Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасын колдоо жана калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттерди жумшоо зарыл экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө ишканалардын дээрлик бардыгына чоң күч келүүдө. Кыйын кырдаалга карабастан биздин ишканалардын кризистик абалдан чыгуусуна жардам беришибиз керек. Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте кырдаалды дыкат талдап, насыяны кайтарып берүү шарттарын өзгөртүү боюнча комплекстүү чараларды көрөт. Бул негизги суммага жана пайыздык төлөмдөргө тийиштүү. Биз ата мекендик ишканалардын кудуретсиз абалга келишине жол бербешибиз керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы түзүлгөн кырдаал экономиканын түзүмүн өзгөртүү зарылчылыгына алып келерин белгиледи.

«Биз импорттон дээрлик көз карандысыз кылуубуз керек, өзгөчө азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүн. Импортту алмаштыруу - бул эң туура багыт. Бизде керектүү товарларды өзүбүз өндүрө турган жолду баштоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул татаал процессте Кыргыз-Россия Өнүктүрүү Фонду бизге жардам берет, ал үчүн атайын жеңилдетилген программа иштелип чыгат», - белгиледи Премьер-министр.

Белгилей кетсек, Кризиске каршы планга ылайык төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- КРдин Улуттук банкына калк арасында банктык тейлөөнү аралыктан жүргүзүүнүн артыкчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштоо;

- КРдин Улуттук банкына экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн банк тутумун сомдун өтүмдүүлүгүнүн зарыл деңгээли менен камсыз кылуу максатында насыялык аукцион өткөрүү сунушун киргизүү;

- КРдин Улуттук банкына 2022-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө коммерциялык банктарга жана коммерциялык эмес уюмдарга карата пруденциалдык талаптарды жеңилдетүүнү сунуштоо;

- Коммерциялык банктар менен чакан жана орто бизнести колдоо линиясы боюнча КР Өкмөтү жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлорду кошуу менен 3 айдан кем эмес мөөнөткө насыялар боюнча негизги суммалар жана пайыздарды узартуу, реструктуризациялоо тууралуу иш алып баруу;

- Элдин массалык түрдө чогулуусун алдын алуу максатында 2020-жылдын 1-июлуна чейин акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу;

- Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосунда ата мекендик ташуучуларга 20 пайыз өлчөмүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө ченемди («Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгү) бекитүү;

- Ата мекендик ташуучуларга, өндүрүүчүлөргө жана жалданма компанияларга аракеттешүү максатында аткарууга ӨК/ӨА режимдерин киргизүү таасир берген мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишимдердин мөөнөттөрүн тууралоо;

- КР экономикасындагы тармактарды жеңилдетилген шартта насыялоо үчүн РФнын эмитенттери баалуу кагаздарында жайгаштырылган Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу;

- Насыялык ресурстарга максималдуу түрдө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү;

- Коронавирус инфекциясынын таралышына жана өзгөчө кырдаалдар/өзгөчө абал жарыялангандыгына байланыштуу олуттуу жабыр тарткан бизнести колдоо фондун биргеликте түзүү боюнча өнөктөштөр менен иш алып баруу.

Булак: Кабар