Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы (Финпол) мамлекеттик бюджетке 143 миллион сомдук чыгымдын ордун толтуртуп берди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат катчылыгынан кабарлашты.

Аталган кызмат 8-январь күнү "Ц." ЖЧКсына карата салыкты жашырып коюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшүн ишке ашырды.

Жыйынтыгында ишкана жергиликтүү финансы органы аркылуу мамлекеттик бюджетке 93 миллион 283 миң сом төлөп берди. Ал эми Бирдиктүү депозиттик эсепке 50 миллион сом төктү.

sputnik.kg