Ошол эле учурда, пландагы салыктык көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,5 млрд сом, бажыдан 1,8 млрд сом түшүп калды. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊеште 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

 

Каржы министри адатта Салык кызматы менен Бажы кызматына жогорулатылган план берилерин белгиледи. «Мисалы, өткөн жылы бажы алымы 14 пайызга, ал эми салыктык киреше 7 пайызга өскөн. Быйыл дагы салык көлөмү 10 пайызга чейин өсөт деп турабыз. Бул ички дүӊ өнүмдүн өсүшүнө караганда кыйла жогору», - деди ал.

 

2018-жылы айрым айрым тармактар боюнча бюджеттик план аткарылбай калган. Мисалы, түз инвестиция тартуу планы 76 пайызга гана аткарылганы, бул маселе Өкмөттүн жыйынында каралып, бир катар министрликтер менен мекемелерге тийиштүү чаралар көрүлгөнү белгилүү болду.