Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанга акча которуунун саны 2018-жылга салыштырмалуу 287,4 миллион долларга кыскарганын Улуттук банк кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бул маалымат жеке адамдардын атайын система аркылуу акча которууларына гана тийиштүү.
2019-жылдын январынан баштап ноябрына чейин бул көрсөткүч 2 миллиард 192 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2018-жылдын ошол эле мезгилинде өлкөгө 2 миллиард 479,4 миллион доллар которулган.

Акчанын басымдуу бөлүгү Россиядан жиберилип, ал 2 миллиард 479,4 миллион долларды түзсө, экинчи орунда 28 миллион доллар менен АКШ турат.

sputnik.kg