Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жалган ишкердик кылуу белгилери бар же жалган ишкер катары таанылган, ошондой эле ишкердик жүргүзүүдө жалган ишкердик же салык төлөбөө тобокелчиликтеринин белгилери болжолдонгон субъекттер менен экономикалык өз ара мамилелери бар  чарбалык субъекттерди туруктуу негизде текшерип турат. 

Алсак, Салык кызматы жыл башынан бери салык милдеттенмелери боюнча дал келбестиктери аныкталган, жалган ишкердик кылуу белгилери бар бир катар субъекттерди текшерген.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 112,3 млн сом суммасында салык кошумча эсептелген, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 52,7 млн сомго көп же өсүү ыргагы 188,6%ды түзөт.

Кошумча эсептелген суммадан бюджетке 17,7 млн сом түшкөн, анын ичинен 4,6 млн сом акча каражаттары менен. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу накталай акча каражаттары менен жоюу 3,4 млн сомго же 4 эсеге көп.

Белгилей кетсек, Салык кызматы салыктык текшерүүлөрдү/ кайра текшерүүлөрдү жүргүзүп келет, анын ичинде сот органдарынын чечими менен жалган ишкердик деп таанылган айрым субъекттердин мурда негизсиз чегерүүгө алынган КНСин жокко чыгарат