Депутат Мирлан Жээнчороев бюджеттин теӊдөөчү грант боюнча каржылоосу жети облуска адилетсиз бөлүштүрүлүп жатканын сынга алып, ага акыркы үч жылдагы статистикалык маалыматтарды келтирди.

 

Белгилей кетсек  Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

 

Депутат Бакыт Төрөбаев 2019-жылга карата салыктан 6 млрд түшпөй калганынына токтолду. Ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБдеги мүчөлүгүнүн алкагындагы мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга чакырды. Анын айтымында, аталган бирлик Вьетнам, Сингапур, Иран менен эркин соода мамилелерин өнүктүрүүгө киришти. Бирок бул тууралуу бюджет боюнча берилген баяндамада эч кандай маалымат айтылбаганын белгилеген депутат Кыргызстан бирликтин жаӊы өнөктөштөрү менен атаандаштыкка даяр болушу зарылдыгын кошумчалады.

 

Депутат Нурбек Алимбеков жайыттарды инвентаризациялоого 2020-жылдын бюджетине канча каражат каралганын тактап берүүнү талап кылып, инвентаризациялоо иштери бүтсө мөмө-жемиш айдоо боюнча чоӊ саамалык башталаарын айтты. Мындай пикирди улаган депутат Мирлан Бакиров өлкө аймагынан дары чөптөр - эндемикалык өсүмдүктөр экспортко чыгып кетип жатканын эскертип, тиешелүү кызмат адамдарында жоопкерчилик жок болуп жатканына нааразычылыгын билдирди.