Ошол эле мезгилде тийешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кылмыштын бул түрү менен “алектенип”, өлкө бюджетине зыян кылгандарга каршы күрөш тынбай жүрүп келүүдө. 

Расмий маалыматка таянсак, 2019-жылы экономикалык кылмыштардан улам мамлекеттин бюджетине 6 млрд. 706,9 млн. сом зыян келтирилиптир. Бул 2018-жылдагыга караганда 475,1 млн. сомго көп дегенди билдирет. 
Келтирилген зыяндардын ордуларын толтуруу багытында да иштер жүрүп атат. Айтсак, 5 млрд. 323,9 млн. сом калыбына келтирип, өлкө бюджетине кайтарылган. Бул албетте, коррупциялык “желген” акчалар кайра “кустурулууда” дегендик. 


Булак: “Майдан-пресс”