Компаниянын расмий сайтында маалымдалгандай, пайыздык чендер 2018-жылдын 1-ноябрына чейин берилген бардык ипотекалык насыялар боюнча 8-10%дан 7-9%га чейин төмөндөйт (баштапкы төгүмдүн көлөмүнө жараша).

Ошондой эле «Жеке турак жай куруу» механизми боюнча берилген насыялардын пайыздык чендери да жылдык 8-12%дан жылдык 7-11% чейин төмөндөтүлөт (11% курулуш жүргүзүп жаткан учурда).

Ипотекалык насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү - турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуучу чараларынын бири болуп саналат. Мамлекеттик ипотекалык компания зайымчылардын насыялык жүктөмүн жеңилдетүү боюнча бир топ иш-чараларды өткөрүп келет.
Буга чейин, 2019-жылдын 1-ноябрынан тарта МИК тарабынан жаңыдан берилип жаткан насыялардын пайыздык чендери жылдык 7-9%дан жылдык 6-8% төмөндөтүлгөн.

КР Өкмөтүнүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын алкагында биринчи ипотекалык насыялар жылдык 12-14% чендер менен берилген. Акыркы төрт жыл аралыгында КР Өкмөтүнүн колдоосу менен Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык насыялардын пайыздык чендерин 6 пайыздык пунктка төмөндөтүүгө жетишти.

Учурда МИК ипотекалык насыялоо процессин ачык айкындуулугун камсыздоо максатында комплекстүү иш-чаларды жүргүзүүдө.

Булак: Кабар