2018-жылы мамлекеттик тышкы жана ички карыздарды тейлөөгө 23 млрд сом жумшалган. Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн 9 млрд сомдук кошумча баалуу кагаздар чыгарылган. Ал каражат кайра эле ички карыздарга келип түшөт. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын башчысы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊеште 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.  

 

«Биз Өкмөткө баалуу кагаздар боюнча банктар менен эле эмес, калктын калыӊ катмары менен да иштешүү сунушун бергенбиз. Ошондой эле, мыйзамда бекитилген айрым бир сандардын жыл аягында өзгөрүп калышы да жакшы нерсе эмес. Мисалы, мурда бекитилген капиталдык салымдардын өлчөмү жыл аягында өзгөрүп калган. Биз муну жыл сайын айтып келатабыз, бирок аткарылган жок», - деди Улукбек Марипов.

 

Андан тышкары, Эсептөө палатасынын башчысы текшерүү жыйынтыгында Өкмөткө республикалык бюджетинин аткарылышында кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча бир катар сунуштамалар берилгенин, аларды жыл аягына чейин жоюу зарылдыгын билдирди.