катышкан бардык эл аралык көргөзмөлөр 2021-жылга жылдырылган.

Греция туристтерге «ден соолук паспортун» киргизүүнү пландап жатат. Башкача айтканда бул өлкөгө кирүүнүн алдында бардык туристтер COVID- 19га тест тапшырыш керек экен. Мындай маселе Кыргызстанда каралып жатабы?

Азырынча мындай маселе боло элек. Майдын аягына чейин биз иликтөөлөрдү жүргүзүп, антикризистик план даярдайбыз. Балким, коронавируска каршы күрөш боюнча Республикалык штаб, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка мамлекеттик органдар менен бирге туристтер жана дегеле чет элдик жарандар өлкөнүн аймагына кандайча кирип-чыгышаарынын алгоритмин иштеп чыгабыз.

Пандемиядан кийин туризмди кантип жандандырууну пландап жатасыздар?

Ички туризмге көбүрөөк басым жасайбыз го. Анткени, 2019-жылы кыргызстандыктар эс алуу максатында башка өлкөлөргө чыккан туристикалык кызматтардын импорту 350 миллион доллардак ашык каражатты түзгөн.

Албетте, коронавирус экономикалык кризиске алып келип, саякаттоого болгон суроо-талап азаят. Бирок, бул 350 миллион доллардын 30-40 пайызын карай турган болсок, ички туризмдин 100 миллион доллардын тегерегиндеги потенциалы бар десек болот.

Ички туризмди өнүктүрүү боюнча кандай пландарыңар бар?

Туроператорлор бул багытта иш алып барышат жана биз аларга ар тараптуу жардам көрсөткөнгө аракет кылабыз. Өлкө ичинде «түштүк-түндүк» чартердик каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү азыртадан жүргүзүп жатабыз..

Азыркы кризис бааларга кандай таасир этет? Ысык-Көлдө эс алуунун акысы кымбатташы мүмкүнбү?

Жок, анткени, бул базар мамилелерине каршы келет. Суроо-талап түшкөндө, сунуш өсүп, аны менен бирге баа арзандап, сапат жакшырыш керек. Менимче, турбизнес болушунча потенциалдуу кардарларын өзүнө тартканга аракет кылат. Мүмкүн тескерисинче баалар түшүшү да мүмкүн.

Кыргызстандагы турбизнестин өкүлдөрүнүн абалы кандай? Алар менен сүйлөшүү жүргүзүлдүбү?

Учурда аймактык сервис-провайдерлер туурасында сөз кылсак, бул боз үй лагерлери, конок үйлөрү, жылкыларды ижарага берген адамдар, кол өнөрчүлөр, сувенирдик дүкөндөр, айтор, бул тармактын көптөгөн өкүлдөрү жабыркады.

Алардын көбү чакан бизнеске кирет жана коммерциялык банктардан кредит алышат. Каражат түшпөсө кредиттерин төлөй алышпай турганын бир ооздон айтып жатышат.

Буга байланыштуу, пандемия башталгыча эле, үстүбүздөгү жылдын март айында биз өкмөт менен Улуттук банкка туристтик тармак менен алардын өкүлдөрүнө көңүл буруу боюнча маселе көтөргөнбүз. Кредиттердин мөөнөттөрүн узартууну суранганбыз.

Өкмөт бул маселени карап чыгууну коммерциялык банктарга сунуштады.

Булак: vesti.kg