Бирок керек болуп калат деп бир аз тыйын топтоп, ыңгайы келсе көбөйтүү керектигин көпчүлүк түшүнөт. Акчаны көбөйтүүнүн бир нече жолу бар, кезектеги макала дал ушулар тууралуу.

Топтогон тыйынды жаздык алдында же байпакка катып сактаган жакшы деген да пикир бар. Бир жагынан бул ишенимдүү жол, бирок инфляция байпакты кыйла жукартып кое турганын унуткарбоо кажет.

Бир казына таап алдыңызбы, таякеңиз тартуу кылдыбы, айтор, 100 миң сом топтодуңуз дейли.

Келиңиздер, бир аз эселентип алуу үчүн кандай жолдор бар экенин, канчалык кирешелүү жана кандай тобокелдиктери бар экенин карап чыгалы.

Алтын жана монеталар
2015-жылдан бери Улуттук банк кыргызстандыктарды акчасын алтын түрүндө сактай билиши үчүн сатыкка алтын куймаларын чыгарууда. Куймалардын 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы баш-аягы алты түрү бар. Ушуга чейин 220 килограммдан ашуун баалуу металл сатылган.

Өлкөнүн башкы банкы алтын куймаларын сатып гана тим болбостон, жарандардан кайра сатып да алат. Сатуу жана сатып алууда баа күн сайын алмашып, Баалуу металлдар рыногунун лондондук ассоциациясынын андан мурунку күнкү фиксингине жараша коюлат.


Финансы министрлиги январда 1,3 млрд. сомдук баалуу кагаз чыгарат
Баанын өйдө-ылдый болушунан деле дурус акча табууга болот. Маселен, 2015-жылдан тарта бир грамм салмактагы куйма алтындын баасы 1,2 миң сомго чейин же 30 пайызга өстү. Демек, Улуттук банктан куйма алтын сатып алып, кийин кайра өзүнө сатып ушунча пайда табууга болот. Ал эми эң чоң салмактагы, тагыраак, 100 граммдык куймадан бул жылдар аралыгында 117 миң сом же 50 пайыз киреше алууга болмок.
Былтыр алтын куймаларынын баасы айрыкча өскөн. Бул тажрыйба мындай алтын куймалары келечекте акча сактоо гана эмес, анын санын арттыруунун бир жолу экенин айгинеледи. Бирок баары баалуу металлга болгон дүйнөлүк баага жараша. Башкача айтканда, дүйнөлүк рынокто алтын баасы төмөндөп кетсе, жогорулаганча күткүчө же акчага зарылып турсаңыз, арзан түшсө да сатууга туура келет.

Инвестициялоонун башка бир варианты — коллекциялык монеталар, адатта булар жез-никель, чанда күмүш жана өтө сейрек алтындан куюлат. Бир нече жыл мурун Улуттук банк жез-никель монетасынын бир түрүн 350 сомго саткан, сатык аягына чыккандан көп күн өтпөй, ошол эле монета колдо 500 сомдон кем эмес баада сатылган.

Кемчиликтеринин бири — эгер дароо акча керек болсо, жакшы баада сатып үлгүрө аларыңыз арсар. Бирок коллекционерлер үчүн мындай монеталар өтө кызык.

Баалуу кагаздар
Кыргызстанда жеке да, мамлекеттик да баалуу кагаздар чыгарылат. Ар бирин өзүнчө талдап чыгалы.

Финансы министрлиги кыргызстандыктардын орточо маянасын жарыялады
Мамлекеттик баалуу кагаздар — казыналык векселдер (бир жылга чейинки мезгилге 4-5 пайыз кирешеси менен) жана кирешеси 6 пайыздан 11 пайызга чейинки 2 жылдан 10 жылга дейре айлантылчу казыналык облигациялар. Жеке тараптар банк аркылуу гана сатып ала алышат.
Жеке баалуу кагаздар биринчи кезекте облигация жана акцияларга бөлүнөт. Облигациялар белгилүү бир мөөнөткө бекитилген пайыз (ал дароо жазылат) менен чыгарылат. Үстөгү ар кыл, 15 пайыз менен да, 22 пайыздыгын да табууга болот.

Ал эми акциялардын кирешелүүлүгү ишкананын каржылык ийгиликтерине жараша аныкталат. Ошол себептен сатып алуудан мурун бардык шарттарын карап, ошондой эле компаниялардын отчетторун, беделин жана каржылык абалын талдоо зарыл. Андан тышкары, брокерлер менен да кеңешип иш кылыңыз.

Банктагы аманат
Эсиңиздерге дароо сала кетели, аманат (депозит) жана эсеп — бул эки башка нерсе. Эгер эсебиңизде акча сактасаңыз, сизге пайыз чегерилбейт, бирок каалаган убагыңызда алсаңыз болот. Аманат сиз тандаган мөөнөткө салынат, пайызы төлөмдөрү боюнча төлөнөт. Бирок мөөнөтүнөн эрте алгыңыз келсе, келишимди жокко чыгарган соң гана акчаңыз колуңузга тиет. Буга бир топ убакыт талап кылынат.

Адатта аманаттык эсепке адамдар эки себеп менен: пайызы топтолгон акчаны инфляцияга жедирбеш үчүн жана акчаны болор-болбос нерсеге сарптап жибербеш үчүн акча салат.

Негизи салымдар сом же доллар түрүндө салынат. Доллар менен салынганда пайыз төмөн болот. Мисалы, бир жылга банкка улуттук валютада 9-9,5 пайыз менен салсаңыз, доллар түрүндө 2,5-3 пайыз гана болот.

Эске салсак, мамлекет 200 миң сомго чейинки салымдарга кепил болот.

Мал багуу

Бир жылда алтындын баасы канча өзгөргөн. Кыргызстанда андан акча жасаса болобу?
Айрым жарандар жаз алды менен жаш мал сатып алып, жайлоодогу чабандарга төлөп бактырышат. Ысык-Көлдөгү фермерлер ой бөлүшкөндөй, жазында музоону 25-30 миң сомго сатып алып, күзүндө орточо 40 миң сомго сатууга болот. Чабандын акысы айына 250 сомду түзөт, демек, күздө мал жакшы сатылса, ортодо жакшы пайда түшөт.
Бирок тегеректеги уурулар менен карышкырларды унутпоо керек. Ошондуктан мындай салымдын тобокелдиктерин алдын алуу үчүн эң оболу ишенимдүү чабан тапканыңыз оң.

Бүтүм
Кандай болгон шартта да акчаны бир жакка салууну чечсеңиз, анда рынокту, бардык шарттарын жана башка параметрлерин тыкыр изилдөөңүз абзел. Бул багыттагы адистердин кеңешин да тыңдооңуз керек, ошондо тобокелдиктерди болушунча азайтып, киреше алууга болот.

sputnik.kg