Каржы министрлигинин маалыматына караганда сентябрдын жыйынтыгы менен ар бир кыргызстандык 692,8 доллар карызга ээ. Бул мамлекеттин тышкы карызын кыргызстандыктарга чачканда келип чыккан сумма.

 

Ушул жылдын 30-сентябрында мамлеттик тышкы жана ички карыз 4 миллиард 503,5 миллион долларга – бул демек 313 миллиард 911,48 миллион сомго жетти. Анын 3 миллиард 772,19 миллион доллары тышкы, ал эми 731, 31 миллион доллары ички карызга кирет.

 

Бир айдын ичинде мамлекеттик карыз 34, 28 миллион долларга өскөн. Анда сырткы карыз 10,28 миллион долларга, ал эми ички карыз 23,99 миллион долларга өскөнүн айтылат.

 

Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. Ал – 1 миллиард 710, 96 миллион доллар, өлкөнүн жалпы тышкы карызынын 45, 4 пайызы. Бир айда көрсөткүч 12, 85 миллион долларга көбөйгөн.

 

Кыргызстандын учурда 6,5 миллион калкы бар. Тышкы карызды бөлгөндө ар бирине 692,8 доллар туура келет.