Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөр жана кайтарымсыз каражаттарды чегерүү жолу менен ачылган Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 2020-жылдын 25-марты (саат 17.00) 35 млн 293 миң 891 сом келип түштү.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44 кишиге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Булак: Кабар