Анын жүрүшүндө быйыл шаардык бюджеттен капиталдык курулуш, жолдор башкармалыгына көбүрөөк акча бөлүнүп жатканы белгилүү болду.
2020-жылдын бюджеттик угуусуна Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Шаардык бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Акбарали Батыров калаанын казынасы тууралуу маалымат берди.
«2020-жылы бюджеттин кирешеси 2019-жылга салыштырмалуу 117,3 пайызга өскөн. Тактап айтканда 194 млн 979 миң сомго көбөйгөн. Ошондо 2020-жылдагы бюджеттин жалпы суммасы 1 млрд 322 млн 613 миң сомду түздү. Анын ичинен салыктан 1 млрд 146 млн 224 миң сом (86,7 пайыз) чогулду. Салыктан башка киреше — 93 млн 600 миң сомду, бюджеттик мекемелерден түшкөн киреше — 82 млн 789 миң сомду түздү», - деди А.Батыров.
Быйыл коргонуу тармагына 5 млн 562 миң сом, турак-жай жана коммуналдык чарба тармагына 425 млн 686 миң сом бөлүү каралып жатканы белгилүү болду. Ошондой эле Ош шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатына 76 млн 895 миң сом, «Ошсвет» ишканасына 57 млн 35 миң 200 сом, Жарандарды тейлөө борборуна 6 млн 114 миң 300 сом, Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери департаментине 3 млн 868 миң 800 сом, Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына 10 млн 320 миң сом, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына 62 млн 152 миң 200 сом, Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгына 201 млн сом, «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына 8 млн 300 миң (республикалык бюджеттин эсебинен берилген ссуданы төлөөгө) сом бөлүнгөн.
Бирок коомдук угуудагы сунуштар эске алынып шаардык мекме-ишканаларга бөлүнгөн каражаттын суммасы өзгөрүшү мүмкүн. Эми Ош шаарынын 2020-жылга сунушталган бюджети Ош шаардык кеңешинин сессиясында каралат.
«Бюджеттик угуунун негизги максаты — калаанын бюджети кайсы тармакка бөлүнүп жатканы жөнүндө сунуштарды билүү. Быйыл мэриянын субсидиясына көбүрөөк акча бөлүүгө аракет кылдык. Анткени анын эсебинен эл көп кабаттуу үйлөрдү оңдоп, айланасын иретке келтирип алат экен. Ошондой эле маданият тармагына көбүрөөк көңүл бурулуп жатат», - деди Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов.
Булак: Turmush.kg