Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев кээ бир азык-түлүктөрдүн баасынын кымбатташынын себебин бүгүн, 13-мартта Бишкектеги маалымат жыйында айтып берди. Анын айтымында, ундун баасынын кымбатташы Казакстан тараптагы буудайдын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу. 2019-жылы коңшу өлкөдө түшүм аз болгону байкалган.
«Ал эми кумшекердин баасынын көтөрүлүшү бул — сезондук фактор. Базарларда баалардын олуттуу өзгөргөнү байкала элек. Эгерде 10-12 азык-түлүктүн баасы кымбаттай турган болсо, биз 90 күнгө чейин бааларга чектөө киргизип турабыз», - деди ал.
Ошондой эле Шамшиев азык-түлүктөрдүн запасы жетиштүү, дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок экенин билдирди.
Булак: Баракелде