Нарын облусунун Ат-Башы районуна индустриялык-соода-логистикалык борбордун курулушу 2020-жылдын апрель айында башталат. Бул тууралуу "Ат-Башы" кыргыз-кытай эркин соода аймагы" ЖЧКсынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, логистикалык борборго жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда.

"Апрель айында кар кетери менен курулуштун биринчи этабы башталат. Анда 5 миң чарчы метрлик жерге сегиз кабаттуу имарат салынат. Мейманкана, административдик корпус ошол имаратта болмокчу. Курулуштун биринчи этабына жалаң Ат-Башынын 1000ге чукул тургуну тартылат. Учурда акимчилик анда иштей турган адамдардын тизмесин түзө баштады", — деди Абдыкадыров.

Инвесторлорго 200 гектар жердин 176 гектары индустриялык-соода-логистикалык борбор курууга берилген. Ал эми 24 гектарга бажы-логистикалык борбору салына турганын Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев кошумчалады. Бүгүнкү күндө инвесторлор жердин ижара акысы үчүн 43 миллион сом бергени маалым болду. Логистикалык борбор толугу менен сегиз жыл ичинде салынып бүтөрү айтылды.


sputnik.kg