2019-жылы мамлекетке 3 млрд. 489 млн. 607 миң сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул 2018-жылкы көрсөткүчкө караганда 1,2 млрд. сомго көп. Мурдагы жылы мамлекеттик казына 2 млрд. 245 млн. 152 миң сомго зыян тарткан.

2019-жылы мамлекеттик казынага 1 млрд. 308 млн. 296 миң сом кайтарылган. Жалпысынан өткөн жылы 491 млн. 705 миң сомдук мүлк камакка коюлган.

Булак: elgezit.kg