Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Казакстанда АИ 92 бензини 28 сом, Кыргызстанда – 39,3 сом, Россида – 44,8 сом, Тажикстанда – 56,3 сом, Өзбекстанда – 52,6 сом, Беларуста – 53,2 сом, Арменияда 32,9 сом турат.

Дизель майы Казакстанда – 27,6 сом, Кыргызстанда – 44,3 сом, Россияда – 49,4 сом, Тажикстанда – 57,7 сом, Өзбекстанда – 58,4 сом, Беларуста – 56,3 сом, Арменияда 65,9 сом турат (баалар Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелди).

"Глобалпетролпрайсиз (GlobalPetrolPrices.com) сайтындагы рейтинг боюнча Кыргызстан бензиндин баасы боюнча 181-өлкөнүн ичинен 22-орунда турат. Ошол эле учурда бул рейтингде көрсөтүлгөндөй, Кыргызстан импортко көз каранды мамлекеттердин ичинен күйүүчү майдын арзандыгы боюнча биринчи орунда турат. Бензиндин арзандыгы боюнча алдыңкы 20 орунда турган өлкөлөр мунай өндүрүп, экспорттошот. Алардын катарында Венесуэла, Сауд Арабиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Катар, БАЭ, Иран, Казакстан, Нигерия ж.б. мамлекеттер бар", - деп айтылат маалыматта.

Булак: Кабар