- Гүлжигит мырза, коронавирус Кыргызстандын да жашоосун өзгөртүүдө. Эми карантинге чейинки жана карантинден кийинки мезгил деп салыштыруулар менен сүйлөп калаарыбызды айрым эксперттер айта баштады. Карантинден кийин жашообуз кандай багытта өзгөрүшү мүмкүн? Өкмөт карантиндин кесепеттерин жоюу үчүн эмнелерди кылышы керек?

   - Карантинден кийин элибиздин жашоосу кандай нукка өзгөрөөрү жалгыз Жаратканга гана маалым. Дүйнөдөгү акча ээлеринин кандай пландары болсо дагы, Жараткандын планы баарынан эң мыкты болоору шексиз. Биз, болгону, анча-мынча ачык жана тымызын маалыматтарга таянып, талдап, божомолубузду гана айта алабыз... Ар 10-15 жылда бир каржы кризиси болуп, анан каатчылыктан кийин экономиканы калыбына келтирүү аракеттери аркылуу дүйнө экономикасына багыт берип келишет. Быйылкы каатчылык, ансыз деле күтүлүп жаткан кризисти алдын алып, ансыз деле төрөлөйүн деп калган 9 айлык "бөбөктү" ийне сайып, бир канча күн мурда төрөтүп койгонго окшоп калды. Элдерди үйгө камагандан кийин валюталардын курстары өйдөлөп, ойноктоп, күйүүчү майлардын баалары төмөндөп, олку-солкудан запкы жегендер пикеттерге, митингдерге чыкпашы камсыздалды. Бир ок менен бир нече коён атылды. Чакан жана орто ишкерлик жапа чекти жана аларга компенсация карала элек. Атайын экономикалык программа жарыялана элек. Ситуативдик гана чаралар жарыяланып жатат. Ар бир кризистен мүмкүнчүлүк издөө жагын дагы карашыбыз керек. Эми, элибиз эле эмес, дүйнө эли дагы жашоодогу приоритеттерин дагы бир сыйра кайра карап чыгышса керек деген ойдомун. Ошенткендер алдыга жылышат. Биз, импорттун ордун толуктоого дагы бир сыйра муктаж экенибизди көрдүк. Импорттун ордун толуктап жатып, өндүрүштү өнүктүрө алабыз. Өндүрүш деген жаңы жумуш ордулары дегенди билдирет. Эмгек акысы боюнча өлкөбүзгө жасалып келген демпингге бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Иммигранттар өтө аз маянага иштешип, жарандарыбыздын жумуш ордуларын тартып келишкен. Ошол орундарга азыр чет өлкөдөн кайтып келген өзүбүздүн жарандарыбыз иштеши керек. Мамлекет муну жөнгө салууга тийиш. Учурдагы бийликтин колунан эмне келгенин, эмне келбегенин даана көрдүк. Мындан ары, элибиз социалдык-экономикалык жактан, саясий жактан, мамлекеттүүлүк жагынан жыйынтык чыгарып, ошого жараша сабак алып, эртеңки чечимдеринде колдонушу абдан маанилүү.

Мурдагы кризистерде чет өлкөлөрдөн ресурстарды алып туруу мүмкүнчүлүгү үзгүлтүккө учураган эмес эле. Азыр бул абал татаалдашты. Мигранттарыбыздан келген акчалар “экономикалык абийирибизди” жаап турчу, азыр бул жагдай дагы өзгөрдү. Демек, экономиканын түзүлүшүн кайрадан карап чыгып, так бир программа менен иштешибиз зарыл. Карантинден кийин экономиканы калыбына келтирүү жана кесепеттерди жоюу жылдын аягына чейин созулушу ыктымал. Эгерде компетенттүү кадрлар иштеп чыккан мыкты программа жарыяланбаса, кийинки жылга дагы созулуп кетиши мүмкүн. Ар бир үй-бүлө жуурканына жараша бутун созуп, мүмкүнчүлүктөргө жараша жашаганды үйрөнүшү керек. Мамлекетибиз жана элибиз ысырапкерчиликтен оолак болуп, азык-түлүк коопсуздугуна жана натуралдык экономикага дагы ык коюшу зарыл. Протекционизм биринчи планга чыгышы зарыл.

Элибиздин көптөн бери кризистен башы чыкпай жашап келгени кризиске каршы иммунитетибиз иштелип чыкты деп айтууга негиз берет. Комфортко ашыкча көнүп алган өлкөлөргө кыйын болот. Ички ресурстарыбызды түгөлдөп, ага ээ болууга акыл-эс менен, ынтымак менен, чечкиндүүлүк менен барсак, адашпайбыз. Үмүттү үзбөйлү. Туура саясий чечим чыгаруунун үстүндө катуу иштешибиз керек. Мындан ары эч нерсе кечээкидей болбой турганын ар бир жараныбыз түшүнүшү керек...

- Баса, премьер-министр кызматтан кетет, арыз жазды деген маалыматарды фейк деген сайын Акылбек Жапаров байма-бай премьер-министр болууга даяр экенин айтып, коңгуроо кагып  жатат го?...

- Кыргыз саясатында өтө примитивдүү бир жагдай бар. Ал “кайсы жердин кадрын чоң кызматтан алсаң, кайра ошол эле жердин башка кулунун чоң кызматка дайында!”- деген эреже. Мунун мисалдарын көрүп эле келе жатпайбызбы. Жерлигине карабастан, басып өткөн жолуна жана компетенциясына карашыбыз керек! Тагыраагы, “Оо, элдин байлыгын уурдап, байып алыптыр! Элди мыкты тоноо тажрыйбасы бар экен! Ушуну кызматка дайындайлы!”- деген эреже эскирди.

- Өткөндө доллар акча алмаштыруучу жайлардын айынан кымбаттап жатат. Аларды жабыш керек”- дегендер чыккан. Эмнеге алар иштебесе деле 1 доллар 80 сомго чукулдап атат?

- Кыргызстанда коммерциялык банктардын, микрокредиттик уюмдардын чыныгы ээлери кимдер экенин, жетекчилери кимдер экенин анализдеп чыккандан кийин бул маселенин жообун табасыздар. Акча алмаштыруучу жайлардын ээлери карапайым элдин ичинен чыккандар…  

Көмүскө экономикасы 50-65% деңгээлде болгон өлкөлөрдө чукул түрдө баарын көзөмөлгө алуу жагымсыз жыйынтыкка алып келиши ыктымал. Өлкө көмүскө экономиканы азайтам десе, бажыдагы системаны ачык жана тунук жүргүзүүдөн башташы керек. Таза кирген буюмду көмүскөдө сатуунун муктаждыгы болбой калат. Бул жерде тыгыз байланыш бар! Тагыраагы, курстун өйдө-ылдый болушун акча алмаштыруучу жайга шылтоо Улуттук Банктын жөнгө салуу жөндөмсүздүгүн моюнга ачык эле алуусу деп дагы түшүнсөк болот. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары системаны толук түшүнбөй эле, бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдарды айдактама жол менен, анализи жок эле кабыл алып келгенин көрүп жатпайбызбы?

- Эгер акча алмаштыруучу жайлар жабылса,  акчалар башка жолдор менен сыртка чыгып кетпейби?

- Коммерциялык банктар гана акча алмаштырып калса, көмүскөдөгү акчалар сыртка качат. Же бул сектор өзү көмүскөгө кетет. Чыныгы максат баарын ачыкка чыгаруу болсо, анда ал логикалык этап менен ишке ашуусу зарыл. Өлкөгө кирген буюм таптаза жол менен кирсе, баары ачык жол менен эле төлөй баштайт. Накталай акчага болгон муктаждык азаят. Бажыда декларация болуп жатканда башка бааны көрсөтүп, ошонун негизинде аз салык төлөп, анан калган наркын көмүскөдөгү накталай акча менен төлөө улантыла берсе, көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгаруу кыйын болот. Накталай акчага, демек, акча алмаштыруу жайларына болгон муктаждык азайбайт бул темп менен кете берсе. Баары бири-бирине көз каранды.

Маектешкен

Арина Рысбаева