Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

 

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстандын ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайыз деӊгээлинде болду. Экономиканын анык өсүшү дагы 3,5 пайызды түздү. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча керектөөчү баалардын индекси мурдагы жылдын декабрына карата 0,5 пайызды түзгөн.

 

Ал эми республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 135 млрд 504 млн сомго жетти же ал планга карата 95,7 пайызга аткарылган. «Отчеттук мезгил аралыгында республикалык бюджеттин салык кирешелеринин көлөмү 103 млрд 736 млн сомду түздү же планга карата 96,1 пайызга аткарылды. Ал эми салыктык эмес кирешелер 22 млрд 551 млн сомду түзгөн же ал планга карата 98,9 пайызга аткарылды.

 

Андан тышкары, республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдары 122 млрд 140 млн сомду түзгөнү же ал планга карата 95,2 пайызга аткарылганы белгилүү болду. Ал эми мамлекеттик бюжет 6 млрд 188 млн сом тартыштык менен аткарылган, анын ичинде: республикалык бюджет – 6 млрд 453 млн сом, жергиликтүү бюджет – 264 млн сом профцит.

 

Андан тышкары, 2018-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайызды түзгөнү, ошол эле учурда, пландагы салыктык көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,5 млрд сом, бажыдан 1,8 млрд сом түшүп калган. Анткени, өткөн жылы бажы алымы 14 пайызга, ал эми салыктык киреше 7 пайызга өскөн. Бул ички дүӊ өнүмдүн өсүшүнө караганда кыйла жогору.